Кербен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясынын 2022-жылдын 16-ноябры № 8/1 токтому

Админ
Автору Админ November 21, 2022 09:38

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын  кезектеги сегизинчи сессиясы

 

Т О К Т О М

Кербен шаарында муниципалдык менчикти башкарунун абалы жѳнүндѳ

 

Кербен шаарында социалдык объектер жайгашкан 31га жер бар, анын ичинен мектептер, балдар-бакчасы, мазарлар жана башкалар, айыл чарба багытында эмес 182717м2, айыл чарба багытында 3275 га.

2022-жылы бир нече жерлер муницапалдык менчикке кабыл алдынган: Таш-Дөбө тоосунун айланасы көрктөндүрүү үчүн 15,0 га,Таш-Дөбө участкасындагы көрүстөн 7,6 га, Күлүк-Дөбө айылындагы “Камыш-Көл” үстундөгү жерге мал камоо үчүн 0,04га, Күлүк-Дөбө-Кербен автожолуна дарбаза (арка) орнотуу үчүн 9м2, Кербен шаарынын МДС участкасындагы көп кабаттуу үйлөргө жаӊы ажаткана куруу үчүн 200м2, Жардуу-Колот участкасында балдар ойноочу аянча куруу үчүн 510м2 жерлери алынган.

Кербен шаарынын мэриясына жана жер адиске Кербен шаарынын Уметалиев жана Ниязалы көчөсүндөгү жайгашкан бардык айыл чарба багытында эмес жерлерди аныктап инвентаризация жасоо тапшырылган, бирок эч кандай иш болбоду. Жер башкарууда иштер өтө начар жүрүүдө. ФПСтин жерлерин өз ээлери иштетбей суб.арендага берилип кеткен.

Шаардык Кеӊеш тарабынан бир нече жолу бюджетти кѳбѳйтүү максатында токтомдор кабыл алынган, бирок эч кандай жыйынтык жок. ФПСтин жерлери аукционсуз эле түз берилген учурлар бар. Парктын четиндеги мыйзамсыз турган контейнер алынбай келүүдө. Кербендин борборунда башаламан соода өкүм сүрүп, мэрия тарабынан алгылыктуу сунуштардын жок экендигин сессия белгилейт.

Жогорудагы маселелерди карап  жана талкуулап чыгып, Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VIII чакырылышынын  кезектеги сегизинчи сессиясы

                                      ТОКТОМ     КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын мэриясы бюджеттин кирешесин көтөрүү максатында жерлерди инвентаризациялоонун аягына чыксын жана оор жүк ташуучу автотранспорттордун санын тактасын.
  2. 2021-2022-жылдар аралыгында Кербен шаардык Кеӊешинин мэриясынын дарегине жолдонгон токтомдорунун аткарылышы боюнча тиешелүү туруктуу комиссияларга маалымдалсын.
  3. Кербен шаарынын мэриясы Токтогул паркынын четиндеги муниципалдык жерде турган контейнер боюнча чукул чара көрсүн.

 

  1. Кербен шаарынын мэриясы:
  • Борбордук стадиондун четинен бизнес үчүн берилген токтомдорду кайра карап чыгып курулушу башталбаган жерге берилген токтомдорду жокко чыгарсын жана стадиондун тазалыгына көӊүл бурсун;
  • Курулуш айылындагы кызматтык үй салууга ажыратылган жерге берилген мамлекеттик актты жокко чыгаруу боюнча аракет көрүп жана ошол жерге социалдык обьектилерди курууга мамлекеттик акт алсын;
  • Айыл башчылардын ыйгарым укуктарын кеӊейтүү боюнча

укук -милдеттерин кайра карасын;

  • Скверде жайгашкан көрксүз курулуштардын статусун карап чыгып “Аманбай” чайханасынын санитардык нормалардын эрежесин бузган, антисанитардык көрүнүшкө жол бергендиги боюнча райСЭСке кайрылуу жөнөтүп, маселени чечсин;
  • Кербен шаарынын борборундагы кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар боюнча кечиктирилгис аракеттерди көрсүн;
  • Уметалиев көчөсүнөн паркка кирүүчү жолду жабуу сунушталсын;
  • Парктагы Октябрь Революциясынын каармандары үчүн орнотулган эстеликтин айланасын тартипке келтирүү сунушталсын.
  1. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү жана  каттоо үчүн  Жалал-Абад областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  2. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын   төрагасы   Б.Мавляновго   жүктөлсүн.

 

 

 

 

Кербен  шаардык

Кенешинин  төрагасы                    Ж.Омуралиев

Кербен ш. токтом № 8/1  16.11.22ж.

Админ
Автору Админ November 21, 2022 09:38