Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 4/3 токтому

Админ
Автору Админ April 21, 2022 15:54

Кербен шаарынын суу пайдалануучуларына таза-суу пайдалангандыгы үчүн тарифтерди кароо жөнүндө

         “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жанаЖергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына жана  ылайык, жана шаардык Кеӊештин  бюджет, финансы боюнча туруктуу комиссиянын 2022-жылдын  29-мартындагы № 13-токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезектеги  төртүнчү  сессиясы

                                                           ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарынын суу пайдалануучуларына таза-суу пайдалангандыгы үчүн тарифтери 2014-жылдын 5-мартындагы № 8/5 “таза ичүүчү сууну пайдалангандык үчүн тарифтердин өлчөмдөрү жөнүндө” Кербен шаардык Кеӊешинин токтомунун негизинде белгиленсин.
  2. “Кербен суу-канал” МИ таза суу пайдалангандыгы үчүн эсептөөнү 5.03.2014-ж. № 8/5 токтомдун негизинде жүргүзсүн жана тарифтерди топтоодо Кербен шаарын таза суу менен камсыздоону өркүндөүү боюнча ЕБРРдин кредиттик линиясы боюнча баа саясатында тоскоолдуктардын аягына чыккандан кийин тарифтерди кайра кароо улантылары белгиленсин.
  3. МВФ тарабынан каржыланган “Кербен шаарын таза суу менен камсыздоону жакшыртуу” долбоору боюнча абдан сапатсыз иш жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, 2021-жылы долбоор тийиштүү адистердин катышуусусуз кабыл алынып калгандыгы белгиленсин жана бул токтом УКМКнын Аксы бөлүмүнө юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлсүн.
  4.  Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  5. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
  6.  Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы айыл чарба жана суу ресурстары  боюнча   туруктуу  комиссиянын   төрагасы  Ж.Надырбековго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                             Ж.Омуралиев

Кербен ш. 08.04.22ж. № 4/3

Админ
Автору Админ April 21, 2022 15:54