Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 21-майындагы № 18/6 токтому

Админ
Автору Админ May 29, 2019 10:59

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  сегизинчи  сессиясы

                                                 Т О К Т О М

         Кербен  шаарынын  коомдук  алдын  алуу  борборунун  (КААБ)
                                                   
жобосу  жөнүндө

Кербен  шааарынын  мэринин  06.05.2019-жылдагы  № 3-34/305 сандуу
сунушун  комиссия  мүчөлөрүнө  тааныштырды.

Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  27.10.2015-жылдагы  №747  токтомуна
негиз  коомдук  алдын  алуу  борборлорду  уюштуруу  белгиленген.  Токтомго
ылайык, Кербен  шаарында  коомдук  алдын  алуу  борбору  уюштурулган.
Ошондой  эле  коомдук  алдын  алуу  борборунун  Кеӊешинин  мүчөлөрүнүн
курамы  шаардык  Кеӊештин  сессиясында  бекитилүүгө тийиш. Кербен
шаарында  уюштурулган  коомдук  алдын  алуу  борбору  (КААБ) кылмыштуулуктун
алдын  алууда, тартипти  чыӊдоодо, жаштарды  тарбиялоодо  ролу  зор.

Кербен  шаарынын  мэриясы  жана  шаардык  Кеӊештин  мыйзамдуулук  боюнча
туруктуу  комиссиясы 14.05.2019-ж.  № 33 токтому  менен Кербен  шаарынын
коомдук  алдын  алуу  борборунун  жобосу  жана  Кеӊештин  мүчөлөрүнүн  курамын
бекитүү  жагы  сессияга  сунушталган.

«КР  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  жөнүндө” Мыйзамынын
31-беренесинин  1-пунктуна  негиз, жогорудагы  маселени  карап  жана  талкуулап
чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII чакырылышынын  кезектеги
он  сегизинчи  сессиясы

                                          ТОКТОМ   КЫЛАТ :

1.Кербен  шаарынын  коомдук  алдын  алуу  борборунун  жобосу  жана  Кеӊешинин
мүчөлөрүнүн  курамы  бекитилсин  (№ 1-2 тиркемелер  тиркелет).
2.Коомдук  алдын  алуу  борборунун  Кеӊешинин  мүчөлөрүнө  ЖОБОну  жетекчиликке
алуу  жагы  сунушталсын.
3.Бул токтом мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин
күчүнө   кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, мыйзамдуулук, регламент
жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрайымы
М.Камбаровага  жүктөлсүн.


                        Кербен   шаардык 
                       Кеӊешинин   төрагасы:                         Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 21.05.2019-ж.  № 18/6

Тиркеме № 1

Кербен  шаардык Кеңешинин
2019-жылдын  21-майындагы
№18/6 токтому  менен  бекитилген

Кербен   шаарынын  коомдук  алдын  алуу  борбору 
                                     жɵнүндɵ

                                       ЖОБО

  1. Жалпы жоболор
  1. Кербен шаарынын коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КААБ) – жергиликтүү
    өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн
    административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген
    айрым участоктордун, калктуу конуштардын  тиешелүү аймактарында  укук
    бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен
    жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик
    аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
  2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:

– мамлекеттик тилде: Кербен  шаарынын “Коомдук алдын алуу борбору”
коомдук   бирикмеси.

– расмий тилде: Общественное объединение “Общественно-профилактический
центр” города  Кербен

Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:

–         мамлекеттик тилде: “КААБ” КБ”.

– расмий тилде: “ОО “ОПЦ”.

  1. КААБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын
    алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын
    укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына,
    ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда
    белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул
    Уставга ылайык ишке ашырат.
  2. КААБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик
    органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара
    аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
  3. КААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат,  мамлекеттик жана расмий
    тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.
  4. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги:   Жалал-Абад областы,
    Аксы району,Кербен шаарынын  мэриясы, Ниязалы  кɵчɵсү , № 7.

7.КААБдын туруктуу иш алып баруучу органынын – Кеңешинин юридикалык дареги

Кербен  шаарынын борборунда  Уметалиев, Ниязалы  кɵчɵсүнүн  кесилишинде.

  1. Кербен шаарынын КААБнун максаттары  жана милдеттери
  1. КААБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун,
    шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө
    карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин  мыйзам бузуулардын
    алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү
    жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга
    багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
  2. КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

– жалпы алдын-алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук
жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда  мыйзам
бузууларга жол бербөө);

– жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана
коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);

– түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы  мамилесинин
фактыларына жол бербөө);

– эрте алдын алуу  (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы
аракеттердин жасалышына жол бербөө).

  1. КААБдын милдеттери  өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

– мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды
жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу
жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу
кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;

– мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу
аракеттерин көрүү;

– мыйзам бузуулардын  алдын алууга багытталган алдын алуучу
чараларды көрүү;

– мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам
бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;

– укуктук билимдерди пропагандалоо;

– жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга
катышуу;

– тиешелүү шаардын, айылдык аймактын жана тиешелүү шаардын, айыл
аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын
аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;

– мыйзам  бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик
укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого,  тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;

– мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча   сунуштарды,
сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн
катышуусун активдештирүү;

– өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү,
мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу  (нейтралдаштыруу),
жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул
багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды
иштеп чыгуу.

