Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 8-июлундагы кезексиз сессиясынын № 24/1 токтому

Админ
Автору Админ July 22, 2020 15:58

                        Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин VII чакырылышынын  кезексиз  жыйырма төртүнчү  сессиясы

                                                             Т О К Т О М

“Нур Шаты” ЖЧКсына логистикалык борбор куруу үчүн жер ажыратып берүү  жөнүндө.           

            “Нур Шаты” ЖЧКсы Кербен шаарында мөмө-жемиштерди сактоо боюнча логистикалык борбор  жана мал союучу цех курууга жер сурап кайрылган.  Бул маселе шаардын мэриясынын алдындагы жер комиссиясында каралган жана мэрия 2020-жылдын 17-июнундагы № 3-35/372 кайрылуусу менен “Нур Шаты” ЖЧКсына Кербен шаарынан жер ажыратып берүүгө макулдук берүүнү сураган.

            Жогорудагы маселе боюнча шаардык Кеӊештин жер жана суу ресурстары боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 22-токтомун карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезексиз  жыйырма төртүнчү  сессиясы

                                                           ТОКТОМ    КЫЛАТ :     

1. “Нур Шаты” ЖЧКсына логистикалык борбор жана мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цех куруу үчүн Кербен шаарынан узак мөөнөткө жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Кербен шаарынын мэриясына, ишкананын долбооруна жана  КР мыйзамдарына ылайык жер аянтын бөлүп берүүнү кароо жагы сунушталсын.

3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

5. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

6. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы   суу жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ы.Сарыевке жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                                    Н.Шадыбеков

Кербен ш. 08.07.2020ж. № 24/1

Админ
Автору Админ July 22, 2020 15:58