Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясыны 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/6 токтому

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:38

 2020-жылга Кербен шаарынын бюджетине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө

            Кербен шаарынын мэриясынын, Уметалиев көчөсүнүн тротуарын калыбына келтирүү, техникаларды күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоо, өзгөчө кырдаал учурунда иштеген адистердин эмгек акысына кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө кайрылууларын карап жана талкуулап чыгып,  Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VII чакырылышынын  кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы

                                                            ТОКТОМ     КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүнүн тротуарын калыбына келтирүү жана мэриянын атайын техникаларын күйүүчү жана майлоочу май менен камсыздоо маселесин 2021-жылдын бюджетинин долбооруна  киргизүү жагы сунушталсын.
  2. КР Өкмөтүнүн жана Кербен шаарынын мэринин буйруктарынын негизинде жумушка тартылган муниципалдык кызматкерлерге кошумча эмгек акы төлөп берүүгө 2020-жылдын бюджетинен ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен  584,0 (беш жүз сексен төрт) миӊ сом бөлүнүп берилсин.
  3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  4.  Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.
  5. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен  шаардык  Кенешинин  төрагасы                           Н.Шадыбеков  

Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/6

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:38