Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 8-апрелдеги № 4/6 токтому

Админ
Автору Админ April 21, 2022 15:39

                                    

Кербен шаарындагы мектепке чейинки муниципалдык мекемелердин тамак-ашка болгон тарифтери, алардын сапаты жана дары-дармектер менен камсыздоонун абалы жөнүндө

         2022-жылга жеке ишкер, подрядчы А.Баястанова Кербен шаарынын бала бакчаларын азык-түлүк менен камсыздоо боюнча өткөрүлгөн тендерде 2945903 сомдук тамак-аш продукциясын  утуп алган.ОсОО «Нур-Ислам-Марлес» 1717228 сомдук тамак-аш продукциясын 2022-жылдын 1-кварталы үчүн 8 бала бакча боюнча утуп алган.

         Туруктуу комиссия балдар-бакчалардагы сатылып алынып жаткан азык-түлүктөрдүн сапаты менен таанышып чыкканда  сливочное масло Беловодск – 1 кг. май 474 сомдон коюлган, а факт «особое сливочное растительное масло» келген 1 кг май 225 сомдон туура келет. Сапаты боюнча туура келбейт ичи маргарин, эритип көргөндө суу чыкты. Баалар боюнча  474-225 = 249 сом айырмачылык менен сапатсыз май алынып келинген. 3 бала бакчаларга азык түлүктү ушул жеке ишкерлер тарабынан жеткирилгендиктен  продукциялары бирдей сапатсыз, өзгөчө печенье 1 кг 160 сомдон өткөн, факт 100 сомдук сапатсыз канты жок печенье алып келинген, коржик тендерден 1 кг. 100 сомдон өткөн, факт сапатсыз канты жок, чоюлчаак, содасы көп коржик алып келинген, токоч 1 кг. 100 сомдон өткөн, 60-70 сомдук содасы көп, сапсары, чоюлчаак сапатсыз токоч алып келинген, сүт 1 литрин 65 сомдон пастерленген коробкадагы сүт тендерден өткөн, факт жергиликтүү уй сүтү алып келинген, алардын инфекциялык ооруларга сертификаты жок, тендердин мыйзамдарын бузуп Шүкүралиева алып келгенин  комиссия мүчөлөрү көрдү. Бала-бакчаларда томат, шекер, туз жок, ата-энелерден чогулткан акчага алып берип жатышат, нанды өздөрү даярдайт. Идиш-аяк жуучу каражаттар жетишсиз, азыркы учурда кир самын, сода, шыпыргы, жок.      Ал эми дары-дармектер боюнча тендерден 9325 сомдук дары өткөн, анын ичинен 7750 сомдук дары жок, факт 1535 сомдук калдык дарылар бар, тендерди уткан ишканага, жеке ишкерге укуктук баа берип, кара тизмеге киргизүү зарыл.

          Жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин   VIII-чакырылышынын  кезектеги  төртүнчү  сессиясы

                            Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

  1.  ОсОО «Нур-Ислам-Марлес» жана жеке ишкерлер Баястанова, Шүкүралиевалар аркылуу келген тамак-аш продукциялары талапка жооп бербегендиги белгиленсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясына бала-бакчалар үчүн тамак-аш менен камсыздоону утуп алган ОсОО «Нур-Ислам-Марлес» жана жеке ишкерлер Шүкүралиева, Баястановаларды кара тизмеге киргизип жана тендер өткөрүүдөгү кемчилдиктер, сапатсыз азыктар алынып жаткандыгы кечиктирилгис чараларды көрсүн.
  3. Кербен шаарынын мэриясына бала-бакчаларда тамак-аш жана дары-дармектер менен камсыздоодо кетирилген орчундуу кемчиликтерди тез арада четтетүүнү жана ФЭБнүн башчысы Ыманбай уулу Бакытка кетирген кемчилиги үчүн чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
  4. Муниципалдык  бала-бакчалардын башчыларына тендердик  комиссиялар аркылуу гана мэриянын өкүлүнүн катышуусунда азык-түлүктөр өткөрүлүп берилсин, сапатсыз, талапка жооп бербеген продукция кайтарылып берилсин жана аны көзөмөлдөө жагы бала-бакчалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
  5.  Идиш-аяк жуучу каражаттар менен өз убагында камсыздоо, тазалыкты ар дайым сактап аны көзөмөлдөө жагы мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
  6. Бала-бакчалар үчүн тамак-ашка жана дары-дармекке тендерлер ачык айкын өткөрүлсүн.
  7. Бала-бакчаларга сатылып алынуучу азык-түлүктөргө баалардын өзгөрүшү жана тарбиялануучуларга берилүүчү тамак-аштын наркы өскөндүгү жөнүндө ата-энелерге, бала-бакчаларга кат жөнөтүү Б.Ыманбай уулуна жүктөлсүн.
  8. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  9. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
  10.  Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, боюнча туруктуу  комиссиянын   төрайымы Г.Дербишовага  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык 

Кеӊешинин   төрагасы:                             Ж.Омуралиев

Кербен ш. 08.04.22ж. № 4/6

Админ
Автору Админ April 21, 2022 15:39