Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 30-августундагы №9/4 токтому

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:25

     Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  он  тогузунчу  сессиясы

                                                         Т О К Т О М

          Кербен  шаарынын  мэриясына  Жалал-Абад  өнүктүрүү  фондусунан  «ХОВО» автомашинасын  жана  эксковатор  сатып  алууга  макулдук  берүү  жөнүндө

            Кербен  шаарынын  мэриясы    Кербен  шаарынын  көчөлөрүн, жолдорун  калыбына  келтирүүдө, муниципалдык  обьектилерди  кышка  даярдоодо   көмүр, отун  материалдарын  ташып  келүүдө  мэрияга  кыйынчылыктар   болуп   жаткандыгын   билдирген  жана  Кербен  шаарынын  муниципалдык  менчигине   Жалал-Абад  өнүктүрүү  фондусунан  ХОВО   үлгүсүндөгү   автомашинасын  жана  эксковатор  алуу, ошондой  эле  1100,0  миӊ  сом  өздүк   салымы  үчүн  2019-жылдын  бюджетинин  чыгаша  бөлүгүндө  каралган  чыгымдардын  эсебинен  ХОВО   үлгүсүндөгү   автомашинасын  алууга каралган  каражаттын  эсебинен  жүргүзүүгө  макулдук  берүү  боюнча  өтүнүч  келтирген  жана  бул  маселе  Кербен  шаардык  Кеӊешинин  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиясында  каралып, 26.04.2019-ж. № 59 токтому  кабыл  алынган.         “КР  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  жөнүндө”  Мыйзамынын  31-беренесинин  биринчи  пунктуна  негиз, жогорудагы  маселени  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII чакырылышынын  кезексиз  он  тогузунчу  сессиясы

                                            Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаарынын   мэриясына   1 (бир) даана  «ХОВО»  үлгүсүндөгү  автомашинасын   жана  эксковаторду  муниципалдык  менчикке  Жалал-Абад  өнүктүрүү  фондусунан    алууга   макулдук   берилсин.

2.Кербен  шаарынын  мэриясына   алдын  ала  төлөм  үчүн  керектелүүчү  1100,0 миӊ  сом  2019-жылдын  бюджетинин  чыгашасында  каралган  № 3111  «Имараттар  жана  курулуш» беренесиндеги  каражаттан  чыгымдоого  уруксат  берилсин  жана  шаардын  бюджетине  өзгөртүү, толуктоо   киргизүү  боюнча  сунушун  берсин.

3. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

4. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

5. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын  төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                                          Н.Шадыбеков

Кербен ш. 30.09.2019-ж. №9/4

Админ
Автору Админ September 30, 2019 07:25