Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 21-майындагы № 18/8 токтому

Админ
Автору Админ May 29, 2019 10:21

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  сегизинчи  сессиясы

                                      Т О К Т ОМ

         Аксы  райондук  сотуна  имарат  куруу  үчүн  жер  аянтын 
                                   бөлүп  берүү  жөнүндө

Аксы  райондук  сотуна  имарат  куруу  үчүн  жер  аянтын  бөлүп  берүү 
жөнүндө  Кербен  шаарынын  мэриясынын  2019-жылдын 13-майындагы
№ 3-34/327  кайрылуусун  жана  шаардык  Кеӊештин  жер  жана  агрардык 
маселелер  боюнча  туруктуу   комиссиясынын  2019-жылдын  20-майындагы
№ 11 токтомун  «КР  ЖӨБ  органдары  жөнүндө»  Мыйзамынын
31-беренесинин  биринчи  пунктуна  негиз, карап   жана  талкуулап  чыгып,
Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги
он  сегизинчи   сессиясы

                                 Т О К Т О М       К Ы Л А Т:

1.КР  Жогорку  Сотуна  караштуу  сот  департаментинин  Жалал-Абад  областтык
башкармалыгына  Аксы  райондук  соту  үчүн  имарат  курууга  Кербен  шаарынын
МДС  конушунан 2000,0 м2 жер  аянтын  бөлүп  берүүгө  макулдук  берилсин.

2.Бөлүнүп  берилген  жер  аянтында  кошумча  түрдө  автотоктоочу  жайлар  каралсын.

3.Кербен  шаарынын   мэриясына, бардык  керектелүүчү  укуктук  документтер
КР  мыйзамдарынын  талаптарына  ылайык  жүргүзүү  жагы  тапшырылсын.

  1. Бул токтом мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад
    областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  2. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин
    күчүнө   кирет.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  суу  ресурстары, муниципалдык
    мүлк  жана  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын
    төрагасы   Ы.Сарыевге  жүктөлсүн.


                               
                                     Кербен   шаардык
                                     Кеӊешинин   төрагасы:                               Н.Шадыбеков


Кербен  шаары, 21.05.2019-ж. № 18/8


Админ
Автору Админ May 29, 2019 10:21