Кербен   шаардык   Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги №4/7 ТОКТОМУ

Админ
Автору Админ June 27, 2022 12:29

Кербен шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана

маркумду эскерүү ырым-жырымдарын

өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо

 

      КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «КР үй-бүлөлүк каада-салтанаттарды жана маркумду эскерүү салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө» №54 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында,Кербен шаардык Кенешинин VIII-чакырылышынын  кезектеги  төртүнчү  сессиясы

                                                       

                                      ТОКТОМ    КЫЛАТ :                                                                                                      

 

      1 . Кербен шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү      

         ырым- жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо         

         бекитилсин(тиркелет)

2.Кербен шаарынын мэриясы жогорудагы жобону жетекчиликке алсын жана   

   жер-жерлерде тиешелүү иш алып барсын.

3.Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий,  

   билим берүү, саламаттыкты сактоо, боюнча туруктуу  комиссиянын    

   төрайымы Г.Дербишовага  жүктөлсүн.

 

 

                    

Кербен   шаардык 

Кеӊешинин   төрагасы:                                                     Ж.Омуралиев

 

 

                                                                                       Тиркеме

Кербен шаардык Кенешинин

2022-жылдын 8-апрелиндеги

№4/7 токтому менен бекитилди

  

Кербен шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана

 өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын

өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо

 

  1. Жалпы жоболор жөнүндө
  2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
  3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
  4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

5.Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

5.1.  Шаардык комиссиясы

  1. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

  1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү”  №54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

1.2. Жобонун максаты шаардын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

 

  1. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

2.1.Шаардын аймагында  үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону  иштеп чыгуу үчүн шаардын мэринин буйругу менен курамы,мэриянын кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.

2.2.Ушул жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда  талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, мэриянын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.

2.3.Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.

 

  1. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

 

3.1.Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, ажы той, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, үй-бүлөлүк майрам катары белгиленген салтанаттарын 100 адамдан ашырбай өткөрүү.

3.2. Юбилейлик иш чараларды жана үйлөнүү үлпөт тойлордо ысырапкерчиликке жол бербөө  3 (2 жеӊил жана 1 жүргүнчүлөрдү ташуучу 16 орундуу)    автоунаадан ашык чыгарбоо, чакырылган адамдын саны 250 дөн ашпоого тийиш.

3.2. Мааракелерге (аш берүү, кандайдыр бир жашка  толгонун  белгилөө) жакын  туугандары  менен өткөрүү же анын ордуна көчөгө шагал төгүү, таза суу чыгаруу, айылды  жарыктандыруу, жетим  жесирлерге муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү мааракенин  ээсине сунуш кылынат. 

3.3. Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана башка иш-чараларды өткөрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен макулдашуу.

 

  1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

 

4.1.  Сөөк коюуда маркум менен коштошууга жана жаназа окууга катышуучулардын санын чектебөө.

 

4.2. Кара ашка маркум өткөн үйдөн 2-3 үй алысыраакта кошунасы же  туугандардыкында 1 баш кой союлуп, жаназага  алыстан  келген конокторду  күтүү.

4.3.Аза күндөрү бүткөндөн (3 күндөн)  кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук ирээтинде куран окутуу жөрөлгөсүн өткөрүү.

4.4. Сөөк коюуда жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди пайдаланууга жол бербөө.

4.5. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келүүчүлөрдүн түйүнчөк, сарпай же кийит көтөрүп келүүсүнө, ырымдап сандык ачууга  «көк кийди», «ак кийди», «тон жапты»  «жыртыш таратуу»  сыяктуу ырым-жырымдарды жасоого тыюу салынат.

4.6. Сөөк коюудан кийин болуучу баарын салтыбызга шылтап «үчтүк», «бейшембилик», «кырк», «жылдык» деген жат көрүнүштөрдү өткөрүүгө тыюу салынат.

4.7. Маркумдун уул-кыздары жана жакындары бир айда жандык союу менен эскерүү иш-чарасын өткөрүү.

4.8. Орозо жана Курбан айт майрамдарын салттуу  маркум өткөн үйгө барып куран окуу, ыксыз чыгымга жол бербөө менен үй-бүлөлүк майрам катары белгилөө.

4.9. Аза күндөрү бүткөндөн кийин маркум узатылган үйдө атайын бир күндү белгилебей, каалаган убакытта бир жолу эскерүү иш-чарасын өткөрүү.

 

  1. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

Жобого ылайы кайыл аймактардагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, көзөмөлдөө  боюнча мэриянын алдындагы түзүлгөн комиссия иш алып барат.

5.1.Шаардык  комиссия

5.2.1.Шаардык  комиссия Кербен  шаарынын  мэриясынын  алдында   түзүлөт. Анын курамына тиешелүү мамлекеттик мекеме уюмдардын жана Кербен шаарынын мэри,Шаардык Кеңештин депутаттары, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Шаардык комиссия мэрдин буйругу менен бекитилет.

5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда  маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.

5.2.2. Шаардык комиссия бул иште жалпы жетекчилик кылат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жалпылайт, аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт, комиссияда  маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт, жергиликтүү комиссиялардын чечимдерине даттанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн райондук комиссияга сунуш киргизет.

 

  1. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.

6.1. Шаардын аймагында,  үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандыгы үчүн  жарандарга 100 миң сом айып пул салуу жана тиешелүү органдарга токтоосуз маалымат берүү, мэрия тарабынан тиешелүү чараларды көрүү.

 

 

 

 

       Кербен шаардык Кенешинин төрагасы:                                      Ж.Омуралиев

 

Админ
Автору Админ June 27, 2022 12:29