  1. КААБдын  иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам
    бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан  алдын
    алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
  1. Кербен шаарынынКААБнун  укуктары жана милдеттери 
  1. КААБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

– өзүнүн иши жөнүндө  маалыматтарды эркин жайылтууга;

– мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КААБдын мүчөлөрүнүн
мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;

– өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча
демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго
сунуштарды киргизүүгө;

– мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан,
коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты
жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;

– өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын
жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин
өкүлдөрүн чакырууга;

– зарыл болгон учурда  өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга,
семинарларга КААБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга
жиберүүгө;

– тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык
түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;

– мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө,
КААБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;

– жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте  Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды
жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга,
гранттарды жана башка  трансферттерди, анын ичинде  чет өлкөлүк уюмдардан жана
мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу  маселелери боюнча
программалардын  ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.

  1. КААБ төмөнкүлөргө милдеттүү:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар
эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана  ченемдерин,
ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган
ченемдерди сактоого;

– дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун,
жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын
координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу
боюнча өз иши жөнүндө  отчет берүүгө;

– мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары – ИИО)
маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;

– коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча  КААБдын
жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен
документтерди берүүгө;

– жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына  өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;

– тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген
мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;

– жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
сайты аркылуу коомчулукка КААБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;

– КААБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.

  1. Кербен шаарынынКААБнун мүчөлөрүнүн укуктары  жана милдеттери
  1. КААБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана
    (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
  2. Ошол шаарда, айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген,
    18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары,
    жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери,
    ИИОнун жана эмгектин ардагерлери,  аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар
    кеңешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын,
    окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары,
    кварталдык, турак-жай комитеттеринин,  кондоминиумдардын төрагалары  жана
    өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин
    ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КААБдын мүчөлөрү боло алышат.
  3. КААБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат.
    Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын
    мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
  4. КААБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди  аткарышат.
  5. КААБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

–     жалпы чогулуштарга катышууга;

–     КААБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана
шайланууга;

–     КААБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча    сунуштарды киргизүүгө;

–     КААБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;

–     КААБ тарабынан  өткөрүлүүчү  иш-чараларга катышууга.

  1. КААБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

– КААБдын Уставын сактоого;

– КААБдын ишине катышууга;

– КААБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;

–    КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.

  1. КААБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:

– жеке арызынын негизинде;

– КААБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын  мүчөлүгүнөн
чыгаруу;

– КААБдын мүчөсү каза болгондо;

– КААБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга
жөндөмсүз болгондо;

– КАБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

  1. КААБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

– ушул Уставдын талаптарын бузганда;

– жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды
жасаганда;

–  КААБдын  ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.

  1. Кербен шаарынынКААБдын  жетектөөчү органдары жана алар
    тарабынан каралуучу маселелер
  2. КААБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
  3. Жалпы чогулуш  эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн
    биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин ___ дан ашуун мүчөсү
    болгон учурда  ___ мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
  4. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт:

– Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

– КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн
пайдалануу тартиби;

– коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда
башкача белгиленбесе);

– башкаруу органдарын түзүү тартиби;

– иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;

– башка юридикалык жактардын ишине  катышуу;

– кайра уюштуруу жана жоюу;

– башка маселелер.

  1. КААБ жалпы чогулуштун жыйындарын  өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө
    сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
  2. КААБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден
    кем эмес жолу чогулат.
  3. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КААБдын Кеңеши
    (мындан ары – Кеңеш) саналат, ал КААБдын жалпы чогулушуна жана
    ЖӨБОго отчет берип турат.
  4. Кеңештин курамы ЖӨБдүн аткаруучу органынын сунушу боюнча
    жергиликтүү кеңештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.
  5. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын
    жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу
    органынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери
    боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо
    органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун,
    КААБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.
  6. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу
    менен кабыл алынат.
  7. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр  кирет:

– төраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;

– мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү
жана ишке ашыруу;

– Кеңештин пландарын  жана иш-чараларын бекитүү;

– ЖӨБОнун жана КААБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган
милдеттерди ишке ашыруу;

– КААБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КААБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;

– мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин  жана башка социалдык көйгөйлөрдү
чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч
каттарын киргизүү;

– Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары
менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.

  1. Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңешке Кеңештин төрагасы,
    ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
  2. КААБдын Кеңешинин төрагасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:

– КААБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;

– баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КААБдын
атынан ишеним катсыз чыгуу;

– келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;

– банктарда эсептерди ачуу жана КААБдын каражаттарын тескөө;

– КААБдын жалпы чогулушунун, Кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген
башка ыйгарым укуктар.

