Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 15-мартындагы № 17/5 токтому
Окшош макалалар
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
Т О К Т О М
2019-жылга “Кербен сууканал” муниципалдык ишканасынын
пландары жөнүндө
«Кербен сууканал» муниципалдык ишканасы 21.12.2017-жылы шаардык
Кеӊештин кезектеги сессиясынын № 8/2 токтому менен түзүлгөн. Сессияда
Кербен СОППВ ишканасынын бардык мүлкүн, жер аянттарын өткөруп алуу
жана жаӊы түзүлгөн «Кербен сууканал» муниципалдык ишканага ижара
негизинде пайдалануу боюнча көрсөтмөлөр берилген. Кербен шаарынын
мэриясы токтомду толук аткарбай,мүлк толук инвентаризациядан өткөн эмес.
2018-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 5110994 (беш миллион бир
жүз он миӊ тогуз жүз токсон төрт) сом болсо,аткарганы 4025518(төрт миллион
жыйырма беш миӊ беш жүз он сегиз) сом же 79 % аткарышкан.
2018-жылга түзүлгөн планга ылайык 1085478 (бир миллион сексен беш миӊ
төрт жүз жетимиш алты) сом аткарылбай калган.
«Кербен сууканал» муниципалдык ишкананы Кербен шаарынын мэриясы
көзөмөлгө алган эмес. Шаардык Кеӊеши таза сууну пайдалануу боюнча
тарифтерин бекитип берген. Бул боюнча мэрия көзөмөлдү күчөтүү зарыл.
2019-жылга «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын бюджетинин
киреше жана чыгаша бөлүктөрү 5218468 (беш миллион эки жүз он сегиз
миӊ төрт жүз алтымыш сегиз) сомго пландаштырган. Бул түзүлгөн пландарды
аткаруу боюнча мэрия менен биргеликте иш чараларды жүргүзүүсү зарыл.
Кербен шаарынын мэриясы «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасы
менен биргеликте таза суу трассасын, таза суу башатынын, таза суу кампаларынын,
таза сууну бөлүүчү жана скважиналардын жер аянттарын тактап, мамлекеттик
каттоодон өткөрүү маселелерин чечүү керек. «Кербен сууканал» муниципалдык
ишканасынын атайын техникасы (эксковатор) жоктугуна байланыштуу ар тараптан
техникаларды ижарага алып иштетип жатат. Ошондуктан эксковатор алып берүү
зарылдыгы бар. «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын резерви көп.
Кербен шаарынын калкына таза суу менен камсыздоо мэриянын негизги милдети.
«Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын 2018-жылга бюджетинин
аткарылышын, 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн, штат
бирдиктерин талкуулап жана карап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин
VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.2018-жылкы Кербен шаарынын «Кербен сууканал» муниципалдык
ишканасынын аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин.
2.2018-жылы «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасы жыйылбай
калган (недоимка) 1085476 сом боюнча иш чараларды жүргүзсүн.
3.2019-жылга «Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын бюджетинин
киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөнкүдөй бекитилсин:
Киреше бөлүгү – 5218468 сом (№ 1 тиркеме);
Чыгаша бөлүгү – 5218468 сом (№ 2 тиркеме).
4.«Кербен сууканал» муниципалдык ишканасынын штат бирдиги тиркемеге
ылайык бекитилсин (№ 3 тиркеме).
5.Кербен шаарынын мэриясы:
«Кербен сууканал» муниципалдык ишканасына пайдаланууга өткөрүп берген
суу башатынын, суу кампалардын, скважиналардын, суу бөлгүчтөрүн, администрациясынын
конторасынын жана башка жерлердин жер аянттарын тактап чыгып мамлекеттик
каттоодон өткөрүү боюнча иш чараларды жүргүзсүн.
6.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык
юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин
күчүнө кирет.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча
туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Н.Шадыбеков
Кербен шаары. 15.03.2019-ж. № 17/5
Тиркеме № 1
Кербен шаардык Кенешинин
2019-жылдын 15-мартындагы
№ 17/5 токтому менен бекитилди
«Кербен Сууканал » МИ бюджетинин киреше бөлүгү.
