Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №7/4 токтому

Админ
Автору Админ October 6, 2022 10:59

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз  жетинчи сессиясы

Т О К Т О М

Кербен  шаарынын  № 1 «Жеткинчек»  мектепке чейинки билим берүү уюмуна  Кыргыз  Республикасынын  мыкты  мугалими, ардагер  Шырдаков Анаркул Тойчиевичтин   ысмын  берүү   жөнүндө  

             Кербен  шаарынын  № 1 «Жеткинчек»  мектепке чейинки билим берүү уюмуна  Кыргыз  Республикасынын  мыкты  мугалими,  ардагер  Шырдаков Анаркул Тойчиевичтин   ысмын  берүү   жөнүндө элдик  жыйындын  токтомдорун  жана  Кербен  шаардык  Кенешинин  мыйзамдуулук, социалдык  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын  2022-жылдын  12-сентябрындагы  № 12 токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып  Кербен  шаардык  Кенешинин VIII чакырылышынын  кезексиз жетинчи   сессиясы

Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

 1.Кербен  шаарынын  № 1 «Жеткинчек»  мектепке чейинки билим берүү уюмуна  Кыргыз Республикасынын  мыкты  мугалими, ардагер  Шырдаков Анаркул Тойчиевичтин   ысмы  берилсин жана ал “Анаркул Шырдаков атындагы № 1 “Жеткинчек”мектепке чейинки билим берүү уюму”,- деп аталсын.

2.Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын,өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана  жазылуусун көзөмөлгө  алсын

3.Ат коюу салтанатын  уюштуруу  жана  келип чыккан өзгөртүүлөргө байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруп, Кербен  шаарынын мэриясы  менен  макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап  илдирүү  жагы  аты   коюлуп   жаткан   инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.

4.Кербен  шаарынын мэриясы,токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.

5.КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 «КР  даректерди  ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна негиз,тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы  “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.

6.Бул токтом КР Өкмөтүнүн 22.10.2021-жылдагы № 228 токтомунун 6-пунктуна ылайык, калкты жана турак үйлөрдү каттоо өнөктүгү аяктагандан кийин мараторий алынганда күчүнө кирери белгиленсин.

7.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

8.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» вебсайтында жарыялансын.

9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана этика маселелери   туруктуу комиссиянын төрайымы  Г.Дербишовага тапшырылсын.  

                         

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы:                                          Ж.Омуралиев

Кербен ш. токтом №7/4, 22.09.2022-ж.

Админ
Автору Админ October 6, 2022 10:59