Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2020-жылдын 29-декабрындагы № 26/1 токтому

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:43

 Кербен шаарынын таза суу менен камсыздоо долбоорунун аткарылышынын сапаты жөнүндө 

            Кербен шаарын таза суу менен камсыздоо долбоору 2018-жылдан тартып өз жумушун жүргүзүп жатат. Сметалык наркы 205 млн. сом. Бул долбоорду  эки фирма жүргүзүп жатат. Курулушту бүткөрүү мөөнөтү 2021-жылдын июль айына чейин жылдырылды.

            Жарыяланган графикке  ылайык 2019-жылдын аягында курулуш бүтүш керек эле. Бирок иш  1,5 жылга узарып кетти.

             Бул долбоордун курулуштары боюнча маселе бир нече жолу депутаттык комиссиялар тарабынан каралган. Анда  “Инженерная защита” фирмасы тарабынан аткарылган жумуштардын сапаты начар жүргүзүлгөндүгү белгиленген. Кемчиликтер ушул убакытка чейин четтетилген жок.

            Кербен шаарынын борборундагы,  Жетиген, Курулуш, Күлүк-Дөбө айылдарындагы  “Инженерная защита” фирмасынын аткарган жумуштарынын сапаты начар, курулган курулуштар СНИПке жооп бербейт. Долбоордун курулушу сапатсыз болгондуктан, Кербен шаарын таза суу менен камсыздоо турмушка ашпай калуу коркунучу жаралууда.

            Жогорудагы маселени  карап жана талкуулап чыгып Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  жыйырма алтынчы  сессиясы

                                               ТОКТОМ     КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарынын аймагында курулуп жаткан “Кербен шаарын таза суу менен камсыздоо” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан жумуштар  сапатсыз экендиги белгиленсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясына:

-Кербен шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун планында көрсөтүлгөн жумуштарды  өзгөртүүсүз аткарсын.

-“Кербен шаарын таза суу менен камсыздоо” долбоору 1,5 жылга узартылгандыгына байланыштуу адистерге төлөнүп жаткан чыгымдар такталып шаардык Кеӊешке билдирилсин.

-Кербен шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун сапатсыз жүргүзүлүп жаткан курулуш жумуштары боюнча жогорку органдарга кайрылууларды  жөнөтсүн.

-Кербен шаарын таза суу менен камсыздоо долбоору аяктагандан кийин кабыл алуу комиссиясына төмөнкү шаардык Кеӊештин депутаттары киргизилсин:

-Озокеев Э.

-Ормоналиев А.

-Жуманазров Ж.

3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн. 

4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

5. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                              Н.Шадыбеков

Кербен ш. 29.12.20ж. № 26/1

Админ
Автору Админ January 20, 2021 10:43