Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 5 мартындагы 22/8 токтому

Админ
Автору Админ March 30, 2020 15:26

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырма экинчи  сессиясы

                                              Т О К Т О М

Кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк жана курулуш бөлүмүнө убактылуу оператор штатын кармоого макулдук берүү жөнүндө.

         Жогорудагы маселе боюнча Кербен шаарынын мэринин 21.02.2020-жылдагы № 3-34/135 сандуу кайрылуусун жана  шаардык Кеӊештин бюджет,финансы,пландоо жана  арыз даттануулар маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын 2020-жылдын 25-февралындагы № 69 токтомун карап жана талкуулап чыгып,  Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын  кезектеги  жыйырма экинчи  сессиясы

                                      ТОКТОМ     КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарындагы идентификацияланган үй жандыктарын мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча Кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик жана курулуш бөлүмүнө 1 жылдык мөөнөт менен 1 (бир) штат бирдигин киргизүүгө макулдук берилсин.       
  2. Бул убактылуу берилип жаткан штат бирдигинин мыйзамдуулугу боюнча жоопкерчилик Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевге жүктөлсүн.
  3. Кербен шаардык Кеӊешинин 18.12.2019-жылдагы кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын 21/3 токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
  4. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад   областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  5. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб – сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
  6. Бул  токтомдун   аткарылышын   көзөмөлдөө жана жагы шаардык Кеӊештин финансы , бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Момуновго тапшырылсын

 Кербен   шаардык  Кенешинин  төрагасы :                                             Н.Шадыбеков 

Кербен ш. 5.03.2020ж № 22/8

Админ
Автору Админ March 30, 2020 15:26