  1. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы
    ишке ашырат.
  2. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча
    Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка
    маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана
    секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кеңештин мүчөлөрү
    жетекчилик кылышат.
  3. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт.
    Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
  4. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда  Кеңештин
    төрагасынын орун басары алып барат.
  5. Кеңештин жыйыны эгерде,  ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан
    кем эмеси катышса укуктуу  деп саналат.
  6. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк
    добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин
    төрагасы же болбосо  жыйынга төрагалык кылган адам кол коёт .
  7. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери,
    сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары,
    коммунактивдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.

 

  1. Кербен шаарынын КААБун  кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле
    анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү тартиби

 

  1. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына   өзгөртүүлөрдү
    жана толуктоолорду киргизүү  КААБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо
    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана
    тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
  2. КААБды кайра уюштуруу жана  жоюу, ошондой эле анын Уставына   өзгөртүүлөрдү
    жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан
    КААБдын мүчөлөрүнүн 2/3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
  3. КААБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда
    белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган
    учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
  4. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү
    жазуулар киргизилген учурдан тартып  КААБ өз ишин токтотту деп саналат.
  1. Мыйзамдарды бузгандыгы  үчүн жоопкерчилик
  1. Мыйзамдарды бузган учурда КААБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз
    Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

  2. Ревизиялык-контролдоочу органы
  1. КААБдын финансылык жана чарбалык ишин КААБдын жалпы чогулушу менен

2 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.

  1. КААБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат
    ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.
  2. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.
  3. КААБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор)
    өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
  1. Кербен шаарынын КААБнун финансылык, чарбалык иши  жана мүлкү
  1. КААБдын иши төмөнкү булактардан каржыланат:

– жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;

– юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;

– гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;

– кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан
тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого,
    анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым
    маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды
    финансылык камсыздоо каражаттарын же  булактарын аныктоо жана өткөрүп
    берүү менен КААБга өткөрүп  берүүгө укуктуу.
  2. Мыйзам  бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды
    өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим
    тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү
    өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
  3. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин  жана
    уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КААБды
    материалдык  жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.
  4. КААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз
    Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КААБдын ыкчам
    башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

 

Кербен  шаардык  Кеңешинин
жооптуу  катчсы:                                      Д.Алиев

 

Тиркеме № 2 

Кербен  шаардык Кеңешинин
2019-жылдын  21-майындагы
№18/6 токтому  менен  бекитилген

Кербен  шаарынын  коомдук  алдын  алуу бороборунун  Кеңешинин

                                                           К У Р А М Ы

Аты  жɵнү Ээлеген  кызматы Байланыш телефону
1 Кудайбердиев  Улан Вице – мэр 0778101046
2 Камбарова  Мухабат Шаардык  Кеңештин депутаты 0779900784
3 Айдарбеков  Бакытбек Мэриянын юристи 0778757157
4 Жумабаев  Жакшыбек Аксакалдар  сотунун тɵрагасы 0773754329
5 Сатаев  Эркинбек Ардагерлер Кеңешинин тɵрагасы 0772184333
6 Турдалиева  Роза Аялдар  Кеңешинин  тɵрайымы 0777116202
7 Абдыкаар  уулу  Нурлан Жаштар  уюмунун тɵрагасы 0773106726
8 Асанов  Азамат Ак-Дɵбɵ  айылынын айыл  башчысы 0773861164
9 Тɵрɵбеков  Кадыржан Курулуш  Айылынын  айыл  башчысы 0777672377
10 Парпиев  Бакыт Дɵң-Кыштак айылынын айыл  башчысы 0773737387
11 Абылкасымов  Бегалы Жетиген айылынын айыл  башчысы 0778393969
12 Артыкбаев Эдил Беш-Коргон айылынын айыл  башчысы 0773646434
13 Надыров Уланбек Күлүк-Дɵбɵ айылынын айыл  башчысы 0501150451
14 Нышанов Шухрат Мамай Устукан айылынын айыл  башчысы 0778491334
15 Темиралиев  Нуралы Аксы РИИБ ЖИИнын аймактык  тескɵɵчүсү 0775440068
16 ϴскɵнбаев  Марат Аксы РИИБ ЖИИнын аймактык  тескɵɵчүсү 0775440068
17 Таштанов  Шермырза Аксы РИИБ милициянын аймактык ыйгарымдуу ɵкүлү 0779260093
18 Чоюбеков  Марат Аксы РИИБ милициянын аймактык ыйгарымдуу ɵкүлү 0779306882
19 Жыргалбек  уулу Акжол Аксы РИИБ милициянын аймактык ыйгарымдуу ɵкүлү 0775363684
20 Карабаев  Данияр Аксы РИИБ милициянын аймактык ыйгарымдуу ɵкүлү 0777424232
21 Наркулова  Айнура Ден  соолукту  чыңдоо  кабинетинин  башчысы 0773610237
22 Козукеев  Замир Коомдук  бирикменин  башчсы 0778410855
23 Абдыкалыков  Мырзабек Аксы  районунун  имамы 0771040900

 

            Кербен  шаардык  Кеңешинин 
            жооптуу  катчысы:                                            Д.Алиев

 












 

Админ
Автору Админ May 29, 2019 10:59