Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 5-мартындагы № 22/1 токтому

Админ
Автору Админ March 30, 2020 15:52

    Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин      VII чакырылышынын  кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

                                                              Т О К Т О М

2019-жылга каралган Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-чарасынын аткарылышы жана 2020-жылга планы жөнүндө

            Кербен шаарынын мэри (Н.Эсеналиев) 2019-жылда кабыл алган социалдык-экономикалык өнүгүү иш-чараларын аткарууда бир топ иш аракеттерди жүргүздү. Жергиликтүү салыктардын бардык түрлөрү боюнча план тапшырмалар толугу менен аткарылган. 59852 млн. сомдук инвестициялык долбоорлорду аткарды. Уметалиев жана Ныязалы көчөлөрүнүн эки тарабындагы адамдар жүрүүчү тротуарлары курулуп, жашоочуларга ыӊгайлуу шарттар түзүлдү. Түрткү берүүчү гранттын эсебинен Ныязалы көчөсүндө  парктын темир тосмосу 2821,2 миӊ сомго бүткөрүлдү. Эргешов,  Ленин, Алымкулов  көчөлөрүнүн  жолдору  асфальттанды.

            Мэрияда жогоруда жаралган ийгиликтер менен бирге, жыл башында бекитилген социалдык-экономикалык иш-чаралардын кээ бир беренлери аткарылбай калган, атап айтканда: М.Эргешов көчөсүндөгү адам өтүүчү көпүрө, “Жаштык” стадионду волейбол, баскетбол шиттерин куруу жана ремонттоо.

            Ошондой эле  бюджеттин киреше булактарын жогорулатууда көптөгөн ички резервдер пайдаланылбады. Жергиликтүү салыктарды көтөрүү боюнча кошумча иш чаралары иштелип чыккан эмес. Же болбосо, айыл чарбасы жана айыл чарба багытында эмес жердин, муниципалдык мүлктөрдүн реестрлери ушул күнгө чейин такталган жок.  Зоналык коэффициенттерди колдонууда мыйзам бузуучулукка жол берилген жана аянттары дал келбейт. Өткөрүлгөн аукциондон түшүүчү жергиликтүү салыктардын көлөмү ушул күнгө чейин такталган эмес же мэр кол алдындагы адистерге талапты коё алган жок. Мэриянын адистеринин квалификациялык билимдери, кесипкөйлүк денгээлдери төмөн экендиги бир нече жолу белгиленип келгенине карабастан ушул күнгө чейин чара көрүлбөгөн. Алардын жоопкерчилиги мэр тарабынан суралбайт. Шаардык Кеӊештин токтомдорун аткаруу жана каттар менен иштөө маселеси начар жолго коюлган. Же болбосо ушул күнгө чейин шаардык Кеӊештин токтомдорун турмушка ашыруу начар абалда. Кербен шаарындагы турмуш-тиричиликтин катуу калдыктары ташталуучу жай өтө кейиштүү абалда турат. Шаардык Кеӊеште полигонду кеӊейтүү боюнча бир нече жолу токтомдор кабыл алынгандыгына карабастан, ушул күнгө чейин маселе ачык турат.

            Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, шаарга тартылып келе жаткан Таза-Суу долбоору боюнча иштер сапатсыз жүргүзүлүүдө. Натыйжада казган жерлери чөгүп, көчөлөр баткак болуп элдердин нааразычылыгын жаратууда. “Аймактарды өнүктүрүүнүн улуттук диалогу” Конференциясында КР Президенти С.Жээнбеков “Өлкөнүн өнүгүшү жергиликтүү бийликтердин иш аракетинен көз каранды”, – деп баса белгилегендигин жетекчиликке алып, мэрия  ички резервдерди пайдалануу менен, социалдык-экономикалык иш чараларды калктын бакубат жашоосуна, Кербен шаарынын өнүгүп өсүшүнө багыттоо мезгилдин, бүгүнкү күндүн актуалдуу талабы деп эсептөөсү зарыл.

            Жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII-чакырылышынын  кезектеги  жыйырма экинчи  сессиясы

                                        Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

  1. 2019-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-чарасынын аткарылышы боюнча Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевтин отчёту канаттандырарлык деп табылсын.
  2. 2020-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чарасы бекитилсин (тиркелет)
  3. Депутаттык суроо талаптарды жана өз милдеттерин так аткара албаган адистердин кызмат абалдарын кароо жагы мэрге сунушталсын.
  4. Кербен шаарынын мэриясы:
  5. Турмуш-тиричилик калдыктарын таштоочу жайдын жанынан полигонду кеӊейтүү максатында шаар үчүн бирдиктүү топурак карьерин уюштурсун жана ушул убакка чейин иштеп келген мыйзамсыз карьерлерди жабуу боюнча чараларды көрсүн;
  6. А.Жоробеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин туалетин жана № 1 “Келечек” балдар бакчасынын таштанды чогултуучу жайын  оӊдоого каражат тапсын;
  7. Ш.Таштанов атындагы Мамай башталгыч мектебине компьютер алып берүү боюнча мыйзамдуу жолдорун аныктап, каржылоо булагын издеп тапсын;
  8. Шаардын борборундагы мыйзамсыз күркөлөр алынсын;
  9. “Алтын балалык” бала бакчасына кошумча тайпа ачуу маселесин иликтеп, тактасын;
  10. 2019-жылда  Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чарасын аткарууда кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча 2020-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен отчёт берсин.
  11. 2020-жылдын апрель айында депутаттык комиссия 2019-жылда тендер аркылуу аткарылган иштердин сапатын иликтеп, сессияга маселе даярдасын.
  12. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  13.  Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.
  14. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                              Н.Шадыбеков

Кербен ш. 5.03.2020ж. № 22/1

Тиркеме

Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 5-мартындагы № 22/1 токтому менен бекитилген

