Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 20/2 токтому

Админ
Автору Админ November 18, 2019 09:21

     Аксы   районунун   Кербен   шаардык Кенешинин VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырманчы  сессиясы

Т О К Т О М

2019-жылдагы Кербен  шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү иш-чараларына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү  жөнүндө

         Кербен  шаарынын   мэриясынын 29.10.2019-жылдагы № 3-34/653 сандуу кайрылуусунда  2019-жылдын бюджетинин алкагында социалдык-экономикалык иш чараларды аткарууда 3502,3 миӊ сом үнөмдөлгөндүгү жана  ал каражаттын эсебинен Кербен шаарынын борборуна светофорлорду орнотууга, Кербен суу-канал муниципалдык ишканасына алынуучу эксковатор үчүн алдын- ала төлөнүүчү салымына,  Уметалиев мектебинин залынын чатырын алмаштырууга каражат  бөлүп берүү сунушу келтирилген.

         Жогорудагы маселе боюнча Кербен шаардык Кеӊешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 29-октябрындагы № 64 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен   шаардык   Кенешинин VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырманчы  сессиясы

                                      Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

1. 2019-жылдагы Кербен  шаарынын социалдык-экономикалык  өнүгүү иш-чараларына  үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр  жана толуктоолор  киргизилип, аткарууга алынсын:

 -Кербен шаарынын  Ныязалы-Ленин жана Ныязалы-Уметалиев көчөлөрүнүн кесилишин эки комплект светофор менен камсыздоого  уруксат берилсин;

 -Кербен суу-канал муниципалдык ишканасына эксковатор сатып алууда өздүк салым үчүн 30%дык акча каражаты же 735 000,0 (жети жүз отуз беш миӊ) сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин жана кредитти кайтаруу  келишимге ылайык  ишкананын эсебинен аткаруу жагы белгиленсин;

 – Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин чатырын оӊдоп түзөө үчүн 171000,0 (бир жүз жетимиш бир миӊ)  сом бөлүнсүн.

2. А.Жоробеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин терезелерин алмаштыруу жана Күлүк-Дөбө айылындагы көрүстөндөргө баруучу жолдорду оӊдоо, ЦУМдун алдындагы тротуарды кайра калыбына келтирүү иш чарага киргизилип, үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен аткарылсын.

3.Кербен шаарынын мэриясы № 5 «Наристе» балдар бакчасын кошумча корпус сатып алуу боюнча комиссия түзсүн жана көз карандысыз баалоочулар аркылуу экспертизадан өткөрсүн,  бала бакчага кошумча имарат сатып алууга 2020-жылдын бюджетинин долбоорунда 1500,0 (бир миӊ беш жүз ) миӊ сом карасын.

4.Аксы РИИБине каражат бөлүү мыйзамдарга ылайык келбестиги белгиленсин жана жардам берүү боюнча башка булактарды издөө жагы Кербен шаардын мэрине билдирилсин.

5.2019-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү иш-чарасына жана бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу жана  Аксы РИИБинин кайрылуусуна мыйзам чегинде жооп берүү жагы Кербен шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Ыманбай у.Бакытка жүктөлсүн.

6. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

7. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

8. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын  төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык Кеӊешинин  төрагасы:                                Н.Шадыбеков

Кербен ш. 12.11.2019-ж. № 20/2

Админ
Автору Админ November 18, 2019 09:21