Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 16-февралындагы № 3/7 токтому

Админ
Автору Админ February 25, 2022 10:14

Кербен шаарынын борбордук муниципалдык базарынын маселелери боюнча сот процесстерине катышуу үчүн  өкүлдөрдү дайындоого макулдук берүү жөнүндө

            Кербен шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 4-февралындагы  “Кербен шаарынын борбордук муниципалдык базарынын маселелери боюнча сот процесстерине катышуу үчүн  өкүлдөрдү дайындоого макулдук берүү жөнүндө”

 № 3-34/53 кайрылуусун жана Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 7-февралындагы № 9-токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен  шаардык   Кенешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  үчүнчү  сессиясы

                                                   Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

  1. Кербен шаарынын борбордук муниципалдык базарынын маселелери боюнча сот процесстерине катышуу үчүн  Кербен шаардык Кеӊештин өкүлү катары депутат А.Турдалыев  дайындалсын.
  2. Кербен шаарынын мэриясынын  өкүлү катары Н.Эсеналиевди дайындоого макулдук берилсин.
  3. Адвокат жалдоо жана аны  сот процесстерине катыштыруу жагы депутаттар тарабынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  4.  Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  5. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
  6.  Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы,  Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Надырбековго  жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы                                        Ж.Омуралиев

Кербен ш. 16.02.2022ж. № 3/7

Админ
Автору Админ February 25, 2022 10:14