Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 25-августундагы № 6/2 токтому

Админ
Автору Админ September 1, 2022 14:48

Кербен шаарында турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

Кербен шаардык Кеӊешинин кзексиз алтынчы сессиясы белгилейт:

Кербен шаарында 30,0 миӊ калк жашайт калктын муктаждыктарын канааттандырып, жашоо денгээлин көтөрүү жана шаарды көрктөндүрүп өнүктүрүү максатында “Кербен тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасы түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн баштоо алдында турат. Кербен шаарында  таштанды чыгарууда төлөнүүчү кызмат акы эсеп боюнча элдин 70 пайызы камтылганда  тариф – 56 (элүү алты) сомго туура келет. Элдин  жашоо денгээлин эске алып, аларды колдоо үчүн  чыгымдын -29,0 сомун мэрия тарабынан колдоо,  калк үчүн -27,0 сомдон бекитип берүү зарылчылыгы бар.

Кербен шаардык Кеӊешинин өнөр жай жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 17.08.2022-ж. № 8  “Кербен шаарында турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна жана  Кербен шаарынын мэриясынын 24.08.22ж.  № 3-34/488 кайрылуусуна негиз КР “ЖМА жана ЖӨБ органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык жогорудагы маселени карап чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезексиз  алтынчы  сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап Кербен шаарынын аймагында турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча 1 айлык тарифтердин өлчөмү бекитилсин:

– Кербен шаарынын калкы үчүн, 1 адамга – 27,0 сом;

-Мекеме-уюм, коммерциялык жана башка ишканалар үчүн, тиркемеге ылайык (тиркелет);

  1. Кошумча кызмат көрсөтүү акысы:

-Саркынды сууларды ташуу, 1м3 үчүн – 500,0 сом;

-Ажаткана калдыктарын ташуу , 1м3 үчүн – 800,0 сом;

-таштанды полигонуна өз күчү менен ташып келүү, 1м3 үчүн – 120,0 сом өлчөмүндө белгиленсин.

  1. Кербен шаарынын мэриясы:

– 2022-жылга ар бир ай  үчүн  жаӊы түзүлгөн “Кербен тазалык жана көрктөндүрүү”         муниципалдык ишканасына турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын ташып

чыгаруу  жана  жайгаштыруу үчүн, 1 адамга  – 29,0 (жыйырма тогуз)  сом өлчөмүндө

( 30 000 х 70% = 21 000) субсидия берсин.

– жаӊы түзүлүп жаткан “Кербен тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык                      ишканасына ар тараптуу колдоо көрсөтсүн.

 

 

 

 

 

 

– 2022-жылдын аягына чейин Кербен шаарынын бюджетинин эсебинен “Кербен

тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык  ишканасына 2 000,0 миӊ сом                                                                          баштапкы айландыруу каражаты катары бөлүп  берсин.

  1. Кербен шаардык Кеӊешинин 19.03.2015ж. “Кербен шаарында турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу,ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча жергиликтүү жыйымдарды киргизүү жөнүндө”  № 13/7 токтому жокко чыгарылсын.
  2. Кербен шаарынын мэриясына:

-жаӊы түзүлүп жаткан “Кербен тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык

ишканасына ар тараптуу колдоо көрсөтсүн.

  1. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  2. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб сайтында  жарыялангандан  кийин    күчүнө  кирет.
  3. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кербен шаардык Кеңешинин өнөр жай, транспорт, курулуш жана соода боюнча  туруктуу комиссиясынын төрөгасы

М. Айтмырзаевга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                                            Ж.Омуралиев

Кербен ш. 25.08.2022-ж. № 6/2

 

Токтом 6,2 от 25.02.22

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

Кербен шаардык Кеӊешинин 2022-жылдын                                   25-августундагы № 6/2 токтому менен бекитилген

 

Кербен шаарынын аймагында турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча мекеме-уюм, коммерциялык жана башка ишканалар үчүн 1 (бир) айлык тарифтердин өлчөмү

Катуу тиричилик таштандыларын
чыгаруучу жайлар
Ѳлчѳѳ бирдиги жылдык норма ТБО м3 1м3 ТБО баасы Бир айга (сом) Бир жылга (сом)
1 Кербен шаарындагы коомдук тамактануучу мекемелер (ресторан, кафе, бар, ашкана, самсакана ж.б.) 1 адам олтуруучу орунга 0,3 235 5,9 70,5
2 Тандырга бышырылуучу нан азыктарын даярдап чыгаруучу жайлар жана самсаканалар 1 тандыр 2 235 39,2 470,0
3 Керек-жарак, γй-тиричилик буюмдарын сатуучу соода борборлор, чоң жана майда дγкѳндѳр ж.б. 1 м2 аянты 0,2 235 3,9 47,0
4 Кγнγмдγк керектелγγчγ азыктарды сатуучу соода борборлор, чоң жана майда дγкѳндѳр ж.б. 1 м2 аянты 0,3 235 5,9 70,5
5 Напитки, мороженное, жарма, кымыз, чербет и др 1 место 1 235 19,6 235,0
6 Базарлар 1 м2 аянты 0,05 235 1,0 11,8
7 Сактоочу жайлар (склад) 1 м2 аянты 0,3 235 5,9 70,5
8 Автовокзал жана аэропорт 1 м2 аянты 0,04 235 0,8 9,4
9 Автоунаалар токтоочу жайлар 1 место 2 235 39,2 470,0
10 Автоунаа ондоочу жана жуучу жайлар, АЗС 1 м2 аянты 0,25 235 4,9 58,8
11 Ооруканалар бир орунга 1,6 235 31,3 376,0
12 Поликлиникалар, дарыканалар жана китепканалар 1 м2 аянты 0,3 235 5,9 70,5
13 Мейманканалар жана эс алуу борборлору 1 орунга 0,7 235 13,7 164,5
14 Балдар бакчалары (мамлекеттик) 1 орунга 0,4 235 7,8 94,0
15 Балдар бакчалары (жеке) 1 орунга 0,4 235 7,8 94,0
16 Мектептер 1 окуучуга 0,3 235 5,9 70,5
17 Мектеп-интернаттары 1 окуучуга 0,3 235 5,9 70,5
18 Атайын окуу жайлары (училища) 1 окуучуга 0,3 235 5,9 70,5
19 Жогорку окуу жайлар жана техникумдар 1 окуучуга 0,3 235 5,9 70,5
20 Кинотеатрлар 1 орунга 0,4 235 7,8 94,0
21 Ишканалар (банк-финансы  жана өндүрүшү жок мекемелер) 1 кызмат-керге 0,6 235 11,8 141,0
22 Тейлѳѳ тармактары (чачтарач, тигγγ жайлар, ѳтγк ондоо жайлар, хим.тазалоо, сγрѳтканалар, ж.б.) 1 орунга 1,2 235 23,5 282,0
23 Мончолор, ажатканалар жана сауналар 1 м2 аянты 0,3 235 5,9 70,5
24 Интернет, букмекер  клубдар 1 м2 аянты 0,3 235 5,9 70,5
25 Машыгуу залдары, футзалдары, фитнес клубдар 1 м2 аянты 0,1 235 2,0 23,5

 

Кербен шаардык Кеӊешинин жооптуу катчысы                                                         Д.Алиев

 

Админ
Автору Админ September 1, 2022 14:48