Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/14 токтому

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:09

Кербен шаарынын Дөӊ-Кыштак участкасынан  социалдык обьектилерди куруу үчүн 7,0 (жети) га жер аянтын издеп табуу жөнүндө

            Жогорудагы маселе боюнча Кербен шаардык Кеӊешинин муниципалдык мүлк жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 23 , 2020-жылдын 17-сентябрындагы Дөӊ-Кыштак участкасынын жашоочуларынын жалпы  чолгулушунун токтомдорун карап жана талкуулап чыгып,  Кербен шаардык Кеӊешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги  жыйырма жетинчи сессиясы

                                               ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Кербен шаарынын мэриясы  Дөӊ-Кыштак участкасынан жашоочулардын муктаждыгын чечүү максатында, социалдык обьектилерди куруу үчүн 7 (жети) га жер аянтын издеп тапсын.

2.Кербен шаарынын мэриясы, жер ээлери менен жер акысын компенсациялоо жөнүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жана макулдашууларды жүргүзсүн.

3.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ы.Сарыевке жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы:                                      Н.Шадыбеков

Кербен ш. 22.02.21ж. № 27/14

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:09