Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 2/1 токтому

Админ
Автору Админ January 10, 2022 15:01

Кербен  шаардык Кеӊешинин туруктуу комиссияларын түзүү жана анын сандык, сапаттык курамын бекитүү жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жанажергиликтүү  өз  алдынча башкаруу  жөнүндө» КР  Мыйзамынын 36-беренесине  ылайык, күн тартибиндеги  маселени  карап  жана талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VIII  чакырылышынын  кезектеги   экинчи  сессиясы 

                                        ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. Кербен  шаардык  Кеӊешинин  саны  4 (төрт)  болгон  туруктуу  комиссиялары  түзүлсүн  (№ 1  тиркеме).
  2. Туруктуу  комиссиялардын  сапаттык  курамы  бекитилсин  (№ 2  тиркеме).
  3. Туруктуу   комиссиялардын  (биринчи  отурумунун)  төрага жана анын катчысын  шайлаган  токтомдору  бекитилсин  жана 2022-жылга туруктуу комиссиялар иш-пландарын  түзүүнү   камсыз   кылышсын.
  4. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад областтык    юстиция   башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  5. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.              
  6. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  төраганын  орун  басары Ч.Мамытовго жүктөлсүн.

Кербен   шаардык 

Кеӊешинин   төрагасы:                Ж.Өмүралиев

Тиркеме    № 1

          Кербен  шаардык  Кеӊешинин 2021-жылдын                            28-декабрындагы  № 2/1  токтому  менен  бекитилген

КЕРБЕН   ШААРДЫК  КЕНЕШИНИН  ТУРУКТУУ  КОМИССИЯЛАРЫ

  1. Экономика, бюджет  жана  финансы   маселелери  боюнча туруктуу   комиссиясы

Компентенциясы :

      Экономика, бюджет, финансыга  байланышкан  жана  жергиликтүү башкаруунун  штат  бирдиктери  боюнча  маселелерди  карайт, социалдык экономикалык  стратегиялык  пландын  долбоорун  даярдоого  катышат ошондой  эле  Кеӊештин  чечимдерин  ведомстволук  аймакта  жайгашкан мекемелер, уюмдар  тарабынан  аткарылышына  контролдук  кылат.

2.Мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, Регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

Компентенциясы :

Шаардык  Кеӊештин  регламентин  жана  ага  өзгөртүүлөрдү   киргизүүнү  иштеп чыгып,сессияга  сунуштайт,этика, арыздануу,даттануу, укук,кылмыштуулук,коопсуздук  жана  мыйзамдуулуктун  сакталышы, ат  коюу  боюнча  иштерди  карайт.Кеӊештин  чечимдерин  каттоо  ишканалары  (Госрегистр, ЗАГС,РЭО,нотариус),сот, прокуратура, РОВД  мекемелери, уюмдары  менен өз ара аракеттенет.     Социалдык, маданий, билим-берүү, саламаттыкты  сактоого  байланышкан  маселелерди  карайт. Шаардын  социалдык-экономикалык  өнүгүү   программасынын  долбоорун  даярдоого  катышат.Ушул  багытта  Кеӊештин чечимдеринин  ведомстволук  аймакта  жайгашкан  мекеме-уюмдар тарабынан  аткарылышына  көзөмөл  жүргүзөт, өздөрүнө  тиешелүү маселелерди  карайт, даярдайт  жана  сессиянын  кароосуна  киргизет. Кеӊештин  чечимдеринин  аткарылышын  көзөмөлдөйт.

3.Өнөр  жай, транспорт, курулуш, архитектура  жана  соода  маселелери боюнча  туруктуу  комиссиясы

Компентенциясы :

Өнөр  жай, курулуш, транспорт, архитектура  жана  соода  иштерине  байланыштуу  маселелерди  карайт, даярдайт  жана  сессиянын  кароосуна киргизет. Кеӊештин  чечимдеринин  аткарылышын  көзөмөлдөйт.

