Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 30-августундагы №19/5 токтому

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:23

                          Аксы   районунун  Кенешинин   VII чакырылышынын  кезексиз  он  тогузунчу  сессиясы

                                                        Т О К Т ОМ

       Кербен  шаарынын  Жетиген  айылынын   тургуну, КР эл  аралык класстагы спортунун  чебери  Акмырзаев Асхат Кожомкуловичке “Кербен   шаарынын   ардактуу  атуулу” наамын  берүү   жөнүндө

         Жетиген  айылынын  тургундарынын   элдик жыйынынын  Кербен  шаарынын тургуну  Акмырзаев Асхат Кожомкуловичке  “Кербен  шаарынын  ардактуу  атуулу” наамын  берүү   жөнүндө 14.07.2019-ж. токтомун  жана Кербен шаарынын  мэриясынын  15.07.2019-ж.№3-34/480 сунушун  карап  жана  талкуулап  чыгып,   “КР  ЖӨБ  органдары   жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине негиз,  Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын  кезексиз  он  тогузунчу  сессиясы

                                              ТОКТОМ    КЫЛАТ :         

1.Кербен  шаарынын  Жетиген  айылынын тургуну  Акмырзаев Асхат Кожомкуловичке “Кербен  шаарынын   ардактуу   атуулу”  наамы   берилсин.

2. Бул  токтом   мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн    Жалал-Абад   областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялангандан  кийин күчүнө  кирет.            

4. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча туруктуу  комиссиянын  төрайымы  М.Камбаровага  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин  төрагасы:                                    Н.Шадыбеков

Кербен ш. 2019-ж. №9/5

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:23