2019-жылга Кербен шаарында балдардын жана жаштардын абалы жонундо баяндама

Админ
Автору Админ February 17, 2020 10:32

Жалал-Абад областы, Аксы району

«Кербен шаарынын  балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө»

2019 жылга

БАЯНДАМАСЫ

Кербен шаары 2020-ж

      Мазмуну:

КИРИШ СӨЗ. 3

1-бөлүмШаар боюча жалпы маалымат. 4

2-Бөлүм. Шаардагы балдардын жана  жаштардын абалы.. 6

2.1. Социалдык, укуктук коргоо жана теңдик. 6

2.2. Балдардын саламаттыгын коргоо балдардын жана жаштардын сергек жашоосу. 8

2.3.  Балдардын коопсуздуугу. 10

2.4.   Билим берүү жана өнүгүү. 11

2.5. Балдардын коомдук турмушка жана чечим  кабыл алууга катышуусу. 15

Балдар үчүн бюджеттер. 15

КОРУТУНДУ СӨЗ. 16

 

 

КИРИШ СӨЗ

“Кербен шаарындагы балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө” баяндамасы (мындан ары – баяндама) – бул  Кербен  шаарындагы балдарга жана жаштарга байланышкан иштерине карата жасалган анализ. Доклад жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана мамлекеттик органдардын райондук, шаардык бөлүмдөрүн Кербен шаарынын балдар жана жаштарынын абалы тууралуу системага салынган аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу максатында түзүлдү. Ошондой эле баяндама балдардын маселелерин оптималдуу түрдө тез арада чечип, алардын укуктарын камсыз кылып, балдарды коргоо жана өнүктүрүү боюнча ЖӨБОнун, түрдүү мамлекеттик органдардын жана социалдык кызматтардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды аныктоо максатын көздөйт.

Баяндама даярдап жатканда бир катар негизги документтер эске алынды. Бул документтер балдардын укуктарын коргоо жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салат. Ал документтер: БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясы, КРнын “Балдар жөнүндө” Кодекси, КРнын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдары, 2018-2028-жылдарга КР Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү программасы, КР өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга балдарды коргоо жана  үй бүлөнү колдоо программасы. жана Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы .

Ошондой эле бул баяндама Кербен шаарынын мэриясы тарбынан  чогултулган статистикалык маалыматтарга негизделди. Бул маалыматтарды топтоого шаардык жалпы билим берүү мекемелери, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ички иштер бөлүмдөрү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрү да катышты. Мындан тышкары доклады балдардын жана жаштардын муктаждыктары менен керектөөлөрүн аныктоо боюнча алардын ичинде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын да эске алат. Доклад негизги демографиялык мүнөздөмөлөр, мамлекеттик колдоонун жана социалдык жардамдын түрлөрү, балдардын ден соолугу, билим берүү, тарбия жана өнүктүрүү маселелери, жетим жана майып балдардын абалы, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, тартип бузуулардын, көзөмөлсүздүктүн  деңгээли, бул терс көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн көрүлгөн чаралар да чагылдырылды.

1-бөлүмШаар боюча жалпы маалымат

Географиялык жана жаратылыш-климаттык фактор

Аксы районунун Кербен айылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 4-октябрындагы № 174 мыйзамына ылайык  шаар статусун алган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтомунун негизинде Кербен шаар башкармасы шаар мэриясы болуп өзгөргөн.

Калкынын  саны  26236  адамды  түзөт.

Кербен  шаары  6  айылдан  турат.

1.Күлүк-Дөбө  айылы

2.Ак-Дөбө  айылы

3.Жетиген  айылы 

4.Курулуш  айылы

5.Устукан

6.Мамай  айылы

Райондун административдик

борбору Кербен шаары 

Жалал-Абад областынын

борборунун түндүк-батыш

тарабында болуп,                                      Онугууго бет алган Кербен шаары

Республиканын борбору Бишкек шаарынан 600 км., Жалал-Абад шаарынан 220 км аралыкта жайгашкан, дениз денгээлинен 1200 метр бийиктикте, жакынкы темир жол станциясынан 75 км. алыстыкта, жакынкы аэропорт  2 км. алыстыкта турат. Кербен шаары чыгыш тарабынан  Кош-Дөбө,  батыш  тарабынан  Кашка-Суу,  түндүк  тарабынан       Жерге-Тал  айыл  аймактары,  түштүк-батыш  тарабынан  Өзбекстан Республикасы  менен  50  км  аралыкта  чектешет.  Территориясы 16746 га түзөт. 

