Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 18-декабрындагы № 21/3 токтому

Админ
Автору Админ December 23, 2019 09:37

Кербен   шаардык   Кенешинин   VII  чакырылышынын  кезексиз   жыйырма биринчи  сессиясы                                                          

Т О К Т О М

Кербен шаарынын мэриясынын, Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүнүн 250 үйүнүн тургуну Мирланбек Шабдановго жана Афган согушунун катышуучуларына арналып тургузулуп жаткан эстеликке каражат, ветеринардык операторго штат бөлүп берүү тууралуу сунушу жөнүндө

Кербен  шаарынын   мэри  Н.Эсеналиевдин 05.11.2019-жылдагы № 3-35/664 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеӊештин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 25-ноябрдагы № 65 токтомдоруна негиз, жогорудагы маселени  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезексиз   жыйырма биринчи  сессиясы

                        Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

  1. Кербен шаарынын борборунда  Афган согушунун катышуучуларына арналган эстеликтин курулушуна 20 000 (жыйырма миӊ) сом акча каражатын 2019-жылдын бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Кербен шаарында идентификацияланган үй жаныбарларын бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүү жагы мэриянын тийиштүү адистерине милдеттендирүү жагы шаардын мэрине жүктөлсүн.
  3. Кербен шаарынын Уметалиев  көчөсүнүн № 250-үйүнүн жашоочусу М.А.Шабдановго  өрттүн кесепетин жоюу үчүн  60 000 (алтымыш миӊ) сом  колдоо көрсөтүүгө уруксат берилсин.
  4. Кербен шаарынын 2019-жылдын бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Кербен шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Б.Ыманбай уулуна жүктөлсүн.
  5. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык   юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  6.   4.Токтом  «www.  Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.               
  7. Бул  токтомдун   аткарылышын   көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.

Кербен  шаардык  Кеңешинин  төрагасы:                         Н.Шадыбеков

  • Кербен ш. 18.12.2019-ж. №21/3
Админ
Автору Админ December 23, 2019 09:37