    4.Суу  ресурстары, муниципалдык  мүлк, экология  жана  агрардык   маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясы

Компентенциясы :

     Суу  чарбасына  жана  айыл  чарбасына, ошондой  эле  муниципалдык мүлккө,экологияга, жайытка  байланышкан  маселелерди  карайт. Агрардык  саясатты  жүргүзөт. Ушул  багыттагы  ведомстволук  аймакта  жайгашкан  ишканалар  тарабынан  Кеӊештин  чечимдеринин аткарылышына  көзөмөл  жүргүзөт.

Кербен  шаардык  Кеӊешинин  жооптуу   катчысы:                                                    Д.Алиев

Тиркеме    № 2

                                          Кербен  шаардык  Кеӊешинин 2021-жылдын                                    28-декабрындагы  № 2/1  токтому  менен  бекитилген

                          ТУРУКТУУ   КОМИССИЯЛАРДЫН   КУРАМДАРЫ

  1. ЭКОНОМИКА, БЮДЖЕТ  ЖАНА  ФИНАНСЫ  БОЮНЧА  ТУРУКТУУ КОМИССИЯСЫ
  1. Мавлянов Бектемир      –           «Ишеним» СП – төрага
  2. Нармырзаева Бурул         –         «Ата-Журт» СП – катчы
  3. Шадыбеков Нурбек         –         «Бүтүн  Кыргызстан» СП
  4. Мамытова Зарипа            –         «Өнүгүү» СП 
  5. Юсупов Нурбек                –        «Ынтымак» СП
  6. Акматбек уулу Энербек              –         «Ишеним» СП
  7. Камбарова Махабат          –        «Бүтүн  Кыргызстан» СП
  8. Эсеналиев Нарматалы     –         «Ата Журт» СП
  9. Кожоматова Нагина        –         «Ынтымак» СП 2.МЫЙЗАМДУУЛУК, СОЦИАЛДЫК, МАДАНИЙ, БИЛИМ БЕРУУ, САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО, РЕГЛАМЕНТ ЖАНА ЭТИКА  БОЮНЧА  ТУРУКТУУ  КОМИССИЯСЫ        
  1. Дербишова Гүлмира        –         «Ишеним» СП – төрайым
  2. Мамырова Гүлнур           –         «Ата Журт» СП – катчы
  3. Собурбекова Упагүл     –           «Ынтымак» СП
  4. Кадыркулова Жазгул       –         «Бүтүн  Кыргызстан» СП
  5. Туралиева Алчакан          –         «Ата-Журт» СП 3.ӨНӨР   ЖАЙ, ТРАНСПОРТ,  КУРУЛУШ   ЖАНА   СООДА   БОЮНЧА ТУРУКТУУ   КОМИССИЯСЫ
  1. Айтмырзаев Мырзаким                        -«Ата Журт»  – төрага
  2. Жоробаев Эрсултан                    –          «Ишеним» СП – катчы
  3. Тасмаев Топчубек                      –           «Ата Журт» СП
  4. Айтматов Айбек                                    –           «Бүтүн Кыргызсан» СП
  5. Султанмиродов Нурсултан        –         «Ынтымак» П 4.СУУ   РЕСУРСТАРЫ, МУНИЦИПАЛДЫК   МҮЛК   ЖАНА   АГРАРДЫК МАСЕЛЕ   БОЮНЧА   ТУРУКТУУ   КОМИССИЯСЫ
  1. Надырбеков Жанарбек             –           «Ата-Журт» СП – төрага
  2. Турдалыев Азимбек                  –           «Ынтымак» СП  – катчы
  3. Парпиева Келсинай                  –           «Ишеним» СП
  4. Батыралиев Санжарбек            –           «Бүтүн Кыргызсан» СП
  5. Бекмурзаев Мукан                     –           «Бүтүн Кыргызстан» СП
  6. Кутманов Маматкерим             –           «Ынтымак» СП
  7. Апсаламов Фархат                    –           «Ишеним» СП
  8. Досалиев Кубатбек                    –        «Ата Журт» СП
  9. Урустемова Айнура                  –           «Өнүгүү» СП

Кербен  шаардык  Кеӊешинин  жооптуу   катчысы:                                                    Д.Алиев

Админ
Автору Админ January 10, 2022 15:01