2020-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык онуктуруу иш чарасы

К/     № Иш – чаралардын аталышы Керектелуучу финансалык  каражат (мин.сом) Каражат булагы Аткаруу мооноту Кутулуучу жыйынтык Жооптуулар
I ОНОР – ЖАЙ,  КУРУЛУШ          
1 Жалпы таштанды тогулуучу полигонду жазда куздо тазалап сурдуруу жана катлаван казуу. 400,0 Мэрия Май,август Шаардын жашоочуларынын жугуштуу оорулардын алдын алууга ынгайлуу шарт тузулот. Коммуналдык чарба, 
Айыл башчылар
2 Жалпы таштанды тогулуучу жайга орнотулган вагондун ичине эмеректерди алууга. 50,0 Мэрия Жыл ичинде Таштанды тогулуучу жайды кароого шарт тузулот. Коммуналдык чарба 
3 Гаражга коюлуп жаткан керектелуучу буюмдарды сактоо учун навес куруу. 240,0 Мэрия Жыл ичинде Керектуу болгон буюмдарды сактоого мумкунчулук тузуот. Коммуналдык чарба
4 Тынчтык кочосундогу таштанды таштоочу жайдын айланасын пескоблок менен тосуу. 100,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Жашоочулардын таштандыларды таштоого шарт тузулот. Коммуналдык чарба
5 Борбордук кочолордогу орнотулган урналардын эскилерин жанылоо жана жок жерлерине жаныдан 50 даана урна орнотуу 140,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Жашоочулардын таштандыларды таштоого шарт тузулот. Коммуналдык чарба
6 Мамай жана Устукан айылдарынын жаны конуштарга жаныдан электр мамычаларын жана чубалгыларын тартуу. 65,0 Мэрия Жыл ичинде Айылдын жашоочулары муктаж болгон жарыктык менен толук камсыз болууга шарт тузулот. Ш.Нышанов, З.Мырзамамытов
7 Беш-Коргон айылынын тургундарынын Ак Жол болсун тарабындагы эгин талаасына отуучу эски  копуро, Питомникке кире бериштеги копуро, Аксы колледжинин жанындагы копуролорун кенейтууго, Айталиев менен Мавлянов кочосунун кесилишиндеги адам отуучу копуро курууга жана Уметалиев кочосуно Колледжден баштап Акжол болсунга чейинки аралыкка  жаныдан чырактарды орнотууга. 196,2 Мэрия Жыл ичинде Айылдын жашоочулары муктаж болгон жарыктык менен толук камсыз болууга жана эгин талаасына отууго шарт тузулот. Э.Артыкбаев З.Мырзамамытов
8 Кулукдобо айылындагы А.Жоробеков мектебинин спорт залынын айнектерин жана полдорун жанылоого. 184,0 Мэрия Жыл ичинде Мектептеги окуучуларга кыш мезгилинде сабак отууго ынгайлуу  шарт тузулот. С.Кенжебаев,          Мектепке директору Д.Надырбеков, У.Надыров
9 Инвестицияларды каржылоо  учун 3000,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын инфраструктурасы которулот З.Мырзамамытов Айыл башчылар
10 Кулукдобо айылындагы Жерге-Тал айыл аймагы менен чектешкен жерге арко куруп “Кербен шаары” жазуусун жаздырууга. 200,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын инфраструктурасы которулот З.Мырзамамытов Айыл башчылар
11 Жетиген айылынын жашоочулары муктаж болгон жаны конуштарга электр мамычаларын орнотуу 124,0 Мэрия Жыл ичинде Айылдын жашоочулары муктаж болгон жарыктык менен толук камсыз болууга  шарт тузулот Б.Абылкасымов З.Мырзамамытов
12 Акдобо айылындагы Камбаров, Узенова, Акдобо 1, Акдобо 2, Урустемов, Ташбаев кочолоруно 40 даана тунку чырактарын орнотууга. 80,0 Мэрия Жыл ичинде Айылдын жашоочулары тундо жолдо журуусуно шарт тузулот А.Асанов З.Мырзамамытов
13 Кербен шаарынын А.Осмонов менен Бейшеналиев кочосунун кесилишине диаметри 1метр болгон 12 метрлик темир трубасын орнотууга. 1метр*10,0=120,0 120,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын жашоочулары муктаж болгон трубалары менен камсыз болот. Курулуш жана турак жай болуму
14 Дон-Кыштак айылындагы Кабаев кочосунундогу селевой каналга автоунаа жана адам отуучу копуро куруу 200,0 Мэрия Жыл ичинде Айылдын жолун суу сел журуудо алдын алууга ынгайлуу шарт тузулот. Б.Парпиев, З.Мырзамамытов
