Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 30-августундагы 19/7 токтому

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:15

              Аксы   районунун   Кербен   шаардык Кенешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  он  тогузунчу  сессиясы

                                                      Т О К Т О М

Кербен шаардыкКеңешинин депутаты  Н.Султамуратовдун депутаттык   ыйгарым   укуктарын   мөөнөтүнөн   мурда токтотуу   жөнүндө

       «Кыргызстан»  саясий  партиясынын  тизмеси  менен  шайланган  Кербен  шаардык  Кеңешинин  депутаты Султамуратов  Нурдиндин  депутаттык  ыйгарым  укугун  мөөнөтүнөн  мурда  токтотуу  жөнүндө  жазган  арызын  канааттандыруу   максатында, «Жергиликтүү  Кеңештердин  депутаттарынын  статусу  жөнүндө» КР  Мыйзамынын 3-беренесине  жана  Кербен  шаардык  Кеңешинин  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 2019-жылдын  29-августундагы  №37 токтомуна  негиз  маселени  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин  VII-чакырылышынын  кезексиз   он  тогузунчу   сессиясы

                                          ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1. «Кыргызстан» саясий   партиясынын  тизмеси  менен  шайланган  Кербен  шаардык  Кеңешинин  депутаты  Н.Султамуратовдун  депутаттык  ыйгарым  укуктарын   мөөнөтүнөн  мурда  токтотууга  макулдук  берилсин.

2.Бул  токтом  Аксы  аймактык  шайлоо  комиссиясынын   кароосуна  жөнөтүлсүн  жана  кезектеги  талапкерге  депутаттык  мандат  ыйгарып  берүү  жагы  сунушталсын.

3.Токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция башкармалыгына  жөнөтүлсүн  жана «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында   жарыялансын.               

4.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу комиссиянын  төрайымы  М.Камбаровага  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кенешинин   төрагасы :                                     Н.Шадыбеков

Кербен ш. 30.09.2019-ж.

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:15