Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/12 токтому

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:24

           Кербен  шаарынын Күлүк-Дөбө айылындагы Күлүк-Дөбө-8 көчөсүнө эмгек ардагери Орозов Апсаламдын  ысмын берүү жөнүндө

            Кербен  шаарынын  Күлүк-Дөбө айылындагы Күлүк-Дөбө-8  көчөсүнө эмгек ардагери Орозов Апсаламдын ысмын берүү жөнүндө Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук,  регламент  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  2021-жылдын 18-февралындагы №  57-токтомун  карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги  жыйырма жетинчи сессиясы

                                                ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө айылындагы Күлүк-Дөбө-8  көчөсүнө   эмгек ардагери Орозов Апсаламдын  ысмы ыйгарылсын жана ал “Орозов Апсалам атындагы көчө”, – деп аталсын.

2. Кербен  шаарынын  мэриясы,  көрнөктөрдүн  формасын, өлчөмүн  аныктап жана  анын  туура  жайгашуусун  жана  жазылуусун  көзөмөлгө  алсын.

3.Ат  коюу  салтанатын  уюштуруу  жана   Кербен   шаарынын  мэриясы  менен  макулдашылган   формадагы, өлчөмдөгү   көрнөктөрдү  жасап  илдирүү  жагы  аты   коюлуп   жаткан   инсандын   үй-бүлөсүнө   жүктөлсүн.

4. Кербен   шаарынын   мэриясы, токтомду   аткарууга   алсын  жана  өзүнүн  иш-кагаздарын, маалымат  базасын  токтомго  ылайык  келтирсин

5.КР  Өкмөтүнүн  2014-жылдын  22-октябрындагы  № 610  токтому  менен  бекитилген «КР даректерди  ыйгаруу  жана  даректүү  каттоону  жүргүзүү  тартиби   жөнүндө” жобонун  25-пунктуна  негиз, тиешелүү   өзгөртүүлөр  боюнча   даректүү  каттоого  алуу   жагы “ Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси   Т.Мырзаматовго сунушталсын.

6.Бул токтом КР Өкмөтүнүн 23.10.2017-жылдагы  № 690 токтомуна ылайык, калкты жана турак үйлөрдү каттоо өнөктүгү аяктагандан кийин  күчүнө кирери белгиленсин.

7.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

9.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу  комиссиянын  төрайымы М.Камбаровага  жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы:                                       Н.Шадыбеков

Кербен ш. 22.02.21ж. № 27/12

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:24