Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 4/4 токтому

Админ
Автору Админ April 21, 2022 15:50

Кербен шаарынын борборундагы башаламан соода жүргүзүүнү жана автотыгындарды жөнгө салуу жөнүндө

         Кербен шаарынын борборундагы башаламан соода жүргүзүүнү жана көчөлөрдөгү автотыгындарды тартипке келтирүү жана калктын коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана шаардык Кеӊештин  өнөр жай, транспорт, курулуш жана соода боюнча туруктуу  комиссиянын 2022-жылдын  18-мартындагы

№ 6-токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин 

VIII-чакырылышынын  кезектеги  төртүнчү  сессиясы

                                                           ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарынын мэриясына бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү аткаруу милдеттендирилсин:

-Кербен шаарынын “Ак-Кайыӊ” дүкөнүнүн жанындагы автокасса жабылсын.

-Кербен шаарынан сыртка болгон каттамдар (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, айылдар) бардыгы Кербен автобекетине жылдырылсын, мөөнөтү 1-июнга чейин.

-Кербен шаарынын көчө боюндагы бак-дарактар иретке келтирилсин.

-Башаламан соода жүргүзгөндөр тез арада “Таш-Дөбө базарына, борбордук базарга жылдырылсын жана мындан ары көчөдө соода жүргүзүүгө тыюу салынсын.

  • Кербен автобекети тез арада жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн керектүү болгон минимум шарттарды түзсүн.
  • Кербен шаарында тартипти орнотуу боюнча шаардын мэриясы комиссия түзсүн жана бардык депутаттарды комиссияга киргизүү жагы сунушталсын.
  • Аксы РИИБи  көчөдөгү башаламан сооданы токтотуу жана автотыгынды жөнгө салуубоюнча  көмөктөшүү жагы суралсын.
  • Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  • Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
  •  Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы өнөр жай, курулуш, транспорт  жана соода  боюнча   туруктуу  комиссиянын   төрагасы  М.Айтмырзаевке   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                             Ж.Омуралиев

Кербен ш. 08.04.22ж. № 4/4

Админ
Автору Админ April 21, 2022 15:50