15 Жардуу-Колот айылындагы селевой каналды жашоочулардын кыйынчылык жаратпай тургандай кылып башкы каналга алып келип кошууга. 74,6 Мэрия Жыл ичинде Айылдын жолун суу сел журуудо алдын алууга ынгайлуу шарт тузулот. Б.Парпиев, З.Мырзамамытов
16 Кербен суу канал МИнын Аксы РЭС тарабындагы скважинага баруучу копурону курууга 100,0 Мэрия Жыл ичинде Айылдын жолун суу сел журуудо алдын алууга ынгайлуу шарт тузулот. Б.Парпиев, З.Мырзамамытов, М.Бактыяров
17 Курулуш айылындагы жашоочулардын сугат суу менен камсыздоо учун Беш-Батман каналындагы болунгон тосмону курууга. 350,0 Мэрия Жыл ичинде Айылдын жолун суу сел журуудо алдын алууга жана айылдын эли сугат суу менен камсыз болууга ынгайлуу шарт тузулот. К.Торобеков, З.Мырзамамытов
18 Кербен шаары  аймагындагы  жана айылдардагы  ички  жолдорду  жана  мазарлардын бузулган жолдорун шагылдоо. 633,6 Мэрия Май, июнь Шаардын  айдоочулары  учун  жолдогу  эрежелерге  карап  журууго  ынгайлуу  болот Курулуш жана турак жай болуму
19 Муниципалдык  менчиктерди  тактоо жана зарыл болгон жерлерге мамлекеттик  акт  алуу, каттоо, чиймелерди сыздырууга (АПШ сметаларды даярдоолорго) акы толоо. 300,0 Мэрия Жыл ичинде Муниципалдык менчиктеги объектилер документ менен камсыздалат З.Мырзамытов, С.Апсаматов,
Айыл башчылар
20 Кербен шаарынын Уметалиев кочосун жана М.Эргешов кочолорунун 1345 метр жерине жаныдан тротуар курууга 1859,2 Мэрия Жыл ичинде Шаардын жашоочулары жолдо журуусуно шарт тузулот. Курулуш жана турак жай болуму
21 “Токтогул” атындагы эс алуу парктын ичиндеги жолдорду ондоп асфальттоо, ремонттоо жана  Улуу  Ата Мекендик  Согуштун  Женишинин  75-жылдыгына  карата  даярдык  коруу  жалпы кутууго 692,0 Мэрия, Жыл ичинде Парктын ичи кооздолот М.Маразаев
  Бардыгы: 9108,6        
II КОММУНАЛДЫК  ТЕЙЛОО          
22 Мэриянын  аймагындагы жолбун  ит – мышыктарды  атуу  150,0 Мэрия I, IV квартал  Шаардын  тургундарына  коркунучу  жок  журууго  шарт  тузулот Коммуналдык чарба
23 Кербен шаары ичине тунку  жарык  беруучу  200 даана точкаларды  орнотуу  жана  алардын  лампочкаларын  алмаштырып  туруу  459,0 Мэрия Узгултуксуз Шаардын  тургундарына  коркунучу  жок  журууго  шарт  тузулот. Курулуш жана турак жай болуму
24 Уметалиев-Эргешов кочосунун кесилишине жаныдан светофор орнотуу 456,2 Мэрия Жыл ичинде Шаардын корку кооз корунушко ээ болот. Курулуш жана турак жай болуму
25 Уметалиев-Токтогул кочосунун кесилишине жаныдан светофор орнотуу 456,2 Мэрия Жыл ичинде Шаардын корку кооз корунушко ээ болот. Курулуш жана турак жай болуму
26 Шаар  ичиндеги  жолдорго  МАИ  кызматкерлери  менен  биргеликте  жол  белгилерин  орнотуу,  тийиштуу жерлерге жол сызыктарды сыздыруу. 200,0 Мэрия Март, апрель Шаардын  айдоочулары  учун  жолдогу  эрежелерге  карап  журууго  ынгайлуу  болот. Курулуш жана турак жай болуму
27 Уран-чакырыктарды, накыл  создорду  жаздыруу,  илуу  жана  жанылоо   125,0 Мэрия Учурунда Шаардын  тургундарына  ылайыктуу  жарнамалар корунуп  кооздолот. Коммуналдык чарба, Н.Абдыкаар уулу
28 Кербен шаарынын аймагындагы жаны конуштарга столба сатып алууга 800,0 Мэрия Учурунда Шаардын  тургундары  электр мамычалары жана жарыктандыруу менен камсыз болот. Курулуш жана турак жай болуму
29 Кербен шаары боюнча кочолордогу  бузулган  асфальт  жолдорго битум куюп  асфальт  менен  жамоо жана сельхоздун жанына труба коюп ондоо. 350,0 Мэрия Июнь,октябрь Жургунчулор журууго жана транспорт ээлерине ынгайлуу шарт тузулот. Курулуш жана турак жай болуму
30 Жаны – жылга  карата  балаты  жасалгалоо  жана  балаты  майрамын  откоруу  177,1 Мэрия Декабрь Шаардын  элине  жаны  жыл  майрамын  откорууго  шарт  тузулот. Курулуш жана турак жай болуму
31 Борбордук кочолорду анын тротуарларын жана арыктарын ичтерин тазалап шыпырып туруу учун шыпыргы, ж.б кундолук керектелуучу буюмдарды алуу 200,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын корку кооз корунушко ээ болот. Коммуналдык чарба
