Кербен шаардык Кенешинин кезексиз сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №7/1 токтому

Админ
Автору Админ October 6, 2022 11:40

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз жетинчи сессиясы

Т О К Т О М           

Кербен шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана 2022-жылдын алты айында аткарылган иштердин абалы тууралуу                          мэр Н.Козубаевдин  маалыматын угуу жөнүндө                                                                             

          Кербен шаарынын мэриясы тарабынан Кербен шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана 2022-жылдын алты айында аткарылган иштердин абалы тууралуу мэр Н.Козубаевдин  маалыматын угуп,карап  жана талкуулап чыгып, Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз жетинчи сессиясы

Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

1.2022-жылдын алты айында Кербен шаарынын мэри Н.Козубаевдин аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.

2.Кербен шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар 2022-жылдын жыйынтыгы менен каралсын.

3.Мүлк жана айыл-чарба багытында эмес жерлердин салыктарын жана салыктардагы көмүскө киреше булактарын тактоо,инвентаризация жүргүзүү жагы Кербен шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.

4.Кербен шаарынын мэриясы бюджеттик каражатты максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын жана бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча иш чараларды уюштурсун.

5.Бул токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү жана  каттоо үчүн  Жалал-Абад областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

6.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын   төрагасы   Б.Мавляновго   жүктөлсүн.

 

Кербен  шаардык 

Кенешинин  төрагасы                           Ж.Омуралиев

Кербен ш. токтом №7/1, 22.09.2022-ж.

Админ
Автору Админ October 6, 2022 11:40