Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 21-декабрындагы № 1/1 токтому

Админ
Автору Админ December 27, 2021 13:57

Кербен шаардык Кеӊешинин депутаттык фракцияларын  каттоо  жөнүндө

         Кербен  шаардык  Кеӊешинин  саясий  партиялардын тизмеси  аркылуу  шайланып, депутаттык  топторго  бириккен  депутаттык   фракцияларын каттоо   максатында,«КР  Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө» Мыйзамынын  30-беренесинин  4-пунктуна  негиз, Кербен  шаардык  Кеӊешинин VIII чакырылышынын  кезектеги биринчи  сессиясы

                                          Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

  1. Кербен  шаардык  Кеӊешинде саясий партиялар аркылуу шайланып келген депутаттардын «Ынтымак», «Ата-Журт Кыргызстан»,  «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн Кыргызстан», «Ишеним» депутаттык  фракциялары  катталсын .
  2. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад   областтык   юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом  «www.  Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.
  4. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  шаардык  Кеӊештин  депутаты, сессияны  алып  баруучу К.Досалиевге   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин    сессиясын  алып  баруучу:                          К.Досалиев

Кербен ш. 21.12.2021ж. № 1/1

Админ
Автору Админ December 27, 2021 13:57