Кербен   шаардык   Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 20-июлундагы №5/3 ТОКТОМУ

Админ
Автору Админ August 8, 2022 08:50

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин                                                     VIII чакырылышынын  кезектеги бешинчи сессиясы

 

Кербен шаарындагы мектепке чейинки муниципалдык мекемелердин тамак-ашка болгон тарифтери жана Кербен шаардык Кеӊешинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги   Кербен шаарындагы мектепке чейинки муниципалдык мекемелердин тамак-ашка болгон тарифтери, алардын сапаты жана дары-дармектер менен камсыздоонун абалы жөнүндө”

№ 4/6 токтомунун аткарылышы жөнүндө

 

Кербен шаардык Кеӊешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 26.05.2022-жылдагы № 11 «Кербен шаарындагы мектепке чейинки муниципалдык мекемелердин тамак-ашка болгон тарифтери жана «мектепке чейинки муниципалдык мекемелердин тамак-ашка болгон тарифтери, алардын сапаты жана дары-дармектер менен камсыздоонун абалы жөнүндө” шаардык Кеӊештин № 4/6 токтомунун аткарылышы тууралуу” токтомдорун карап, талкуулап чыгып, КР “ЖМА жана ЖӨБ органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык   Кербен  шаардык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  бешинчи  сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кербен шаарындагы мектепке чейинки муниципалдык мекемелердин тамак-ашка болгон тарифтери өзгөртүүсүз калтырылсын жана бир балага  бир күнгө мэрия үчүн – 18 сом, ата- энелер үчүн – 25 сом экендиги белгиленсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясы, Аксы СЭС бөлүмү менен биргеликте бала-бакчаларда тарбиялануучуларга берилүүчү азык-түлүктөрдүн тарифке ылайык келген бир күндүк нормасын жана түрлөрүн аныктоо боюнча жумуштарды тез арада аягына чыгарып, бала-бакчалардын жетекчилерине маалымкатты жеткизсин.
  3. Азык-түлүктөрдүн сапатын козомолдөп туруу үчүн ар бир бала бакчада 11 мүчөдөн түзүлгөн, курамында ата энелер жана мэриянын өкүлдөрүнөн,  бала-бакча кызматкерлеринен, депутаттардан турган  комиссия түзүлсүн, ал эми келген азык-түлүктөр бала бакча тарабынан түзүлгөн комиссия аркылуу кабыл алынсын.
  4. Бала бакчалар боюнча №220510330524819 номерлүү конкурсту (тендер) жокко чыгаруу сунушталсын.

 

 

 

  1. Кербен шаардык Кеӊештин 08.04.2022-жылдагы № 4/6 токтому толук аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
  2. Бала-бакча жетекчилерине, кайрадан тендер откоруу учун, керектүү азык-түлүктүн тизмесин шаардын мэриясына беруу жагы тапшырылсын.
  3. Сапатсыз алынган азык-түлүктөр боюнча бала-бакчалардын жетекчилери жоопкер экендиги эскертилсин жана аны көзөмөлдөө жагы бала-бакчалардын жетекчилерине жуктолсун.
  4. С.Качыкеев атындагы Таш-Дөбө жалпы билим берүү мектебинин эски от жагуучу жайын (Котельный) мүмкүнчүлүгү  чектелгендер үчүн ишкана уюштурууга  беруу жагы мэрияга сунушталсын.
  5. ЖКХны тез арада бөлүү жана өз алдынча иштеп кетүүсүнө шарт түзүү шаардын мэри Н.Козубаевге милдеттендирилсин.
  6. Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.
  8. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим беруу, саламаттыкты сактоо,  регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн.

 

 

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                       Ж.Омуралиев

20.07.2022-ж.

Админ
Автору Админ August 8, 2022 08:50