Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 20/5 токтому

Админ
Автору Админ November 18, 2019 09:19

     Аксы   районунун   Кербен   шаардык Кенешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырманчы  сессиясы

Т О К Т О М

Кербен шаарынын тургуну, Кыргыз Республикасынын айылчарбасына эмгек сиӊирген кызматкери Халбаев Жолчу Уразовичке“Кербен шаарынын  ардактуу атуулу”наамын берүү жөнүндө

         Кербен шаарынын тургуну, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиӊирген кызматкери Халбаев Жолчу Уразовичти  “Кербен   шаарынын   ардактуу  атуулу” наамына көрсөтүү   жөнүндө Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин   2019-жылдын  9-октябрындагы № 3-34/613  кайрылуусун, Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын  16.10.2019-жылдагы № 01-6/200, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелелри боюнча туруктуу комиссия-сынын 22.10.2019-жылдагы № 41 токтомдорун карап жана талкуулап чыгып Кербен   шаардык   Кенешинин VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырманчы  сессиясы

                                              ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарынын тургуну, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиӊирген кызматкери Халбаев Жолчу Уразовичке “Кербен   шаарынын   ардактуу  атуулу” наамы берилсин.
  2. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  3. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө    кирет.
  4.  Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага  жүктөлсүн.

                      Кербен   шаардык 

Кеӊешинин   төрагасы:                                    Н.Шадыбеков

Кербен ш. 12.11.2019-ж. № 20/5

Админ
Автору Админ November 18, 2019 09:19