Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 16-февралындагы № 3/3 токтому

Админ
Автору Админ February 25, 2022 11:01

2021-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин  (ЖПБ) аткарган  иштери  жана  2022-жылга  планы  жөнүндө

Кербен шаарынын жайыттарын ырааттуу башкарууну жакшыртуу максатында “Жайыттар жөнүндө” КР Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кербен шаардык Кеӊешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын      4-февралындагы №  4 токтомун  карап жана талкуулап  чыгып,Кербен  шаардык  Кеӊешинин VIII чакырылышынын  кезектеги   үчүнчү сессиясы

Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

            1. 2021-жылда  Кербен  ЖПБнын  аткарган  иштери  канааттандырарлык   деп  табылсын.

            2. 2022-жылга Кербен жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин  бюджетинин  кирешеси – 553554,0  сом суммасында; чыгашасы -553554,0  сом суммасында эсептелсин. (№ 1 тиркеме).

            3. Кербен  шаарынын  аймагындагы  жайыттарга:

Жылкы, уй  үчүн-50 сом, кой,эчки-10 сом  өлчөмүндө  акы  белгиленсин.

Башка  райондун , айыл  аймактардын  жайыт  пайдалануучулары  үчүн:

Жылкы,уйга-100 сомдон, кой,эчкиге-20 сомдон  белгиленсин (№ 3 тиркеме).

            4. 2022-жылга  Кербен  ЖПБнын  иш-планы  бекитилсин  (№ 2 тиркеме).

            5. 2022-жылга  Кербен  ЖПБга  3 (үч)  штат  бирдиги  берилсин. 

            6. Жайыт  пайдалануучулар  үчүн  жайлоого  көчүү  жылкыларга 2022-жылдын 15-апрелине, уй-койлорго 15-майына чейин, көчүп келүү  1-октябрынан кийин   белгиленсин.

            7.Жайлоого 15-майга  чейин  көчпөгөн, жайлоодон  1-октябрдан  эрте  келген  чабандарга, эгин  талааларына  түшкөн  бардык  малдарга   2017-жылдын 

28-апрелиндеги   КР  «Бузуулар жөнүндө» Кодексине  негиз  чаралар  көрүлсүн.

            8. Жайыт  пайдаланган  фермерлерди  өз  убагында  жайытка  көчүрүү   белгиленген  убакытта  кайра  көчүрүп  келүү  жагы  Кербен ЖПБга  жана  мэриянын  айыл  башчыларына  тапшырылсын.

            9. Жайыт  пайдалануучулар  бирикмесине  келген  фронталдык  погрузчик  келишимдин  негизинде  юридикалык   жактарга   бир  мото/саат  үчүн  3500 сом,

физикалык  жактарга  2500 сом, Кербен шаарынын мэриясына 2000 сом  кызмат   көрсөтүү  акысы белгиленсин.

            10. Кербен   шаарынын  мэриясына:

– 2022-жылда Кербен ЖПБнын бюджетинин 1/3 бөлүгүнүн  ( Кербен  шаарынын  бюджетине  кириштелүүчү)  каражаты – 84157,0 сом   кайрадан  өз  муктаждыктарын   чечүү  үчүн  ЖПБны   колдоого   бөлүнүп   берилсин;

-Жайыт  жыйымдарын  өз  убагында  жыйноого  мэрия  тарабынан  (салык  инспекторлор) көмөктөшүү  жагы  милдеттендирилсин.

-Кербен ЖПБ үчүн  мэриянын имаратынан иш бөлмөсү  уюштурулуп берилсин.

            11. Кербен шаарына тиешелүү малды жайыттарга туура жайгаштыруу, анын санын тактоону жакшыртуу боюнча биргеликте иш алып барууну уюштуруу максатында токой чарбага, жаратылыш коругуна жайыт пайдаланучулар тарабынан берилген арызда ветеринардык кызмат, айыл башчы, жайыт бирикменин макулдугу жок өткөрбөө жагы Падыша-Ата жаратылыш коругунун жетекчисинен суралсын.