Географиялык өзгөчөлүгү:  Кербен  шаары  аркылуу  Кербен-Ала-Бука – Чаткал, Кербен-Уч-Коргон авто жолдору өтөт. Шаар бир нече райондор менен экономикалык, социалдык жана маданий мамилелерди түзүү үчүн абдан ынгайлуу жерде жайгашкан.

Шаардын климаттык шарты: орточо абанын температурасы январь айында -3,9оС, тоолуу бөлүгүндө -28оС. Июль айында орточо абанын температурасы +30оСдан  +35 оС  чейин өзгөрүлүп турат. Жылдык орточо жаан – чачындар 300-500 мм  болушу мүмкүн.

Кардын орточо калыңдыгы 10см ден  35 см  чейин  жетет.

Ресурстук фактор

Шаардын  жалпы  калкынын  саны – 26236,  этникалык  курамы :  кыргыздар – 23129 , өзбектер – 2659,  орус – 200,  тажик – 87,  татар – 55,  украин – 45.  казах – 22,  башка улуттар – 39.   Жыныстык  боюнча :  эркектер -13326,  аялдар -12910.

  № Айыл  аймактын  аталышы Кожолук  саны Жынысы Калктын  саны
2018 2019 2018 2019
1    Кербен 6405 6456      Эркектер 13020 13326
     Аялдар 1269 12910
        Бардыгы 25717 26236
Убактылуу жашабагандар 5017 5199

  Жашы  боюнча  демографиялык  анализ     

Айыл  аймактын  аталышы Жыл Калктын саны
Балдар Жумушка жарактуулары Пенсия  жашындагылар
кыздар балдар аялдар эркектер аялдар эркектер
 16 жашка чейинкилер  16- 57 жаш  16- 62 жаш  58 жаштан жогоркулар    63 жаштан жогоркулар
1   Кербен 2018 3265 3341 7793 8830 1639 849
2019 3362 3447 7756 8908 1792 971

 Миграция

Жылдар   Мигранттардын саны  Сырткы мигранттардын саны (Россия, Өзбекстан, Казахстан) Ички мигранттардын саны  (Жалал-Абад, Ош, Каракол)
  Жалпы аял эркек Жалпы аял эркек Жалпы аял эркек
2018 5017 2012 3005 1570 667 903 3447 1179 2268
2019 5199 2300 2890 1520 665 886 3749 861 2279


2-Бөлүм. Шаардагы балдардын жана  жаштардын абалы

Акыркы 2019-жылдагы маалыматтар таянсак  Кербен шаарынын калкы  26236 адамды түздү.  Бул жалпы калктын ичинен жынысына бөлө келсек,   аялдар  49,3%, ал эми эркектер 50,7%  түздү.  Учурдагы статистикалык маалыматтар боюнча шаарыбызда 0 жаштан 18 жашка чейинки балдар саны жалпы калктын  32,6%  же болбосо 8578  адамды түздү.

2019-жылы  шаарыбыздагы  18 жаштан 29 жашка чейинки курактагы жаштарыбыз жалпы шаардын калкынын 20,6% же 5406 адамды түздү.

2.1. Социалдык, укуктук коргоо жана теңдик

Социалдык коргоо. Күлүк-Дөбө  айылына  Араб  фондунан  11  млн  акча  каражаты  бөлүнүп  мечит, ФАП, медресенин  курулуштары  башталып  жумуштар  жүрүп  жатат. 

