Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 20/1 токтому

Админ
Автору Админ November 18, 2019 09:22

     Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырманчы  сессиясы

                                                           Т О К Т О М

Кербен  шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлерин,мүлктөрүн  башкаруунун абалы жана алардын күз-кышмезгилине карата даярдыгы  жөнүндө

            Кербен шаарынын мэриясы муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча бир топ алгылыктуу иштерди аткарып жатат. 2019-жылы шаардын борборундагы Уметалиев, Ныязалы, Ленин, М.Эргешов атындагы көчөлөр асфальттанып, тротуарлар капиталдык ремонттон өтүп, жүргүнчүлөргө жагымдуу жагдай түзүлдү. Кербен шаарынын Чаӊгылов көчөсүндөгү коммерциялык 31 м2 жер аянтына аукцион өткөрүлүп, жыйынтыгында  ижара акы 12 эсеге көбөйгөн.

            Жогорудагы жетишкендиктерге карабастан айрым кемчиликтер орун  алган. Кербен шаарынын аймагындагы муниципалдык жер аянттарынын  реестрин түзүү аягына чыккан эмес.Кербен суу-канал муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилген жер аянттары   мамлекеттик каттоодон өткөн эмес. Кербен шаарынын Ныязалы көчөсүндөгү скверде жайгашкан боз үй улуттук  суусундук сатуу үчүн ижарага берилген, бирок бүгүнкү күндо багытын өзгөртүп жиберген.  Боз үйдү алдыруу боюнча чукул чараларды көрүү Кербен шаарынын мэриясына милдеттендирилгенине  карабастан, бул тапшырма аткарылбаган. Сары-Жайык участкасындагы 3400 (үч миӊ төрт жүз) га жер аянтын башка айыл өкмөттөр пайдаланышып келүүдө. Аны кайтарып алуу боюнча мэрия кечиктирилгис чараларды көрүүсү зарыл.

          “КР  ЖӨБ  органдары   жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине жана шаардык Кеӊешинин жер жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясынын 30.10.2019-жылдагы № 17 токтомуна негиз, жогорудагы  маселени карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын  кезектеги жыйырманчы  сессиясы

                                               Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

  1. Муниципалдык жерлерди башкаруу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча Кербен шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп эсептелсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясы:

-Муниципалдык жерлерди тактап,анын  реестрин түзүүнү аягына чыгарсын;

-Кербен суу-канал муниципалдык ишканасынын жер аянттарын жана мүлктөрүн  тактоо боюнча комиссия түзсүн жана мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

-Кербен шаарынын Ныязалы көчөсүндө жайгашкан боз үйдүн ээси А.Абдыкадыров менен түзүлгөн келишимди бузуу боюнча чукул чараларды көрсүн;

-Ч.Айтматов атындагы кинотеатрды өз багыты боюнча иштетүү жана Жетиген айылындагы жаӊы асфальт басылган тротуардын сапаты жөнүндө тиешелүү органдарга кайрылууларды жөнөтсүн;

-Ленин көчөсүндө инерттик материалдар менен турган жүк ташуучу машиналарды борбордук базардын аймагына которуу боюнча  иштерди уюштурсун;

-Кербен шаарынын борбордук бөлүгүн көрктөндүрүү боюнча конкурстар уюштурулсун жана Ныязалы көчөсүнүн Уметалиев, Ленин көчөлөрүнүн аралыгындагы бөлүгүнө товарларды  киргизүү үчүн кышкы мезгилде 18.00дөн, жайкы убакта 20.00дөн тосмону ачып  туруу жагы каралсын;

-Уметалиев, Ныязалы көчөлөрүнө автотоктоочу жайларды уюштурууну чукул арада аягына чыксын;

-Сары-Жайык участкасындагы 3400 (үч миӊ төрт жүз) га жер аянтын кайтарып алуу боюнча аракеттенсин.

3.  Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.  Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан  кийин күчүнө  кирет.

5.  Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  төраганын орун басары Ч.Мамытовго жана суу ресурстары, муниципалдык мүлк жана  агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Ы.Сарыевге жүктөлсүн.

    Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы:      Н.Шадыбеков

Кербен ш. 12.11.2019-ж. № 20/1

Админ
Автору Админ November 18, 2019 09:22