Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 30-августундагы №9/6 токтому

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:19

     Аксы   районунун   Кербен   шаардык  Кенешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  он  тогузунчу  сессиясы

                                                                    Т О К Т ОМ

Аксы  райондук  сотунун  өкүмүнүн  негизинде  Кербен  шаарынын  мэриясына  кайтарылып  жаткан  жер  аянттарын  баланска  алуу  жөнүндө

           Кербен  шаардык  Кенешинин  сессиясы  белгилейт:     Кербен  шаарынын  Жардуу-Колот  участкасындагы  № 2202-контрундагы 1,54га, Токтогул паркынын  күн  чыгыш(Шадыбеков-Чолпонбай  көчөлөрүнүн кесилиши) тарабындагы  0,0055га,Аксы  райондук  социалдык  коргоо  башкармалыгынын  дүкөн  курууга  берилген  0,012га  жер  аянттарын  муниципалдык  менчикке  алуу  жөнүндө  Кербен  шаарынын  мэринин 21.06.2019-жылдагы  № 3-34/424 сандуу  кайрылуусуна,  Аксы  райондук  прокуратурасынын  19.06.2019-жылдагы  № 11/1-5-708-19 сунушуна, Жалал-Абад  областынын  сотунун 16.10.2018-жылдын  Иш№АД-443/18 МД  чечимине  ылайык,  Кербен  шаарынын  жогоруда  аталган  жер  тилкелери  мыйзамсыз  турак-жай  салуу  үчүн  жеке  атуулдарга  берилип кеткендиги  аныкталган   жер тилкелери  Кербен  шаарынын  муниципалдык  менчигине   кайтарылууга  жатары  жана  сессияда  кароо  жагы   сунушталган.           “КР  ЖӨБ  органдары   жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине негиз,жогорудагы  маселени карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын  кезексиз  он  тогузунчу  сессиясы

                                               Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1. Кербен  шаарынын  Жардуу-Колот  участкасынын  № 2202-контрундагы 1,54га, Токтогул  паркынын  күн  чыгыш(Шадыбеков-Чолпонбай  көчөлөрүнүн кесилиши) тарабындагы  0,0055га,Аксы  райондук  социалдык  коргоо  башкармалыгынын  дүкөн  курууга  берилген  0,012га  жер  аянттары  муниципалдык  менчикке  алынсын.

2.Жер  аянтын  муниципалдык  менчикке  кабыл  алуу  жагын   КР  мыйзамдарына  ылайык  жүргүзүү  жана  жер балансына тиешелүү  өзгөртүүлөрдү  киргизүү   Кербен   шаарынын  мэри  Н.Эсеналиевге  милдеттендирилсин.

3.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

5. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  суу  ресурстары, муниципалдык  мүлк  жана  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасы  Ы.Сарыевге  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                                          Н.Шадыбеков

Кербен ш. 30.09.2019-ж.

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:19