“Алтын  балалык”  балдар  бакчасына  кошумча  имарат  курулуп  878  миң  сомдук  жумуштар  аткарылды.   Н. Мамбетов  атындагы  орто  мектебинин  жылуулук  системасын  алмаштырууга  231  миң  сомдук  жумуш  аткарылды.

В. Линский  атындагы  орто  мектебин  ыссык  тамак-аш  менен  камсыздоо  үчүн  ашканасын  ремонттоого,  канализация  жана  септик  курууга  400  миң  824  сом  акча  каражаты  бөлүнүп  жумуштар  аткарылды.  А. Бегимкулова  атындагы  орто   мектебин  ыссык  тамак-аш  менен  камсыз  кылуу  үчүн  ашканасын  кеңейтүү  үчүн  281 миң  сом  бөлүнүп  жумуштар  аткарылды.   “Таң-Шоола”  балдар  бакчасын  реабилитациялоого  79  миң  396  сом  жумшалып,  тийиштүү  жумуштар  аткарылды. Билим  берүү  мекемелери  видео  көзөмөл орнотулду  калгандары 2020-жылы  толугу  менен  буткорулуот.  Жеке ишкер  тарабынан  22 млн. Сомдук  бала-бакча  курулууда. Чек  арада  жайгашкан  айылдагы  балдарды  мектепке  ташуу  үчүн  200000 сом  мэриянын  бюджетинен  бөлүнгөн. 10-жылдык Мектеп бүтүрүүчүлөрү  тарабына  микро  автобус  белеке алынып  берилди. Демөөрчөлүр  тарабынанда  билим  берүү  уюмдарына  500000 сом  акчалай  ар  тараптуу  колдоолор  корсотулду. “Кербен”  аэропортунун  имаратын  жана  учуу  тилкесин  оңдоп-түзөө  боюнча   21 млн  600  миң  сомдук  жумуштар  толугу  менен  аткарылды. Жетиген  айылындагы  каналды  тазалоо  үчүн  73 миң  990 сомдук  жумуш  аткарылды. Таштанды  таштоочу  жайды  тазалоо  үчүн  149  миң  400  сомдук  жумуштар  аткарылды.

     Кербен шаарынын тазалык бөлүмүндө ташылуучу таштандылар брюнча маалымат. 2019- жылдын жыйынтыгы менен  4032 куб таштанды жыйналып чыккан. Ал эми көрктөндүрүү боюнча 1000 түп роза гүлү, 100 түп  кайын  жана  850 түп карагай  отургузу Ошондой  эле  бюджеттин  чыгаша  бөлүгүнө  токтолсок,  шаардык  Кенеши  тарабынан  бекитилген  иш  чара  планына  негиз  андагы  19604,9 мин  сомдук  аткарылуучу  жумуштар  бекитилип  анын  ичинен  жол  шагылдоо  үчүн  100,0 мин  сомдук,  ички  жолдорду  бузулган  жерлерин  асфальт  менен  жамоого  350,0 мин  сомдук,  Уметалиев  жана              Ныязалы  көчөлөрүнүн  тротуарларын  асфальттоо,  Токтогул  атындагы  эс  алуу  паркынын  ичиндеги  жолдорду  асфальттоо  жумуштары  аткарылды.  Токтогул атындагы эс алуу паркынын  айланасы  толугу  менен  королонду.  А.Жоробеков  атындагы  орто  мектебинин  чатыры  толугу  менен  алмаштырылды.  Уметалиев-Ныязалы,  Уметалиев-Айталиев,  Уметалиев-Жибек Жолу,  Ныязалы-Ленин  көчөлөрүнүн  кесилиштерине  жаңыдан  светофор  орнотуу  жумуштарына  келишим  түзүлүп, бугунку кунго торт кочого жал чырагы орнотулду, ошондой эле шаардын борбордук кочолоруно жол коопсуздугун алдын алуу максатында  жол белгилери орнотулду. 

