Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 21-майындагы № 18/1 токтому

Админ
Автору Админ May 29, 2019 12:50

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  сегизинчи  сессиясы

                                        Т О К Т О М

2018 -жылга  Кербен   шаарынын  социалдык -экономикалык   жактан
өнүктүрүү   иш  чарасынын  аткарылышы  жана  Кербен  шаардык
Кеӊешинин  токтомдорунун  мэрия  тарабынан  турмушка  ашырылышы
тууралуу  Кербен  шаарынын  мэринин  отчёту  жөнүндө 

Кербен  шаардык  Кеӊешинин  кезектеги  сессиясы  белгилейт:

Кербен  шаарынын  мэри  Нарматалы  Мамбеталиевич  2018-жылга  кабыл  алынган социалдык – экономикалык  өнүгүү  иш  чараларын  жана  бюджеттин  чыгаша  бөлүгүнүн  аткарылышын  камсыз кылууда   бир  топ иш  аракеттерди  жүргүздү. Шаар  жашоочулары  тарабынан  кайрылган  суроо  талаптарды  канаттандыруунун  үстүнөн  эмгектенди.

2018-жылы  Кербен  шаарына  миллиондогон  инвестициялар, Кербен  таза  суу  долбооруна  210,0 млн.сом, генплан  иштеп  чыгууга-5,0 млн.сом, айлампа  жолго-561,0 миӊ  сом  тартылды. Бирок  ийгиликтер  менен  кошо  көптөгөн  кемчилдиктер  да  орун  алган.

Бюджеттин  киреше  булактарын  жогорулатуу   максатында   айыл  чарба  жана  айыл чарба   багытында  эмес жердин , мүлктөрдүн  реестирлери  ушул  күнгө чейин такталган  жок. Адистердин  квалификациялык  билим  денгээлдери  төмөн. Өз  милдеттерин  аткарууга  кайдыгерлик  менен  мамиле  жасашат. Мэрияда  пайдаланган  электр энергиялардын  учёту  так  эмес  жана  электроэнергиянын  чыгымы  жылдан  жылга  жогорулоодо.

Буюм  жана  кызмат  сатып  алуу   процесстеринде  мыйзам  бузуу  фактылары  орун  алган.  Ж.Бѳкѳмбаев атындагы  орто мектебинин  жылытуу  системасынын эски -батерея  түтүктѳрү  мыйзамсыз  сатылып  кеткен жана  бюджетке  кириштелген эмес. Кербен «Таза- Суу» ишканасынын  инвентаризациясында  жердин , мүлктүн баалары  так  болбогондуктан  ар  кандай  талап  тоноочулукка  жол  берилген. Шаардык  Кенештин  токтомдорун  аткаруу   маселеси  начар  жолго  коюлган. Ушул  убакка  чейин  түрдүү  шылтоолор  менен  мэрияга  берилген  бир  топ  сессиянын  токтомдору  аткаруусуз  калып  кетти. Же  автотоктоочу  жайлар  уюшулбаган, инерттик  жүктөрдүн  үстү  шалчалар  менен  жабылбай  ташылат, ж.у.с. көчөлөрдүн  жамак  иштери  эки  жылдан  бери  болбостон, шаардын   көркү   кетүүдө.

Шаардын  бюджеттик  киреше булактарын  көбөйтүү  багытында  жана  баалуу  жер  аянттарына  аукцион  ѳткѳрүүдѳ , кемчилдиктерге жол берилген  жана  келишимдер  сапатсыз тузулгѳн .

Курулган   курулуштар  сапатсыз бүткөрүлгөн. Келишимдик  негизде  жалданган технадзорлор  жана  курулуш  боюнча  адис өз  милдеттерин  так  аткарбаган. Курулуштарга  көзөмөл  жүргүзүшпөгөн. Өткөрүлгөн  тендерлерде  кемчилдиктерге  жол  берилген  учурлар   кездешет. Же  болбосо  “Барпы”  каналы  ремонттон  өткөндүгүн  карабастан  ушул  күнгө  чейин  суу  берилбейт, куюлган  бетондор  жарылып  кеткен. “Алтын  балалык”  бала  бакчасындагы  кошумча  жумуштарга  ПСД  түзүлбөстөн  жумуш  жүргөн. Социалдык-экономикалык  иш  чарада  айрым  иштерге  эки  жолудан  чыгымдоо  учурлары  кездешет.

Депутаттык  суроо  талаптарды   өз убагында  аткарууну  жетекчиликке  албаган, кабыл алган  токтомдордун  аткарылышын ,өз  мезгилинде  камсыз кылбаган   мамлекеттик  кызматкерлерге  чара  көрүү  практикасы  жок.

“КР  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  жөнүндө”  Мыйзамынын  31-беренесинин  экинчи  пунктуна  ылайык,  жогорудагы  маселени  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын  кезектеги он  сегизинчи  сессиясы

                                                       ТОКТОМ   КЫЛАТ :

1.2018 -жылга  Кербен   шаарынын  социалдык -экономикалык   жактан  өнүктүрүү   иш  чарасынын  аткарылышы  жана  Кербен  шаардык  Кеӊешинин  токтомдорунун  мэрия  тарабынан  турмушка  ашырылышы  тууралуу Кербен  шаарынын   мэри  Н.Эсеналиевтин  отчёту кемчилдиктерин  белгилөө  менен  канаттандыраарлык   деп  табылсын.

2.Мэриянын адистеринин  квалификациялык  деңгээли  төмөн  экендиги  кайрадан  белгиленип, тиешелүү  чараларды  көрүү  жагы  Н.Эсеналиевге  тапшырылсын.

3.Сессияда  кабыл  алган  токтомдорду , депутаттык  суроо  талаптарды  өз  мөөнөтүндө   аткарбаган   адистердин  кызмат  абалын  кароо  жагы  сунушталсын.

4.КР мыйзамдарына  негиз,  финансалык  кемчилдиктерге  жол  берилгендиги  үчүн . Кербен  шаарынын  тарыхын  жазууга  мыйзамсыз  которулган  165,0 мин , жарым  жартылай  келген  темир  тосмо  үчүн  383.0 мин  сом  жана  башка  каражаттарды  артка  кайтаруу, ошондой  эле  шаардык  Кеӊештин  2018-жылга  чейин  кабыл  алынган  токтомдорун  турмушка  ашырууну  25.05.2019-жылга   чейин  жүргүзүү   жагы  шаардын  мэрине  милдеттендирилсин.

5.Кербен шаарынын мэриясы,“Барпы” каналынын  ремонт  иштерин  куруучулардын  эсебинен  аткартып,  суу  берсин  жана  аткарылган  иштердин   жыйынтыгы  боюнча  2019-жылдын  жарым  жылдыгында  отчёт  берсин.

6.Кербен  шаарынын  мэри  чегараны  тактоо , айлампа  жол  куруу  боюнча  жогорку  органдарга   кайрылуу   даярдасын   жана  туруктуу   комиссиялардын  депутаттары  менен  биргеликте  тиешелүү  министрликтерге  барып  маселе  койсун.

7.Бул токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык
юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

8.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

9.Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу
комиссиянын  төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

 

Кербен   шаардык
Кеӊешинин   төрагасы:                                          Н.Шадыбеков


Кербен  шаары, 21.05.2019-ж. № 18/1


 

Админ
Автору Админ May 29, 2019 12:50