Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 16-февралындагы № 3/6 токтому

Админ
Автору Админ February 25, 2022 10:17

Кербен шаарынын Жетиген айылынын тургуну Нармырзаева Азимкандын турак жай салуу үчүн  кайрылуусу жөнүндө

            Кербен шаарынын Жетиген айылынын тургуну А.Нармырзаевага турак-жай салуу үчүн жер аянтын берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кербен шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 4-февралындагы № 3-34/52 сунушун, КР Президентинин аппаратынын 1.02.2021-ж.  № 4-361 билдирүүсүн жана Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 7-февралындагы № 8-токтомункарап жана талкуулап чыгып, Кербен  шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  үчүнчү  сессиясы

                                            Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

  1. Кербен шаарынын Жетиген айылынын тургуну Нармырзаева Азимканга кезексиз турак жай куруу үчүн жер аянтын табуу жагы Кербен шаарынын мэриясына сунушталсын.
  2. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  3. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
  4. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы,  Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Надырбековго  жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы                                        Ж.Омуралиев

Кербен ш. 16.02.2022ж. № 3/6

Админ
Автору Админ February 25, 2022 10:17