. Ошондой  эле  жалпы  балдарп  бакчалары  учурдагы  ремонт  иштери  үчүн  керектүү  материалдар  менен  камсыздалды  жана  күндөлүк  керектелүүчу  идиш  аяктарды  жуучу  каражаттар  менен  толук  камсыздалды.  Бүгүнкү  күнгө  карата  мэриянын  бюджет  эсебине  47932,3 мин  сом,  ал  эми  атайын  каражат  эсебине  5864,9 мин  сом  каражат  түшүп,  жалпы  чыгаша  бөлүгү  бюджет  боюнча       44 017, 800  сомдук  чыгаша  ал  эми   атайын  каражат  боюнча  5 965 600  сомдук  чыгаша  жүргүзүлдү.  Мэриянын  чыгаша  бөлүгү  жалпысынан  сатып  алуулар  мыйзамынын  чегинде  жүргүзүлдү.

 

 

 

 

 

2.2. Балдардын саламаттыгын коргоо балдардын жана жаштардын сергек жашоосу

Кербен шаарында калктын  саламаттыкты сактоо боюнча аткарылган жумуштар Шаар калкынын саламаттыгын сактоодо _429 койкалуу 1 клиникалык оорукана, _1Үй-бүлөлүк медицина борбору 4 ФАП,  оорулардын алдын алуу  жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, 1 тиш дарыканасы калкка кызмат көрсөтүп  келүүдө. Калктын жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги муктаждыктарынын негизинде саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүн пландоо жана көрсөтүү системасынын адекваттуу системасы түзүлгөн багыт алунууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаждыктарын баалоонун жана аталган маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечүүгө катышуунун негизинде өзүлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларыништеп чыгууга багыт алуудабыз.

Балдардын ден соолугун, өзгөчө жаш балдар үчүн эртелеп өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү өзгөчө маанилүү, анткени саламаттык сактоо тармагы балдарды тарбиялоо зор көмөкчү. Эненин ден-соолугун  чындоо, жаны төрөлгөн балдардын ден соолугу, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугу (мисалы, анын ичинде жаны  төрөлгөндөргө кам көрүү, тамактануу, психикалык ден соолугу жана ВИЧ/СПИДти алдын тармактары) балдардын өнүгүүсүнө түздөн-түз

таасирин тийгизет. Мындан тышкары, саламаттык сактоо секторунда балдарга кам көрүүдө жана алардын алгачкы жылдарында маалыматтарды таратуу иштерин жүргүзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк бар. Бул багытта 2019-жыл ичинде Үй-бүлөлүк медицина борбору (ЦСМ), райондук санэпид көзөмөл борбору, медицина кызматкерлери, социалдык педагогдор, дин кызматкерлери, балдар бакчаларынын башчылары жана айыл башчылары менен тегерек стол өткөрүлдү. Түздөн-түз балдар менен иштөөчү мекемелер – мектептер жана бала бакчаларда, жер-жерлерде айыл башчылары тарабынан ата-энелердин жалпы чогулуштарын өтүп балдарды эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери каралды

Келечекке көз караш: саламаттык сактоо системасы – жеткиликтүү, сапаттуу, коопсуз, инновациялык ыкмаларды колдонгон, адамдын муктаждыктарына багытталат, ал эми Кербен шаарынын калкынын ден соолугу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө ээ болот деп умуттобуз.

2.3.  Балдардын коопсуздуугу

Социалдык жетимдиктин алдын алуу максатында бир катар чаралар көрүлүүдө, анын ичинде өз убагында начар абалдагы үй-бүлөөлөрдү жана балдарды аныктоо,  оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөөлөргө жана балдарга керектүү жардамдарды көрсөтүү. Балдарды жайгаштыруунун альтернативалуу формалары өнүгүүдө: көзөмөлдүккө алуу (камкордукка алуу), патронат жана асырап алуу.

Зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдардын саны өсүүдө. Айрыкча мигрант ата-энелер калтырган балдардын къпчүлүк тобу жакындары тарабынан  зомбулукка дуушар болуу тобокелдигине чалдыгышат.