2019 – жыл
К/н |
Суу пайдалануучу кожолуктардын саны бардыгы-3234
|
Сумма |
Үйүндө колонкасы бар кожолуктун саны
Двор 1217колонка*150сом=182550*12=2190600
|
||
Көчөдөн ташып ичкендердин ,кожолуктун саны
2017кож*40сом=80680*12=968160
|
||
Жалпы суунун көлөмү 1 жылга – | ||
Үйүндө колонкасы бар суу пайдалануучулардын кирешеси 1 айда (сом) 182550 сом
Үйүндө колонкасы бар суу пайдалануучулардын кирешеси 1 жылда (сом) |
2190600 |
|
Көчөдөн ташып ичкен суу пайдалануучулардын
кирешеси 1 айда (сом) . 80680 сом Көчөдөн ташып ичкен суу пайдалануучулардын кирешеси 1 жылда (сом) |
968160 |
|
Ашкана,мончолордон киреше
|
180000
|
|
Мекеме ишканалардан киреше
|
1879708 | |
Жалпы : киреше сом .
|
5218468 | |
ТАРИФ. | ||
Үйүндө колонкасы бар бир кожолукка -150 сом | ||
Көчөдөн ташып ичкен ар бир кожолукка -40сом. | ||
Мекеме ишканалар – 1 м3- 11,38 сом . | ||
Кафе,мончолорго – короосунда суу бар
болсо- 1000 сом |
||
Көчөдөн ташып ичсе- 500 сом |
Кербен шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы: Д.Алиев
Тиркеме № 2
Кербен шаардык Кенешинин
2019-жылдын 15-мартындагы
№ 17/5 токтому менен бекитилди
«Кербен Сууканал» муниципалдык ишканасынын бюджетинин
чыгаша бөлүгү
2019 –жыл .
1 | Эмгек акы | 2528400 | |
2 | Социалдык фондко төлөм | 436149 | |
3 | Налогко төлөм | 300000 | |
4 | Электр энергияга чыгым | 380000 | |
5 | Насос сатып алууга | 197400 | |
6 | Техникаларды жалдап иштетүүгө (наем) | 144000 | |
7 | Хлор үчүн чыгым | 18000 | |
8 | Кызматтык сапарга чыгымдар | 80000 | |
9 | Канц. товарга чыгым | 36000 | |
10 | Запастык тетиктерди сатып алууга (ремонт) | 226833 | |
11 | Атайын кийимдер | 19700 | |
12 | Байланыш кызматы. | 24000 | |
13 | Мебель сатып алуу үчүн | 50000 | |
14 | Бензин жана күйүүчү майлар | 220000 | |
15 | Унаа үчүн запастык тетиктер | 50000 | |
16 | Насос ремонттоо үчүн | 120000 | |
17 | Лечебный | 210700 | |
18 | Келишим менен иштегендерге эмгек акы | 84000 | |
19 | Премиалный (контролерлорго) | 30000 | |
20 | Ар түрдүү | 58761 | |
21 | Гигиеналык жуучу каражаттар | 4525 | |
Жалпы (сом). |
5218468 |
|
Кербен шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы: Д.Алиев
Тиркеме № 3
Кербен шаардык Кенешинин
2019-жылдын 15-мартындагы
№ 17/5 токтому менен бекитилди
МП Кербен сууканал»
Штат бирдиги 2019–жыл
К/н | Аталышы | Саны | Бир айлык
Эмгек акы |
1 жылдык
Эмгек акы |
Төрага
Башкы эсепчи Өндүрүш б-ча орун басар, материалдык жооптуу кызматкер . Мат.жооптуу кызматкер Мамлекеттик сатып алуулар б-ча адис Абоненттер боюнча адис Кассир отдел кадр –кассир Жардуу-Колот участкасынын жооптуу кызматкери, суу бөлүштүрүүчү Жетиген боюнча жооптуу кызматкер Нач.участка «Ак-Дөбө» Нач.участка «Беш-Коргон» Нач.участка «Курулуш » Нач.участка «Стамкулов» Күлүк-Дөбө боюнча жооптуу кызматкер Электрик Слесарь Слесарь сан-техник канализац. Сварщик Контролер Негизги суу бөлүүчүлөр (Ак-Дөбө) Суу бөлүштүрүүчү (Күлүк-Дөбө) Суу бөлүштүрүүчү (Живпром ) Ак-Терек кароолчусу Линейный слесарь Кашка-Суу трассасынын суу бөлүштүргүчү (водовод) Жетиген скважинасынын кароочусу Больница боюнча жооптуу кызматкер Шофер |
1
1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 2 1 1 7 2 1 1 3 1 1 1 1 1
|
12000
10500 10500 5500 7000 5600 7500 5000 5100 6000 6000 6000 6000 4500 4000 12000 6000 6500 35000 9000 4000 3500 12000 4000 6000 4000 3500 4000 |
144000
126000 126000 66000 84000 67200 90000 60000 61200 72000 72000 72000 72000 54000 48000 144000 72000 78000 420000 108000 48000 42000 144000 48000 72000 48000 42000 48000 |
|
Бардыгы : – | 38 | 210700 | 2528400 |
Кербен шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы: Д.Алиев