Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 21-майындагы № 18/5 токтому

Админ
Автору Админ May 29, 2019 11:07

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  сегизинчи  сессиясы

                                         Т О К Т О М

              Кербен  шаарынын  Чангылов  атындагы  көчөсүнүн
                                           маселелери   жөнүндө

Кербен  шаарынын  Чангылов  көчөсүндө  жайгашкан  күркөөлөрдүн,  соода
түйүндөрүнүн  ижара  келишимин  кайрадан  узартып  берүү  боюнча  Кербен
шаарынын  мэри  кайрылган.

Жогорудагы  маселени  караган  Кербен  шаарынын  айыл  чарба, суу  ресурстары
боюнча  туруктуу  комиссиясынын  2019-жылдын 14-майындагы № 10 токтомун
талкуулап  чыгып, “КР  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  жөнүндө”
Мыйзамынын  31-беренесинин  2-пунктуна  негиз, Кербен  шаардык  Кеӊешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  сегизинчи  сессиясы

                                         ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.Кербен  шаардык  Кеӊешинин  16.08.2016-жылдагы  № 24/1 токтомунун
экинчи  пункту  жокко  чыгарылсын.

2.Кербен  шаарынын  Чангылов  көчөсүнүн  боюндагы  муниципалдык  жерлерди
аукциондун  гана  негизинде  берүүгө  макулдук   берилсин.

3.Аукционго  коюлган  жерлердин  бир  айга  1м2  үчүн  баштапкы  баасы-250 сом
суммасында  сунушталсын.

4.Бул токтом мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

5.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин
күчүнө   кирет.

6.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы,  суу  ресурстары, муниципалдык
мүлк  жана  агрардык  маселелер   боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасы
Ы.Сарыевге  жүктөлсүн.

 

Кербен   шаардык
Кеӊешинин   төрагасы:                                           Н.Шадыбеков


Кербен  шаары, 21.05.2019-ж. № 18/5

Админ
Автору Админ May 29, 2019 11:07