32 Кербен шаарына керектелуучу диаметри 500мм*10 даана=60,0. 300мм*26 даана=104,0. 200мм*20 даана=56,0 азбест трубалары менен камсыз кылуу. Мамайга 500 мм*10 даана=60,0. Акдобого 300 мм*6 даана=24,0. 500 мм*2 даана=12,0 жалпысы 316,0 мин сом. 316,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын жашоочулары муктаж болгон трубалары менен камсыз болот. Курулуш жана турак жай болуму
33 Кербен шаарынын борбордук кочолоруно жаныдан 80 даана тювек *4,5 = 360,0 мин сом. Туя колоновидная 100 даана * 3,5 = 350,0 мин сом, ар турдуу гулдорду алууга 30,0 мин сомдук сатып алуу жана орнотууга. Жалпысы 740,0 мин сом. 740,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын корку кооз корунушко ээ болот. Курулуш жана турак жай болуму
  Бардыгы: 4429,5        
III АЙЫЛ – ЧАРБАСЫ          
34 Табигат  кырсыктарын жана жугуштуу оорулардын алдын  алуу  боюнча  иш  алып  баруу (Эпид фонд) 200,0 Мэрия                      Жыл ичинде Шаардагы табигат кырсыктар жана жугуштуу оорулар алдын алынат А.Биймырзаев,   С.Апсаматов
  Бардыгы: 200,0        
IV МАДАНИЯТ           
35 канцелярдык товарларды алууга-348,4, ажааткана курууга-494,2, отопленияны жанылоого-323,4, капиталдык ремонттоого-300,0, кундолук керектелуучу буюмдарды алууга-75,0, ишембиликтерду откорууго-20,0, жаны жылга-20,0, компьютер комплектилерин камсыздоого жана ремонт жасоого-200,0, склад комуркана курууга-400,0 = 2181,0 2181,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Муниципалдык кызматкерлерге ынгайлуу шарт тузулот А.Райимбеков,
36 КРнын Жогорку Кенешинин шайлоосуна керектуу болгон муктаждыктарды чечууго 30,0 Мэрия 4-квартал Шайлоочуларга ынгайлуу шарт тузулот. Айыл башчылар, С.Кенжебаев
37 КРнын мамлекеттик эл жана турак жайларды каттоого керектелуучу муктаждыктарды чечууго 110,0 Мэрия Жыл ичинде Эл жана турак жайларды каттоодо ынгайлуу шарт тузулот. Айыл башчылар, С.Кенжебаев, Салык инспекторлор
38 Кербен шаарынын жаштарынын тузулгон иш чарасын колдоого 200,0 Мэрия Жыл ичинде Кербен шаарынын жаштарына иш чараны тузууго стимул болот. Н.Абдыкаар уулу,  М.Убраим  уулу
39 Кербен шаарындагы жыл ичинде откорулуучу даталуу кундорго болгон муктаждыктарды чечууго 865,0 Мэрия Жыл ичинде Кербен шаарынын аймагындагы откорулуучу даталуу майрам кундорду откорууго шарттуу мумкунчулуктор тузулот С.Кенжебаев,
Абдыкаар уулу Н
Айыл башчылар
40 Кербен Ардагерлер Кенешинин торагасынын кайрылуусунун негизинде жай мезгилинде саякатка барууга колдоо корсотууго 35,0 Мэрия Жыл ичинде Кербен шаарынын Ардагерлер Кенешинин мучолоруно саякатка баруусуна ынгайлуу шарт тузулот Э.Сатаев,    Ардагерлер Кенешинин мучолору
41 Мэриядагы аксакалдар сотунун торагасынын кайрылуусунун негизинде ар квартал сайын каржылоого жана канцелярдык буюмдары учун 75,0 Мэрия Жыл ичинде Мэриянын аксакалдар сотунун кызматкерлерине ынгайлуу шарт тузулот А.Райимбеков, Ж.Жумабаев
  Бардыгы: 3496,0        
V СПОРТ          
42 Спорттук  клубдарды  колдоо  жана кичи футбол аянтчасынын жанындагы контейнерди иштетуу калыбына келтируу. 500,0 Мэрия Жыл ичинде Жаштардын  спортко кызыгуусу  жогорулайт Ш.Нурматов
43 А.Дуйшобаев борбордук стадионунун жылдык иш чарасын аткарууга жана павлоня дарагын олтургузууга. 200,0 Мэрия Жыл ичинде Шаардын инфраструктурасы жакшырып кооз корунушко ээ болот Ш.Нурматов
  Бардыгы: 700,0        
VIII БИЛИМ  БЕРУУ          
44 Жалпы балдар бакчаларынын кир жуучу жана идиш-аяктарды жуучу каражаттар менен камсыз кылуу. 800,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Бакчадагы балдарга шарт тузулот жана бакчадагы балдардын санитардык абалы таза корунушко ээ болот С.Кенжебаев,          Мектепке чейинки уюмдардын жетекчилери
