Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/13 токтому

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:21

Кербен шаарынын аймагында жылкыларды идентификациялоо үчүн кызмат көрсөтүү акысын белгилөө жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2014-жылдын 5-декабрындагы “Жаныбарларды идентификциялоо эрежесин бекитүү жөнүндө” № 694 токтомун,  Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 29-январындагы

№ 24-Б буйругун жана Кербен шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 18-февралындагы № 3-35/142 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги  жыйырма жетинчи сессиясы

                                               ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Кербен шаарынын мэриясы:

            – 2021-жылдын 1-мартынан тартып жылкыларды идентификациялоо иштерин жүргүзсүн.

            – Мал ээлерине түшүндүрүү иштерин баштасын.

2.Жылкыларды идентификациялоо боюнча кызмат көрсөтүү үчүн мал ээсинен алынуучу акы  бир баш жылкыга – 60 (алтымыш) сом суммасында белгиленсин.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Кербен шаардык мэриясына жүктөлсүн.

4.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

5.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ы.Сарыевке жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы:                                       Н.Шадыбеков

Кербен ш. 22.02.21ж. № 27/13

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:21