Шаар балдарды жана жаштарды үй-бүлөөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча иш-чаралар комплексин иштеп чыкты. Аталган иш-чаралардын алкагында төмөндөгү иш аракеттер  болжолдонууда:

– тобокел топтору, мурда үй-бүлөөлүк зомбулукка дуушар болгон балдар жана үй-бүлөөлөр, ошондой эле мигрант ата-энелер калтырып кеткен балдар менен иштөө;

– үй-бүлөөлүк зомбулуктун алдын алуу;

– үй-бүлөөлүк зомбулуктан жабыркаган балдарга колдоо көрсөтүү.

Шаардын аймагында муктаж балдар жана жаштар тобу менен коммерциялык эмес уюмдар иштөөдө, алар оор турмуштук кырдаалдагы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана үй-бүлөөлүк зомбулуктан жабыркаган балдар жана аялдар менен иш алып барышат.

Кербен шаардык мэриясынын рейд жүргүзүү боюнча 2019-жылдын башында жумушчу комиссия түзүп  шаардык мэриянын, билим берүү бөлүмүнүн, салык кызматынын, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиолгиялык көзөмөлдөө борборунун,  шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору кызматкерлери менен биргеликте шаардын аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жанында жайгашкан соода түйүндөрүндө тамеки, спирттик ичимдиктерин сатууга тыюу салуу боюнча рейддер жүргүзүлгөн.

Жашы жете электер кылмыштарды жасап жатышкандыгынын себеби  – алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан көзөмөлсүздүгү, ошондой эле ишсиздиги, анткени жашы жете элек эч жерде иштебейт жана окубайт, бош убактысын көчөдө өткөргөндүгү.

Коомдук-коркунучтуу жоосундардын алдын алуу ИДНдин инспектордук курамынын ишиндеги эн  маанилүү милдет.

Бул багыттагы артыкчылыктуу көйгөйлөр:

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн тиешелүү инфраструктуралуу мектептерди ынгайлаштыруу боюнча, алардын социалдык кызматтарга, айрыкча билим алуу кызматтарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кошумча күч-аракеттедин зарылдыгы.

2. Мигрант ата-энелер калтырып кетишкен, тобокелдикке дуушар болуу ыктымалы жогору болгон категориядагы балдардын туруктуу эсепке алынбагандыгы жана аныкталган топтогу балдар менен иш алып барылбагандыгы.

3. Жашы жете электер тарабынан кылмыштарды жана коомдук-коркунучтуу жоосундарды жасоого түрткү берүүчү негизги себептер болуп алардын сабактан кийинки бош убактыларынын уюштурулбагандыгы, ата-энелеринин көзөмөлдөбөгөндүгү, үй-бүлөөсүндөгү жагымсыз жагдайлар эсептелет.

2. Ичкилик ичкен ъспүрүмдърдү ъз убагында аныктап, алкоголдук мастыкта кылмыш жасоолорунун алдын алуу максатында, аларга чара көрүп, андан ары  каттоого алуунун жоктугу.  

2.4.   Билим берүү жана өнүгүү

      Кербен шаарынын  аймагында А.Алымов  атындагы 1 маданият үйү, 1 райондук китепкана, 1 райондук кино театр,  3 айылдык китепкана, 1 райондук тейлөө үйү,  1айылдык маданият үйү,  сквер жана 1сейил багы элге кымат көрсөтөт.

Шаардын борборундагы сейил багы шаардыктар үчүн эле эмес, райондун бардык тургундары үчүн эс алуучу жайга айланып баратат. Шаардын жана райондун жалпы калкында жана жаштар арасында үй-бүлөсү жана достору менен сейил багында эс алуу маданияты калыптанып жатканын белгилөөгө болот.

Бул сейил  багында эс алуу үчүн жакшы шарттарды түзүүгө жана маданият тармагында кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга  түрткү болот.

Кербен шаарынын тургундарында шаардык маданиятты өнүктүрүү менен  шаарды райондогу маданият борборуна айландыруу мүмкүнчүлүгү  чон.

Шаардын билим берүү тармагында 8 бала бакча, 16 орто мектеп жана 1 музыкалык мектеп кызмат көрсөтөт. Мектептерде ЮСАИД уюмунун колдоосу менен «Келгиле  окуйбуз» долбоору ишке ашырылып, анын  алкагында мектептерде  инновациялык  окутуу методикаларын пайдалануу жана жайылтуу колго алынган.  Долбоор бардык орто мектептерди 100% камтыйт.

