Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/8 токтому

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:36

            Кербен шаарынын тургуну Д.Тажимырзаеванын кайрылуусу жөнүндө.

            Кербен  шаардык Кеӊешине Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын М.Зыябеков көчөсүндөгү № 31-үйүнүн жашоочусу Д.Тажимырзаева  кайрылган. Кайрылууда 2020-жылдын 16-сентябрь күнү сарайы (аткана)  400 даана прес чөбү менен күйүп кеткен. Бул кайрылууну Кербен шаарынын мэриясы 09.10.2020-жылдагы № 3-34/572 сандуу билдирүүсүндө  15 000 (он беш миӊ) сом жардам берүүнү сунуштаган.                    

            Жогорудагы  маселени карап жана талкуулап чыгып Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  жыйырма алтынчы  сессиясы

                                               ТОКТОМ     КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын М.Зыябеков көчөсүнүн № 31 үйүнүн жашоочусу Д.Тажимырзаевага материалдык колдоо үчүн резервдик фонддон 15 000 (он беш миӊ) сом бөлүп берүү жагы Кербен шаарынын мэриясына сунушталсын.
  2. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.
  4. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                              Н.Шадыбеков

Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/8

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:36