45 Кербен шаарындагы жалпы шайлоо учаскасындагы пандус жок жерлерге пандус куруу. 63,8 Мэрия Жыл ичинде Майып шайлоочуларга ынгайлуу  шарт тузулот. С.Кенжебаев,          Айыл башчылар
46 Жалпы билим беруу тармагынын муктаждыгын чечууго багытталган камсыздоолорду аткаруу 300,0 Мэрия Жыл ичинде Билим беруу тармагынын муктаждыгын чечууго шарт тузулот. С.Кенжебаев,          Жалпы билим беруу жетекчилери
47 Жалпы балдар бакчаларынын жайкы мезгилде учурдагы ремонт иштерине камсыз кылууга 700,0 Мэрия Жыл ичинде Балдар бакчасынын имараты жаныдан кооз корунушко ээ болот. С.Кенжебаев,          Мектепке чейинки уюмдун жетекчилери
48 Жардуу-Колот айылындагы К.Омуралиев мектебинин быйылкы ысык тамакка киргизуу учун жаныдан ашкана курууга 1000,0 Мэрия Жыл ичинде Мектептеги 1-4-классатардагы окуучуларга тамактануусуна ынгайлуу  шарт тузулот С.Кенжебаев,          Мектеп директору А.Асанова
49 Мамай айылындагы мектеби быйылкы ысык тамакка киргизуу учун жаныдан ашкана курууга 1000,0 Мэрия Жыл ичинде Мектептеги 1-4-классатардагы окуучуларга тамактануусуна ынгайлуу  шарт тузулот С.Кенжебаев,          Мектеп директору М.Аккулиева
50 Жалпы билим беруу тармагынын имаратын экотехинспекциясынын койгон талаптарына ылайык келтирууго жана электр лабораториядан откорууго. 300,0 Мэрия Жыл ичинде Мектептерди жана бала бакчаларын электр жарыгын узгултукко учуратпоосуна ынгайлуу  шарт тузулот. С.Кенжебаев        
51 Устукан-Мамай, Актерек-Акдобо багыттары боюнча окуучуларды мектепке жеткирууго. 200,0 Мэрия Жыл ичинде Мектептеги окуучуларга ынгайлуу  шарт тузулот С.Кенжебаев,          Мектеп директору
52 Т.Уметалиев орто мектебинин актив залынын чатырын толугу менен алмаштырууга курулуш материалын сатып берууго – 171,0 мин сом, жаныдан ажааткана курууга – 500,0 мин сом 671,0 Мэрия Жыл ичинде Мектептеги окуучуларга ынгайлуу  шарт тузулот С.Кенжебаев,          Мектеп директору У.Атаканов
53 Наристе балдар бакчасынын кошумча имаратын сатып алуу 600,0 Мэрия Жыл ичинде Бакчадагы балдарга ынгайлуу  шарт тузулот. С.Кенжебаев,          Ж.Камбарова
54 Кербен суу канал ишканасынын кайрылуусуна негиз жумуштун ондуруштук зарылчылыгына байланыштуу чакан эксковатор сатып алуу. 1500,0 Мэрия Жыл ичинде Жашоочуларга ичуучу таза суу беруу учун бузулган жерлерди ондоону оз мезгилинде акарууга мумкунчулуктор тузулот. З.Мырзамамытов, М.Бактыяров
55 Жалпы балдар бакчаларынын тошокторунун агын (белье) жанылоого. 414,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Балдар бакчасындагы тарбияланып жаткан балдарга оорунун алдын алууга ынгайлуу шарт тузулот. С.Кенжебаев,          Мектепке чейинки уюмдардын жетекчилери
56 №4,5 балдар бакчасына муздаткыч, №2 бакчасына электрический щит, №5,6,7 бакчасына пожарный щит, №2,3,4,8 бакчаларына движок сатып алып берууго. 250,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Балдар бакчасындагы тарбияланып жаткан балдарга ынгайлуу шарт тузулот. С.Кенжебаев,          Мектепке чейинки уюмдардын жетекчилери
57 Жалпы балдар бакчаларынын жыл ичинде  дары-дармектер (медикамент) менен камсыз кылууга жана мектептерди балдар бакчаларын дезинфекциялоого 240,0 Мэрия 2-3 квартал ичинде Балдар бакчасындагы тарбияланып жаткан балдарга оорунун алдын алууга ынгайлуу шарт тузулот. С.Кенжебаев,          Мектепке чейинки уюмдардын жетекчилери.
58 В.Линский атындагы Ынтымак орто мектебине жаныдан ажааткана курууга курулуш материалдарын камсыздоого. 320,0 Мэрия Жыл ичинде Мектептеги окуучуларга ынгайлуу  шарт тузулот. С.Кенжебаев,          Мектеп директору.
  Бардыгы: 8358,8        
  ЖАЛПЫ: 26292,9        
  Мэрия  тарабынан  2020-жыл бюджет эсебинен 26292,9  
  Жыйынтыгы : 26292,9  

Кербен шаардык Кенешинин жооптуу катчысы Д.Алиев

Админ
Автору Админ March 30, 2020 15:52