Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 16-февралындагы № 3/5 токтому

Админ
Автору Админ February 25, 2022 10:20

Кербен шаардык Кеӊешинин 2020-жылдын 8-июлундагы № 24/1 токтомуна өзгөртүү, толуктоо  киргизүү тууралуу “Нур-Шаты” ЖЧКнын кайрылуусу жөнүндө

            “Кербен шаардык Кеӊешинин 2020-жылдын 8-июлундагы “Нур-Шаты” ЖЧКсына логистикалык борбор жана кайра иштетүү ишканаларын куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө”  № 24/1 токтомун жана Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 7-февралындагы № 7-токтомун  карап жана талкуулап чыгып, Кербен  шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги  үчүнчү  сессиясы

                                   Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

  1. “Кербен шаардык Кеӊешинин 2020-жылдын 8-июлундагы “Нур-Шаты” ЖЧКсына логистикалык борбор жана кайра иштетүү ишканаларын куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө”  № 24/1 токтомуна өзгөртүү киргизилбесин жана жогорудагы токтомду аткаруу жагы убактылуу токтотулсун.
  2. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  3. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
  4.  Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы,  Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Надырбековго  жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы                                        Ж.Омуралиев

Кербен ш. 16.02.2022ж. № 3/5

Админ
Автору Админ February 25, 2022 10:20