Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 16-ноябры № 8/3 токтому

Админ
Автору Админ November 21, 2022 09:35

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезектеги сегизинчи сессиясы

Т О К Т О М

Кербен шаарынын борборундагы сквердин маселеси жөнүндө

Анарбек Абдыкадыров скверди 2011-жылдан ушул күнгө чейин алып иштетип келет. Бирок ушул күнгө чейин ал жерде эч кандай оӊдоо түзөө иштери жана жарандардын эс алуусу үчүн шарт жаратып бере алган жок. Бүгүнкү күндө ал жерде соода сатык иштери гана жүрөт. Элибиздин эс ала турган жерлери жок, сквердин айлана тегереги тосмолонуп ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн эмес. А.Абдыкадыров өзү арендада отуруп башка бирөөлөргө субарендага берип бизнес үчүн өз кызыкчылыгын ойлоп көркү жок гриль сатуучу, санитардык нормалардын талабына жооп бербеген оокат-аштарды жасап сатууда жана тамак-аштын калдыктарын, таштандыларды, идиш жууган сасыган сууларды дарактардын түбүнө төгүп антисанитарияга жол берип, чымын чиркей, мышык, жолбун иттердин жайына айландырды. Скверди арендага берүүдөн баш тартып ал жерди чыныгы скверге айландыруу милдети турат. Депутаттар мэрия менен биргеликте ал жерге жакшы проект түзүп элге эс алуусуна шарт түзүү зарыл.

Ал жердин азыркы акыбалы талапка жооп бербейт, каалаган адам келип өзүнүн соода сатыгын жүргүзөт, соода бүткөн мезгилде  баардык жагы мусорго айланат, элементардык отурганга скамейкалар жок, темир, решеткалар кыйшайган. Ал жерди чыныгы скверге айландырып, түнкү жарыктарды жандырып, жолуна брусчатка бастырып, газонго жасап клумбаларды коюп көрктөндүрүү, скамейкаларды, фонариктерди коюп Кербендин жашоочуларына жана келген коноктордун эс алуусуна шарт түзүү учурдун талабы. Жогорудагы маселени карап  жана талкуулап чыгып, Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги сегизинчи сессиясы

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарынын мэри скверди А.Абдыкадыровго ижарага берүү келишимин жокко чыгаруу боюнча чара көрсүн.
  2. Кербен шаарынын мэриясы чукул мөөнөттө 18-ноябрь 2022-жылга чейин сквердин чек арасын аныктасын. 
  1. Сквердин проектисин тандоо боюнча дизайндык конкурс уюштурулсун.
  2. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»  веб сайтында жарыялангандан кийин  күчүнө кирет.
  1. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим беруу, саламаттыкты сактоо,  регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн.

 

Кербен   шаардык

Кеӊешинин   төрагасы:                                      Ж.Омуралиев

Кербен ш. токтом № 8/3 16.11.22ж.

Админ
Автору Админ November 21, 2022 09:35