Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/6 токтому

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:49

Кербен  шаарынын айрым тургундарына “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу  жөнүндө

            Кербен шаарынын экономикалык-социалдык өнүгүүсүнө жана калктын ден-соолугун чыӊдоодо, саламаттыгына кам көрүүдө, ошондой эле жогорку денгээлде  сот адилаттүүлүгүн  камсыз кылууда, мекенди коргоодо кошкон  зор салымдары үчүн  “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө Кербен шаарынын мэринин 2020-жылдын 18-декабрындагы  № 3-34/702,  2021-жылдын 9-февралындагы  № 3-35/112 , Аксы РОАА жана МСЭКБнун, райондук үй бүлөлүк медицина борборунун, аймактык ооруканаларынын сунуштарын, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук,  регламент  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 51 жана 18-февралдагы № 57 – токтомдорун  карап жана талкуулап чыгып,  Кербен шаардык Кеӊешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги  жыйырма жетинчи сессиясы

                                                ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.Кербен шаарынын төмөнкү тургундарына “Кербен шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилсин:

            -Табалдиева Суусар Мурсабекова – Аксы аймактык ооруканасынын бөлүм  башчысы;

            -Кыдыралиев Жеӊишбек Маматович – Кербен медициналык тез жардам бөлүмүнүн улуу фельдшери;

            -Айылчиев Муктаралы – Аксы райондук ОАА жана МСЭКБнун бөлүм башчысы;

            -Өмүралиев Түгөлбай Турдубаевич – Баткен согушунун катышуучусу;

            -Масалбеков Айбек Толубаевич – Баткен согушунун катышуучусу;

            -Момунов Рахманжан Маматкеримович – эмгек ардагери

            -Дарманкулов Манасбек Маширапович – Аксы райондук сотунун төрагасы

2.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

3.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

4.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу  комиссиянын  төрайымы М.Камбаровага  жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы:                                       Н.Шадыбеков

Кербен ш. 22.02.21 ж. № 27/6

Админ
Автору Админ March 10, 2021 10:49