Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 4/2 токтому

Админ
Автору Админ April 21, 2022 15:57

2021-жылга Кербен шаарынын  бюджетинин аткарылышы жөнүндө

         “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жанаЖергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 2021-жылга  Кербен  шаарынын  бюджетинин аткарылышы жөнүндө бюджет,финансы боюнча туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 29-мартындагы № 10-токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин  VIII-чакырылышынын  кезектеги  төртүнчү  сессиясы

                                                           ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.Төмөнкүлөр  бекитилсин:

            – 2020-жылга  Кербен  шаарынын  бюджетинин  аткарылышы 

Киреше  бөлүгү  боюнча – 60491,1 миң  сом  суммасында (№1 тиркеме);

Чыгаша  бөлүгү  боюнча –  63240,1 миң сом  суммасында  (№2 тиркеме);

            – Резервдик  фонддун  чыгымы – 486,1  миң  сом суммасында ( № 3 тиркеме);

            – 2021-жылдын  1-январына  калган  бюджеттик  калдыктын  чыгымы- 17649,2 миң  сом  суммасында  аткарылганы  белгиленсин.

2. Атайын  каражат:

            -Киреше  бөлүгү  боюнча – 3566,4 миң  сом  суммасында (№ 4 тиркеме);

            -Чыгаша  бөлүгү  боюнча – 3337,9 миң сом  суммасында  (№ 5 тиркеме);

            – 2021-жылдын 1-январына  атайын каражат калдыгы – 476,8 миң  сом  суммасында  аткарылганы   белгиленсин.

3.2022-жылдын 1-январына бюджеттик калган калдык – 14209,2 сом суммасында бекитилсин  (№ 6-тиркеме).

4.2022-жылдын 1-январына атайын каражаттан калган калдык – 674,2 миӊ сом. Бул каражат бала-бакчалардын, мэриянын муктаждыктарын чечүүгө багытталсын.

5.Бөлүнгөн каражаттарды тиешелүү бюджеттик беренелерге отургузуу жагы ФЭБ башчы Б.Ыманбай уулуна жүктөлсүн.

6. Кербен шаарынын мэриясы:

– 2021-жылдын  бюджетин  аткарууда  кетирилген  кемчилдиктерди  жоюу  боюнча  чараларды  көрсүн;

-Рекламалык шиттерди, техникаларды ижарага берүүдөн түшүүчү каражаттарды тактап чыксын;

-2022-жылдын бюджетин аткаруу, кемчилдиктерди жоюу боюнча 6 (алты) айдын жыйынтыгы менен кароо жагы сунушталсын.

7. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

8. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.

9. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча   туруктуу  комиссиянын   төрагасы  Б.Мавляновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык 

Кеӊешинин   төрагасы:                             Ж.Омуралиев

  • Кербен ш. 08.04.22ж. № 4/2

Тиркеме №1-6

Админ
Автору Админ April 21, 2022 15:57