Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №7/7 токтому

Админ
Автору Админ October 6, 2022 10:12

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз  жетинчи сессиясы

ТОКТОМ 

Кербен шаарынын Ильич көчөсүнө эмгек ардагери Мамыров Абдылланын ысмын ыйгаруу жөнүндө.

          Кербен шаарынын Ильич көчөсүнө эмгек ардагери Мамыров Абдылланын ысмын ыйгаруу жөнүндө Кербен шаарынын мэринин  кайрылуусун жана Ильич көчөсүнүн жашоочуларынын 24.04.2022-жылдагы   токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз жетинчи сессиясы

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 1.Кербен шаарынын   Ильич көчөсүнө эмгек ардагери Мамыров Абдылланын ысмы ыйгарылсын жана ал көчө “Мамыров Абдылла  атындагы көчө”, – деп аталсын.

2.Кербен  шаарынын  мэриясы  көрнөктөрдүн  формасын, өлчөмүн  аныктап жана  анын  туура  жайгашуусун  жана  жазылуусун  көзөмөлгө  алсын.

3.Ат  коюу  салтанатын  уюштуруу, ат коюуга байланыштуу пайда болгон чыгымдардын ордун толтуруу  жана   Кербен   шаарынын  мэриясы  менен  макулдашылган   формадагы, өлчөмдөгү   көрнөктөрдү  жасап  илдирүү  жагы  аты   коюлуп   жаткан   инсандын   үй-бүлөсүнө   жүктөлсүн.

4.Кербен   шаарынын   мэриясы, токтомду   аткарууга   алсын  жана  өзүнүн  иш-кагаздарын, маалымат  базасын  токтомго  ылайык  келтирсин.

5.КР  Өкмөтүнүн  2014-жылдын  22-октябрындагы  № 610  токтому  менен  бекитилген

«КР даректерди  ыйгаруу  жана  даректүү  каттоону  жүргүзүү  тартиби   жөнүндө” жобонун 25-пунктуна  негиз, тиешелүү   өзгөртүүлөр  боюнча   даректүү  каттоого алуу  жагы  “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.

6.Бул токтом КР Өкмөтүнүн 22.10.2021-жылдагы № 228 токтомунун 6-пунктуна ылайык, калкты жана турак үйлөрдү каттоо өнөктүгү аяктагандан кийин мараторий алынганда күчүнө кирери белгиленсин.

7.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана каттоо үчүн  Жалал-Абад  областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

8.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында  жарыялансын.

9.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу  комиссиянын  төрайымы Г.Дербишовага  жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы:                                          Ж.Омуралиев  

Кербен шаары, токтом №7/7, 22.09.2022-ж.

Админ
Автору Админ October 6, 2022 10:12