Бул методика балдардын окуу  жөндөмүн өнүктүрүүүгө багытталган. Башкача айтканда балдардын логикалык ой жүгүртүү, анализ жасоо  жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.  Жаны методиканын өзгөчөлүгү ата-энелер менен мектептин байланышын күчөтүп, ата-энелер сабактарга балдары менен бирге активдүү катышышат. Жаны методикаларды пайдалануу менен мектептерде балдардын билиминин сапатын жогорулатууга өзгөчө көнүл бөлүнүүдө. Башталгыч класстардын мугалимдери атайын даярдалган окутуулардан, тренингдерден өтүп, керектүү материалдар, модульдар менен камсыз болушууда. Ошондой эле  Кербен шаарында 2019-жылдан Кербен Академия интелектуалдык борбору ишке ашырылып  200 дой окуучу балдар билим алып жатышат.

Шаардын аймагында жайгашкан мектепке чейинки мекемелер.

Бала бакчалар Балдардын саны Тарбиячылар
1. №1 “Жеткинчек” 265 11
2. №2 “Келечек” 280 11
3. №3 “Бүчүр” 191 12
4. №4 им “Давлетова” 200 12
5. №5 “Наристе” 80 6
6. №6 “Ак-Куу” 103 7
7. №7 “Алтын  балалык” 62 6
8. № 18 “Арча-Бешик” 125 8
  Бардыгы 1306 72

Шаардын аймагында жайгашкан билим берүү мекемелери.

Билим беруучу мекемелердин аталышы Мугалимдердин  саны
1 Ж. Боконбаев атындагы орто мектеби 78
2  Н. Мамбетов атындагы орто мектеби 50
3  А. Жоробеков  атындагы орто мектеби 36
4  С. Качикеев  атындагы орто мектеби 34
5  К. Омуралиев  атындагы орто мектеби 17
6 Мамай негизги мектеби 11
7  Т. Уметалиев  атындагы орто мектеби 67
8  А. Бегимкулов атындагы орто мектеби 24
9  В. Линский атындагы орто мектеби 18
10 Лицей-интернат Ж.Мавлянова атындагы орто мектеби 60
11 СПТУ 17
12 АТФ 25
13 Билимкана 18
14 Цефей 1
15 Сейтек 12
16 Мээрим 12
17 Музыкалык  мектеп 6
18  Академия интелектуалдык борбору 6
  Баардыгы     

Спорту өнүктүрүү. Кербен шаары облуста жана республикада спортсмендердин шаары катары таанымал.  Шаарда спорттун 10го жакын түрү менен, анын ичинде эркин күрөш, алыш, футбол, баскетбол, волейбол, кол күрөш, бокс, тайбокс, кикбоксинг менен жана кыргыз улуттук  ат оюндары жана ордо менен машыгуулар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат жана  аталган спорттун түрлөрү  боюнча 10дон ашуун  машыктыруучу спорт чеберлери бар.  Шаардын аймагында спорттук курулмалардан 2 стадион, 1 кичи футбол аянтчасы, 3 спорт зал бар жана жеке ишкер тарабынан  эки кичи  жабык типтеги футбол аянтчасы курулду.

Кербен шаарынын тургундарында, анын ичинде жаштардын арасында  дене тарбия жана спортко болгон кызыгуу жана муктаждык абдан чон.  Шаарда спорт менен машыгууга түзүлгөн шарттардын чектелгендигине карабастан, жаштардын активдүүлүгү абдан жогору.  Шаардан спорттун бир канча түрү боюнча атактуу чемпиондор чыккан.  Мисалы: кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпион Касымбеков Улан, Азиянын чемпиону Акмырзаев Аскат  Кербен шаарынын тургундары экенин белгилөөгө болот. Жаштар өздөрүнүн күчү менен, активдүүлүгү менен спорт тармагында чон ийгиликтерге жетишип жатышат. Бул спорт тармагын андан ары өнүктүрүүгө  жана колдоого түрткү болот.   