            12. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

            13. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

            14. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы,  Кербен шаардык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Надырбековго  жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы:                                       Ж.Омуралиев

Кербен ш. 16.02.2022ж. № 3/3

Тиркеме  № 1

                                                                                                                              Кербен  шаардык  Кеңешинин   2022-жылдын  16-февралындагы     № 3/3   токтому  менен  бекитилген

   2022-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин 

               жайыттарды   пайдалануу   боюнча   жылдык   планы

КирешелерСом
1Уй  3662 х 50184650,00
2Жылкы  935 х 5047000,00
3Кой-эчки   13150ШМБ  2630х10 02                     23064,00
 Бардыгы254714,00
   
 Кызмат көрсөтүүдөн түшчү сумма298840,00
 Бардыгы553554,00
ЧыгашаларШтат  бирдигисом бардыгы
1Төраганын эмгек акысы 12 айга18000 96000 
2Эсепчинин эмгек акысы 12 айга15000 60000 
  3Айдоочунун   эмгек   акысы  12 айга         1                  5000  60000216000,0
4Соцфонд  17,25%  37260 
Бардыгы :                  253260,0
5Администрациялык чыгым – 56600
Кагаздар  үчүн4300 
Иш  сапарга   16000 
Аренда офис 12х1500    18000 
Түрдүү чыгым      
6Автоунаа   чыгымдары 
Бензин, салярка55224 
Авто   оӊдоо  иштерине 28142  
Бардыгы:83366,00
7Жайыттарды  калыбына келтирүүгө90471 
8Кирешенин 1/3 бөлүгү 84157 
Кыргыз  жайытынын  взносуна 1000  
9.Союз  ЖПБ  взносуна 3000 
Жалпы :  4000,00
 Бардык чыгым Кербен ЖПБ  553554,00
      

                                                                              Тиркеме 

Кербен  шаардык  Кеңешинин   2022-жылдын  16-февралындагы     № 3/3   токтому  менен  бекитилген

 2022-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин жайыттарды  оңдоо   боюнча  жылдык  иш-планы

К/ №Аткарыла   турган   иштердин  мазмунуУчасткасы ЖПБ
1Курулуш айылынын Киндик-Таш жайытына баруучу жолдорду оӊдоо жана суу ичүүчү тосмону тазалооКиндик Таш Унгар-Ата50318
2Сөгөт жайытындагы мал суу ичүүчү жайды жана жолдорду оӊдоо ,Талды-Булак башатын оӊдоо.Сөгөт17900
3Күлүк-Дөбө айылынын Сатар-Черик жайытына баруучу жолдорду оӊдоо,Чериктеги жууткананын айрым жерлерин калыбына келтирүү иштерин жасоо.Сатар Черик18600
4Ак-Дөбө айылынын Кара-Жыгач, Ак-Сай жайытындагы   жол жана кечүүлөрдү оӊдооКара-Жыгач Ак-Сай29560
5Ортоӊку  Сарыташ, Тегерек, Көк-Дөбө, алыскы Көк-Ала Теке, Музтөр, Минжылкы жайлоолоруна баруучу  жол жана көпүрөлөрүн оӊдооМуктаж жерлерге43550
6Ар кандай аралаш иштер үчүн (жаратылыштын ар кандай кырсыктарынан) ж.б. иштеринеМуктаж болгон убакта14700
 Бардыгы: 174628

                                                                                              № 3  тиркеме

1.Кербен   шаарынын   жайыттарын  пайдалангандыгы                                 

              үчүн  төлөнүүчү  жайыт  акынын  өлчөмү

Малдын аталышыБир  баш  малга  жайыт  акы (сом)Эскертүү
1Уйларга        50Жаз 03,04,05 айлары, куз 10,11 айларына
2Жылкыларга        50        Жаз 03,04,05 айлары, куз 10,11 айларына
3Кой-эчкилерге        10Жаз 03,04,05 айлары, куз 10,11 айларына

           2. Башка  райондор, айылдык  аймактар  үчүн  жана   жайлоого  кетпеген, айылда  калган  малдар  үчүн

Малдын аталышыБир  баш  малга  жайыт  акы     (сом)Жайлоого көчпөгөн малдар үчүнЭскертүү
1Уйларга100       500Малдын түрүнө карабай 1 башка
2Жылкыларга100       500       -/-
3Кой-эчкилерге20       100      -/-

Кербен шаардык Кенешинин жооптуу катчысы: Д.Алиев

Админ
Автору Админ February 25, 2022 11:01