Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 21-майындагы № 18/3 токтому

Админ
Автору Админ May 29, 2019 11:22

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  сегизинчи  сессиясы

                                    Т О К Т О М

Кербен  шаарынын  мэриясына  лизингке  «ХОВО»  автомашинасын
сатып  алууга  макулдук  берүү  жөнүндө

Кербен  шаарынын  мэриясы 23.04.2019-жылдагы  № 3-34/275 сандуу
кайрылуусунда  Кербен  шаарынын  көчөлөрүн, жолдорун  калыбына  келтирүүдө,
муниципалдык  обьектилерди  кышка  даярдоодо   көмүр, отун  материалдарын
ташып  келүүдө  мэрияга  кыйынчылыктар   болуп   жаткандыгын   билдирген
жана  Кербен  шаарынын  муниципалдык  менчигине  6 (алты)  жылдык  мөөнөт
менен  «Айыл  банк» ААКсынан  лизинге  41000,0  АКШ  долларына  «ХОВО»
үлгүсүндөгү   автомашинасын  кредитке  алуу, ошондой  эле  алдын  ала  төлөнүүчү
1100,0  миӊ  сом  өздүк   салымы  үчүн  2019-жылдын  бюджетинин  чыгаша  бөлүгүндө
каралган  чыгымдардын  эсебинен  жүргүзүүгө  макулдук  берүү  боюнча  өтүнүч
келтирген  жана  бул  маселе  Кербен  шаардык  Кеӊешинин  финансы, бюджет
боюнча  туруктуу  комиссиясында  каралып, 26.04.2019-ж. № 59 токтому
кабыл  алынган.

“КР  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  жөнүндө”
Мыйзамынын  31-беренесинин  биринчи  пунктуна  негиз, жогорудагы
маселени  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  сегизинчи  сессиясы

                                       Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаарынын   мэриясына  «Айыл  Банк»  ААКсынан  6 (алты) жылдык
мөөнөт  менен  41,0 (кырк  бир)  миӊ  АКШ  доллар  баасында  1 (бир) даана
«ХОВО»  үлгүсүндөгү  автомашинасын   муниципалдык  менчикке  лизинг
шарты  менен  кредитке   алууга   макулдук   берилсин.

2.Кербен  шаарынын  мэриясына   алдын  ала  төлөм  үчүн  керектелүүчү
1100,0 миӊ  сом  2019-жылдын  бюджетинин  чыгашасында  каралган  № 3111
«Имараттар  жана  курулуш» беренесиндеги  каражаттан  чыгымдоого  уруксат
берилсин  жана  шаардын  бюджетине  өзгөртүү, толуктоо   киргизүү  боюнча
сунушун  берсин.

3.Бул токтом мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө
кирет.

5.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча
туруктуу  комиссиянын  төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

 

Кербен   шаардык
Кеӊешинин   төрагасы:                                          Н.Шадыбеков


Кербен  шаары, 21.05.2019-ж. № 18/3













 

Админ
Автору Админ May 29, 2019 11:22