Шаардын спортчулары негизги өнүгүү фактору катары каралып, программада профессионалдык спортту  өнүктүрүү жана шаардын тургундарына  спорт жана дене тарбиясы менен машыгууга шарттарды жаратуу иш-чаралары камтылган.

Бүгүнкү учурда спорт менен машыккан негизги калктын катмары – бул жаштар. Ошондуктан шаар бийлиги жаштарды жана ар түрдүү спорттук иш-чараларды жана анын ичинде спорттук акы төлөнүүчү кызматтарды өнүктүрүүнү колдойт. Жаштар эле эмес, улуу муундагы шаардыктардын, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын дагы спорт жана дене-тарбия менен машыгууга шарттар түзүлөт. Спорт курулмаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, ар түрдүү спорттук иш-чараларды, конкурстарды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт. Спортту өнүктүрүү  багытында коюлган максаттарга жетүү үчүн  төмөндөгү долбоорлор ишке ашырылууда:

“Спорт комплексин куруу” долбоору. Долбоордун алкагында шаардын аймагында  спорт комплексин куруу ишке ашырылат. Спорт комплексте спортчулар  үчүн бардык шарттар жаратылып, тийиштүү эмеректер орнотулат. Бул иш-чаранын жыйынтыгында спорт менен профессионалдуу машыккандардын саны көбөйүп, спорт багытындагы акы төлөнүүчү кызматтар өнүгөт. 

«Спорт курулмаларынын материалдык-

техникалык базасын чындоо» долбоору.  

 Азыркы учурда иштеп жаткан спорт

курулмаларында кошумча жабдуулар орнотулуп,

 дене-тарбиясы жана спорт менен машыгууга

шарт жакшырат. Спортту кол доо менен

төмөндөгү жыйынтыктарга жетишүүгө болот:

жаштардын жана жалпы эле шаардыктардын

дене-тарбиясына жана спортко болгон

кызыгуусун колдоо,

дене-тарбия жана спорт менен машыгуунун  

дене-тарбия жана спорт тармагына профессионалдуу кадрларды тартуу.     

“Жаштык стадионуна бассейн жана кичи футбол аянтчасын куруу” долбоору.   Кичи футбол аянтчасын куруу менен жаштар үчүн футбол менен профессионалдуу машыгууга шарт жаратылат. Ошондой эле жаштардын бош убактысын пайдалуу жана натыйжалуу өткөрүүгө  түрткү  болот.

2.5. Балдардын коомдук турмушка жана чечим  кабыл алууга катышуусу

           Кербен шаарында Жаштар кеңеши иштеп келет. Мындан тышкары мектептерде жогорку класстын окуучуларынан түзүлгөн мектеп парламенттери бар. Жаштардын активдүү лидерлеринин сунуштары менен шаарда коомго пайдалуу долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Кербен шаарынын мэриясы, шаардык Кенеши мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү, жаштарды моралдык, материалдык жактан колдоо, маданий-интеллектуалдык жана социалдык-экономикалык жактан өстүрүү максатында атайын акча каражатын бөлүп,  бир топ алгылыктуу иш-чараларды жана долбоорлорду иш жүзүнъ ашырууга шарттарды жана мүмкүнчүлүктърдү түзүп келет. Ошондой эле шаарыбыздагы жаштар, окуучулар, мекемелерде иштеген жаштар, жумушсуз жаштар, жаштар уюмдары, мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар, таланттуу, өнөрлүү жаштар менен тыгыз иш жүргузүп келет. 2019-жыл ичинде “ЮЗУВ ОШ” АЙДИЯ коомдук бирикмелери менен ар кандай долбоорлордун устундо иштеп келуудо.

Ошондой эле, балдар арасында Кербен шаардык мэрия менен балдар жана жаштар ортосундагы коммуникацияны бекемдоо максатында анкета сурамжылоосу өткөрүлдү, ал сурамжылоодо 109  бала катышты. Ал сурамжылоодо мэрия корсотуп аткан кызматтар боюнча суроолор болду.

