Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/7 токтому

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:45

Кербен  шаарындагы № 69- кесиптик лицейине эмгек ардагери Темиралиев Акпаралынын ысмын ыйгаруу  жөнүндө

            Кербен  шаарындагы № 69 – кесиптик лицейине эмгек ардагери Темиралиев Акпаралынын ысмын ыйгаруу  жөнүндө  Кербен шаарындагы № 69 – лицейинин жамаатынын 2021-жылдын 11-январындагы  жыйынынын токтомун  жана   шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук,  регламент  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 54-токтомдорун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги  жыйырма жетинчи сессиясы

                                                ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.Кербен шаарындагы № 69- кесиптик лицейине Кыргыз ССРинин кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн  эмгек сиӊирген кызматкери, эмгек ардагери Темиралиев Акпаралынын ысмы ыйгарылсын жана ал “Темиралиев Акпаралы атындагы № 69-кесиптик лицейи”, –  деп аталсын.

2.Темиралиев Акпаралы атындагы № 69-кесиптик лицейинин директору Т.Тасмаевге жана аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө  мөөрүн жана аталышын кайрадан жасатып жаздыруу жүктөлсүн.

3.КР  Өкмөтүнүн  2014-жылдын  22-октябрындагы  № 610  токтому  менен  бекитилген «КР даректерди  ыйгаруу  жана  даректүү  каттоону  жүргүзүү  тартиби   жөнүндө” жобонун  25-пунктуна  негиз, тиешелүү   өзгөртүүлөр  боюнча   даректүү  каттоого  алуу   жагы “ Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси   Т.Мырзаматовго сунушталсын.

4.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

5. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

6.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу  комиссиянын  төрайымы М.Камбаровага  жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы:                                       Н.Шадыбеков

Кербен ш. 22.02.21ж. № 27/7

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:45