Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 23/1 токтому

Админ
Автору Админ March 30, 2020 15:53

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин                                 VII чакырылышынын  кезексиз  жыйырма үчүнчү  сессиясы

                                                    Т О К Т О М

Кербен шаарында коронавирус илдетинин алдын алуу иш чараларына байланыштуу жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

         Кербен шаарынын мэри  Н.Эсеналиевдин Кербен шаарында коронавирус илдетинин алдын алуу иш чаралары жана бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө  23.03.2020-ж. № 3-34/199 билдирүүсүн жана шаардык Кеӊештин бюджет, финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 23.03.2020-ж. № 75   токтомун карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз  жыйырма үчүнчү  сессиясы

                                               ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.2020-жылга Кербен шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

– инвестицияга каралган каражаттан 500,0 (беш жуз) миӊ сом алынсын;

– өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана эпидемиологиялык иш чаралар үчүн кошумча 500,0 (беш жуз) миӊ сом бөлүнүп берилсин.

2.Кербен шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Б.Ыманбай уулуна, 2020-жылга Кербен шаарынын бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы тапшырылсын.

3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

5. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча   туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                                    Н.Шадыбеков

Кербен ш. 23.03.2020ж. № 23/1

Админ
Автору Админ March 30, 2020 15:53