Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 25-августундагы № 6/4 токтому

Админ
Автору Админ September 1, 2022 14:39

 

Кербен шаардык Кеӊешинин 08.04.2022-жылдагы “Кербен шаарында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” № 4/7 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүү-толуктоо киргизүү жөнүндө

            Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 23-августундагы  “Кербен шаардык Кеӊешинин 08.04.2022-жылдагы “Кербен шаарында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” № 4/7 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүү-толуктоо киргизүү жөнүндө “ № 12 токтомун КР “ЖМА жана ЖӨБ органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык

карап жана талкуулап чыгып  Кербен  шаардык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезексиз  алтынчы  сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кербен шаарынын мэриясы, Кербен шаардык Кеӊешинин 08.04.2022-жылдагы “Кербен шаарында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” № 4/7 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүү-толуктоо киргизүү” боюнча элдүү пункттарда чогулуштарды өткөрүп, калктын макулдугун эске алуу менен шаардык Кеӊештин кароосуна киргизсин.
  2. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.
  4. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим беруу, саламаттыкты сактоо,  регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн.

 

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                                Ж.Омуралиев

Кербен ш. № 6/4   25.08.2022-ж.

Админ
Автору Админ September 1, 2022 14:39