2019-жылы балдардын жана жаштардын мэриянын иш-чараларына катыштыруу да абдан кучоду, мисалы, шаардык кенештин сессиясында, мэриянын коллегиясында да катышып турат. Балдар жана жаштар арасында көтөрүлгөн маселелер Кербен шаарынын балдар менен жаштардын иш-планына киргизилди.2020-жылга жаштар кенешинин иш планына негиз 200000 мин сом болуп беруу бюджетке киргизилди.


Балдар үчүн бюджеттер

2019-жылга  Кербен  шаарынын  бюджети  эсебинен  жаштар дене тарбия спорт болумуно 400000 мин сом акча каражаты каралган.Ар кандай спорттук маданий иш чараларга жана сапар чыгымдарына жумшалды. Мындан сырткары атайын каражат эсебинен  шаарыбыздын  мектептин  намысын коргогон билим беруу, спорт, маданий иш чараларга областтык, республикалык, дуйнолук олимпиадаларга катышууга сапар чыгымдарына колдоо корсотулду.Билим беруу жана мектепке чейинки билим беруу уюмдарына кпиталдык ремонтторун  шаардык мэриянын  жана республикалык бюджеттин эсебинен каражат болунгон. Жетим, жарым жетим турмуштук оор кырдаалдагы уй-булолордун балдары жана ден соолугунун мукунчулугу чектелуу балдарга ар кандай муктаждыгына жараша резервдик фондтун эсебинен каражаттар болунуп берилген. Ошондой эле даталуу кундору ( 1-июнь, 3-декабрь, 10 ноябрь )  мэрия тарабынан жыл сайын иш чаралар откорулуп турат.

Балдардын жана жаштардын кызыкчылыктары жана муктаждыктары коопсуздугун камсыздоо билим алуусун жана онугуусу  учун татыктуу шарттарды тузууго жыл сайын Кербен  шаарынын мэриясы тарабынан каражат болунуп келинет.

КОРУТУНДУ СӨЗ

Жергиликтүү денгээлде калка укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында өзгөчө балдарга жана жаштарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн конкретүү механизимин иштеп чыгат жана баардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Жалпы билим берүү мекемелерин замандын талабына шайкеш келген жабдыктар, техникалар,  жылытуу  системасын жакшыртуу жана спорттук шаймандар менен камсыздоо иштерин артыкчылыктуу багыт катары алдына максат кою.

            Окуучулардын билим алуусуна оболго тузуу максатында ысык-тамак толук буткорууну иш планга киргизуу.

Кербен шаарындагы мектеп окуу жайлардын материалдык базасын жакшыртуу максатта жана билим сапатын жакшыртуу боюнча мамлкеттик тиешелүү мекемелер биргеликте иш алып барат.

Шаардык  мектептерде окуу китептери менен камсыздалгандыгы 85% түзөт. 

Балдар бүгүнкү күнү негизги жалпы билим берүү тышкары дагы кошумча чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, спорттук ийримдерге катышууга жана кошумча предметтик билимдерди алууга  муктаждык бар экени аныкталды.

Дагы бир орчунду көйгөйлөр мектептерде заманбап технология жетишпейт, башкача айтканда бүгүн информатика сабактарын теория түрүндө гана алышат. Учур балдарыбыздын заманбап технологияларды эркин колдонушуга шарт түзүлбөй жатат. Ошондой эле балдардын коопсуздугуна шарт түзүү максатта көпчүлук мектептерде видео-байко камералары менен камсыздоо жагы да чабал. 

Балдардын жана жаштардын кызыкчылыктары жана муктаждыктарынан келип чыгып алардын коопсузудун камсыздоого, билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды шаардын өнүгүү программаларына киргизүү менен жергиликтүү бюджеттен бул тармакка бөлүнүүчү каражаттардын көлөмүн көбөйтүү зарыл.

            Кербен шаарыны мэри                                                   Эсеналиев Н.

Админ
Автору Админ February 17, 2020 10:32