Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 5-мартындагы № 22/4 токтому
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
Т О К Т О М
2019-жылга Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) аткарган иштери жана 2020-жылга планы жөнүндө
Кербен шаарынын жайыттарын ырааттуу башкарууну жакшыртуу максатында «Жайыттар жөнүндө” КР Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2019-жылда Кербен ЖПБнын аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 2020-жылга төмөндөгүдөй:
Киреше бөлүгү – 599400,0 сом;
Чыгаша бөлүгү – 599400,0 сом болуп белгиленсин (№ 1 тиркеме).
3. Кербен шаарынын аймагындагы жайыттарга:
Жылкы, уй үчүн-50 сом, кой,эчки-10 сом өлчөмүндө акы белгиленсин.
Башка райондун , айыл аймактардын жайыт пайдалануучулары үчүн:
Жылкы,уйга-200 сомдон, кой,эчкиге-50 сомдон белгиленсин (№ 3 тиркеме).
4. 2020-жылга Кербен ЖПБнын иш-планы бекитилсин (№ 2 тиркеме).
5. 2020-жылга Кербен ЖПБга 3 (үч) штат бирдиги берилсин.
6. Жайыт пайдалануучулар үчүн жайлоого көчүү 2020-жылдын 1-майынан, көчүп келүү 1-октябрына белгиленсин.
7.Жайлоого 1-майга чейин көчпөгөн, жайлоодон 1-октябрдан эрте келген чабандарга, эгин талааларына түшкөн бардык малдарга 2017-жылдын 28-апрелиндеги КР «Бузуулар жөнүндө» Кодексине негиз чаралар көрүлсүн.
8. Жайыт пайдаланган фермерлерди өз убагында жайытка көчүрүү белгиленген убакытта кайра көчүрүп келүү жагы Кербен ЖПБга жана мэриянын айыл башчыларына тапшырылсын.
9. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген фронталдык погрузчик келишимдин негизинде юридикалык жактарга бир мото/саат үчүн 3500 сом, физикалык жактарга 2500 сом, Кербен шаарынын мэриясына 1500 сом кызмат көрсөтүү акысы белгиленсин.
10. Кербен шаарынын мэриясына:
– ЖПБга мэриядан өзүнчө кабинет бөлүнүп берилсин;
– ЖПБ тарабынан Кербен шаарынын бюджетине кириштелген каражат кайрадан өз муктаждыктарын чечүү үчүн ЖПБны колдоого бөлүнүп берилсин;
-Жайыт жыйымдарын өз убагында жыйноого мэрия тарабынан (салык инспекторлор) жардам берүү жагы милдеттендирилсин.
11. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
13. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, суу ресурстары, муниципалдык мүлк жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Сарыевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен ш. 5.03.2020ж. № 22/4
Тиркеме № 1
Кербен шаардык Кенешинин2020-жылдын 5- мартындагы № 22/4 токтому менен бекитилди
2020-жылга Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планы
№ | Кирешелер | Сом |
1 | Уй 3650 х 50 | 181100,00 |
2 | Жылкы 900 х 50 | 45000,00 |
3 | Кой-эчки 13150ШМБ 2630х10 02 | 26300,00 |
Бардыгы | 252400,00 | |
Кызмат көрсөтүүдөн тушчу сумма | 347000,00 | |
Бардыгы | 599400,00 |
№ | Чыгашалар | Штат бирдиги | сом | бардыгы | ||||
1 | Төраганын эмгек акысы 12 айга | 1 | 8000 | 96000 | ||||
2 | Эсепчинин эмгек акысы 12 айга | 1 | 5000 | 60000 | ||||
3 | Айдоочунун эмгек акысы 12 айга | 1 | 5000 | 60000 | 216000,0 | |||
4 | Соцфонд 17,25% | – | – | 37260 | ||||
Бардыгы : | 253260,0 | |||||||
5 | Администрациялык чыгым | – | – | 85424 | ||||
Кагаздар үчүн | 9024 | |||||||
Иш сапарга | 32400 | |||||||
Аренда офис 12х2000 | 24000 | |||||||
Түрдүү чыгым | 20000 | |||||||
6 | Автоунаа чыгымдары | |||||||
Бензин, салярка | 22387 | |||||||
Авто оӊдоо иштерине | 10395 | |||||||
Бардыгы: | 32782,0 | |||||||
7 | Жайыттарды калыбына келтирүүгө | – | 110446 | |||||
8. | Жайыт салыгы | 36244 | ||||||
9 | 3,1 % | 78244 | ||||||
Кыргыз жайытынын взносуна | 1000 | |||||||
9. | Союз ЖПБ взносуна | 2000 | ||||||
Жалпы : | 227934,0 | |||||||
Бардык чыгым Кербен ЖПБ | 599400,0 |
Кербен шаардык Кеӊешинин жооптуу катчысы: Д.Алиев
Тиркеме № 2
Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 5 -мартындагы № 22/4 токтому менен бекитилди
2020-жылга Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды оңдоо боюнча жылдык иш-планы
К/ № | Аткарыла турган иштердин мазмуну | Участкасы | ЖПБ | |||
1 | Курулуш айылынын Киндик-Таш участкасындагы мал суу ичүүчү жайды толук оӊдоп куруу | Киндик Таш | 47000 | |||
2 | Сөгөт жолун оӊдоо жана мал суу ичүүчү жайды оӊдоо | Сөгөт | 30000 | |||
3 | Мамай айылынын Южводстрой участкасындагы мал суу ичүүчү жайды кайра оӊдоо иштерин жүргүзүү | Южводстрой | 20000 | |||
4 | Ак-Дөбө айылынын Кара-Жыгач участкасынан жол оӊдоо | Кара-Жыгач | 10000 | |||
5 | Ортоӊку жана алыскы жайлоолордун жол көпүрөлөрүн оӊдоо | Муктаж жерлерге | 40000 | |||
6 | Жакынкы жайыттардын жол ж.б. иштерине | Муктаж жерлерге | 41190 | |||
Бардыгы: | 188190 |
Кербен шаардык Кеӊешинин жооптуу катчысы: Д.Алиев
№ 3 тиркеме Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 5 –мартындагы № 22/4 токтому менен бекитилди
1.Кербен шаарынын жайыттарын пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү жайыт акынын өлчөмү
№ | Малдын аталышы | Бир баш малга жайыт акы (сом) | Эскертүү |
1 | Уйларга | 50 | Жаз, жай, күз айлары үчүн |
2 | Жылкыларга | 50 | |
3 | Кой-эчкилерге | 10 | |
4 | Эшектерге | 50 |
2. Башка райондор, айылдык аймактар үчүн жана
жайлоого кетпеген, айылда калган малдар үчүн
№ | Малдын аталышы | Бир баш малга жайыт акы (сом) | Эскертүү |
1 | Уйларга | 200 | |
2 | Жылкыларга | 200 | |
3 | Кой-эчкилерге | 50 | |
Кербен шаардык Кеӊешинин жооптуу катчысы: Д.Алиев