Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 30-августундагы №19/3 токтому
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
Т О К Т О М
Кербен шаарынын мэриясынын “Кербен суу-канал” муниципалдык ишканасына кредит алууга макулдук берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясына караштуу “Кербен суу-канал”муниципалдык ишканасынын директору М.Бактыяров Кербен шаарынын калкын жана мекеме-ишканаларын ичүүчү таза суу менен камсыздоо,ремонт иштерин жакшыртуу үчүн эксковатор сатып алууга 2000,0(эки миллион)миӊ сом кредит алуу үчүн 2019-жылдын 30-августундагы кезексиз сессияга макулдук сурап кайрылган.
“КР ЖӨБ органдары жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине негиз,жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кербен шаарынын мэриясынын “Кербен суу-канал”муниципалдык ишканасына 1(бир) даана эксковаторду муниципалдык менчикке сатып алуу үчүн кредит алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен ш. 30.09.2019-ж. №9/2