Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 22-февралындагы № 27/1 токтому

Админ
Автору Админ March 10, 2021 15:49

  2020-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык  жактан өнүктүрүү иш-чарасынын аткарылышы  жөнүндө

            КР “ЖӨБ органдары жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна негиз, 2020-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-чарасынын аткарылышы  жөнүндө мэр Н.Эсеналиевдин билдирүүсүн жана бюджет, финансы  боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 1-февралындагы № 89-токтомун  карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII-чакырылышынын  кезектеги  жыйырма жетинчи  сессиясы                                 

                                            Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.2020-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-чарасынын аткарылышы боюнча Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевтин отчёту канаттандырарлык деп табылсын.

2.Кербен шаарынын мэриясына:

            -Турмуш-тиричилик калдыктарын таштоочу  полигонду кеӊейтип, санитардык-гигиеналык нормалардын талабына ылайык келтирүү жагы тапшырылсын.

            -Ш.Таштанов атындагы Мамай башталгыч мектебине компьютер алып берүү боюнча мыйзамдуу жолдорду аныктап, каржылоо булагын издеп тапсын;

3.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

5.Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                           Н.Шадыбеков

Кербен ш.22.02.21ж. № 27/1

Админ
Автору Админ March 10, 2021 15:49