Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/10 токтому

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:33

Кербен  шаарынын  Ак-Дөбө айылындагы “Тоо”  көчөсүнө Шералиев Абдыкеримдин ысмын  ыйгаруу  жөнүндө

             Кербен  шаарынын  Ак-Дөбө айылындагы “Тоо”  көчөсүнө  Шералиев Абдыкеримдин ысмын  ыйгаруу  жөнүндө Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук,  регламент  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  2021-жылдын 15-февралындагы № 53-токтомун карап чыгып ал токтом четке кагылды.

            Жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги  жыйырма жетинчи сессиясы

                                                ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.Кербен  шаарынын  Ак-Дөбө айылындагы “Тоо”  көчөсүнө  Шералиев Абдыкеримдин ысмын  ыйгаруу  жөнүндө  Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 53-токтому четке кагылсын.

2.Ат коюу боюнча демилгечи топко жана Кербен шаарынын мэриясына Шералиев Абдыкеримдин ысмын Ак-Дөбө айылындагы “Тоо” көчөсүнө  ыйгарып берүү жөнүндө токтому  колдоо таппагандыгы билдирилсин.

3.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

5.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу  комиссиянын  төрайымы М.Камбаровага  жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы:                                       Н.Шадыбеков

Кербен ш. 22.02.21ж. № 2710

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:33